Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

Кыргызстанда элдин кайсы бир катмары исламдын ролунун жогорулашына кооптонуу менен карашары айтылып келет.

Кыргыз коомчулугунда динчилдер менен исламдашууга каршы болгон тараптардын идеологиялык күрөшү пайда болуудабы?

Талкууга коомдук ишмер, белгилүү журналист Нарын Айып жана дин маселелери боюнча эксперт Канат Мурзахалилов жооп берди.

Дин жана светтик коом

"Азаттык": Бизде светтик радикализм барбы? Соңку кезде байистүү коомду жактаган жарандарыбыз да аша чаап кетип жаткан жокпу?

Нарын Айып: Мага светтик деген сөз көп жакпайт. Бул орус тилиндеги свет, жарык деген сөздөн алынып колдонулуп жүрөт. Светтик деген сөздүн ордуна диний эмес же болбосо динге берилбеген, бейдин десек деле болот го. Диний эмес адамдардын радикализми дегенди динчилдер чыгарууда. Динге берилбеген адамдардын динди жоюп салуу керек, дин болбошу керек деп айтканын мен уга элекмин. Анткени билимдүү адам динчилдерди сыйлайт, дин тутунгандарга каршы кандайдыр бир сөздү айтканга оозу барбайт. Билимсиздер айтышы мүмкүн, бирок андайлар бери жакта деле толуп атпайбы. Ошол билими төмөндөр, өздөрүнө каршы чыккандардарды "светтик радикалдар" деп айтышууда. Чындыгында светтик радикалдар анчейин деле көп эмес, балким башынан аягына чейин динге каршы болгондор бар чыгар, бирок алар аябай аз.

"Азаттык": Канатбек мырза, жогоруда Нарын мырзанын айтканына кошуласызбы?

Хижабчан бирөө бала уурдаса, "динчил аял бала уурдады" деген маалымат жайылып кетүүдө. Чындыгында Кыргызстанда светтик радикализм деген нерсе бар жана бул өтө коркунучтуу.

Канатбек Мурзахалилов: Бул нерсе бүгүнкү кыргыз коомунун чындыгы. Коом азыр ашынган динчилдер, светтик радикалдар жана исламофобдор болуп үчкө бөлүнүп калды.

Бул нерсе күндөлүк турмушта, социалдык тармактарда, интернетте байкалат. Ошол эле хижаб салынуу, сакал коюу, мусулманча кийимдерди кийүү маселелеринин айланасындагы талаш-тартыштардан бул нерсени байкасак болот. Мусулманга кылмышкер катары карагандар бар. Хижабчан бирөө бала уурдаса, "динчил аял бала уурдады" деген маалымат жайылып кетүүдө. Чындыгында Кыргызстанда светтик радикализм деген нерсе бар жана бул өтө коркунучтуу. Диний радикалдар менен светтик радикалдардын көз карашындагы айырмачылык, ажырым жана ушунун негизиндеги күрөш коом үчүн өтө опурталдуу.

Ажырымга жеткирген чабалдык

Нарын Айып: Советтик мезгилде атеизм болгон. Мына ошону радикализм десе жарашат. Бирөө өлгөн жерге куран окуп койсо, аны чогулушуна салып, партиядан чыгарган мезгил болгон да. Бирок эгемендүүлүктү алгандан кийин бүткүл коом, менин оюмча элдин 90 пайызы, динди жактырып, ишенип калышты. Эгер ошол динге бурулгандан кийин алдыга жылуу, прогресс болсо, элдин баары макул болмок. Бирок динчилдер эмне кылып атышат? Миң жыл мурдагыга кайтуу керек дешет. Башка динге өткөндөр болсо куугунтукталып, ага көрүстөндөн жер бербей жатышпайбы. Бул эмне деген шермендечилик? Ошого кантип адамдар чыдайт. Светтүүлүктү жактагандар ушул радикализмге каршы чыгып жатышат да.

Сыдыков: Ала-Букадагы окуя жүрөгүмдү тилип кетти

Пианист Азамат Сыдыков АКШда өткөн концертин диний араздашуудан улам сөөгү үч жолу жерге берилген алабукалык аялдын элесине арнады.

Канатбек Мурзахалилов: Дин ишеними, бул адамдын ички ишеними, ички сезими, туюму болуп эсептелинет. Жоолук салынабы же салынбайбы, диний кийим киеби же кийбейби, аны ар бир динчил ички сезимине таянып жасайт.

Нарын Айып: Бирок ички туюм болсо анда эмне сыртына хижаб кийип, башкаларга мен ушундаймын деп көрсөтүшү керек? Жоолук салынып жүрүүнү, сакал коюуну, дамбал кийүүнү таңуулоо деп эсептейм. Анткени эл башкача кийинип жүрсө, ал хижаб кийип, мен ушундаймын, мен муну элдин баарына көрсөтүшүм керек, мен динчилмин деп ошону таңуулоодо.

Анан да жоолук салынып барган жери мамлекеттик мектеп болуп жатпайбы. Эгер диний бир окуу жайына, медресеге этеги кыска көйнөкчөн аял келсе аны эмне кылышат эле? Андай кийингендер диний окуу жайларга барышса, бул жерде биздин тартипке баш ийгиле деп айтышат. Мектепке келгенде да биздин айтканыбыздай болсун дешүүдө. Мектепте жоолук салынганга болбойт деп башынан эле айтылбаганы, ушундай эреженин коюлбаганы - мамлекеттин кемчилиги болуп эсептелет.

"Кыргыз коомуна чыдамкайлык жетишпейт"

"Азаттык": Канатбек мырза, көчөдө өзү каалагандай дамбалын кийип, сакалын коюп, селдесин салынып дааватка кетип жаткан динчилдерди башка жарандар “буту кир экен”, “үй-бүлөсүн таштап талаалап жүрөт деп” сындап калышат. Аны да светтик радикализмге шылтайбызбы?

Канатбек Мурзахалилов: Биз дин эркиндигине байланыштуу укугубузду билген менен, милдеттерибизди, жоопкерчилигибизди билбей жатабыз. Ушундай мазактоолор коомду экиге бөлгөнү үчүн кагылышууга жеткириши ыктымал. Мына Орусиядагы "Будда бар", "Мекка кафе" деген эс алуучу жайлардын айланасында ар түрдүү талаш-тартыштар жүрүп жатат. Орусиядагы көз караштар бизге да келүүдө.

"Азаттык": Азыркы учурда мусулмандар жалгыз эле жеке жашоолорунун эле эмес, коомдун бардык тармактарынын исламдашуусун талап кыла баштаганын айтсак болобу? Өздөрү менен катар коомдун да исламга ылайык болуусун талап кылгандар жок эмес. Филармониянын астында бачата бийине каршы уюштурулган иш-чара ушуга мисал боло алабы?

Жоолук салынып барган жери мамлекеттик мектеп болуп жатпайбы. Эгер диний бир окуу жайына, медресеге этеги кыска көйнөкчөн аял келсе аны эмне кылышат эле?

Нарын Айып: Ошондой болуп жатат. Анткени бүткүл коом исламчыл болсун деген тенденция пайда болуп, жайылып жатат.

Канатбек Мурзахалилов: Эгер ушул сиз айткан нерсе мындан ары өрчүй берсе, анда коомдо диний негизде улут ичинде кагылышуулар болушу мүмкүн. Биз акырындап ливандашуу процессине жакындап бара жатабыз. Ошондуктан коомдо толеранттуулук, чыдамкайлык деген принциптерди үйрөтүшүбүз, жайылтуубуз керек.

"Азаттык": Коомдун бардык тармактарында исламды көргүсү келгендер светтүүлүктүн мааниси, дин мамлекеттен сырткары болуусу тууралуу аябай эле аз айтып жатышканына күбө болуудабыз. Мисалы, жума намаз үчүн түшкү тыныгуунун убактысын узартууга каршы болгондор мамлекеттин светтүүлүгүнө басым жасашты. Бирок узартууну талап кылгандар мамлекеттин светтүүлүгү жөнүндө ооз ачышкан жок жана керек болсо светтик мамлекетте да диний муктаждыктарды камсыз кылуу керектиги тууралуу ооз ачышпады. Исламдашууну жактагандардын светтүүлүк менен маселеси бар деп айтса болобу?

Канатбек Мурзахалилов: Мусулмандар ичинде исламий интеллектуалдардын жетишпегенинин айынан ушундай нерсе болууда. Светтүүлүктү жактагандар менен исламий интеллектуалдар сүйлөшсө, аларга жоопту интеллектуалдар, ошол эле аалымдар кеңеши берсе болот да. Бул исламий лидерлерибиздин пассивдүүлүгүн, интеллектуалдык элитанын аздыгын, алардын коомдук пикир боюнча алтернативдүү пикирин билдире албагандыгын көрсөтөт.

​Жумуш же жума намаз...

Ислам динин нечендеген кылымдар бою карманып келаткан Түркия менен Пакистанда жума күн иш күн жана иштегендер жума намазды иштеген жеринде эле окушат. Алар атайылап мечитке барып, намаз окуганын жарыялап көрсөтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептешет. Кыргызстанда намазды атайы мечитке барып окуу өзүн-өзү сооротуунун, өзүн-өзү алаксытуунун формасына айланып бараткан жокпу?

"Азаттык": Мамлекеттин светтүүлүгүн жактагандар көбүнесе советтик жана светтик тарбия алган адамдар болууда. Эмне үчүн светтүүлүктү мусулман аалымдар, интеллектуалдар жактап, биз светтик мамлекетте жашай алабыз, Кыргызстан светтик мамлекет бойдон калышы керек деп айтышпайт?

Нарын Айып: Эмне үчүн антип айтпай жатканына жооп берүү кыйын. Мамлекет динден сырткары болгондон кийин, анын калыптанып калган эрежелери бар. Эгер мусулмандар биздин диний сезимибизди урматтап ошол эрежелерди (түштөнүү убактысын) өзгөртүп бересиңерби десе, анда ошол талапты караса болот эле. Бирок “мындай кылабыз, мындай болушу керек, ушул гана туура” деп, талап кылып, таңуулоо түрүндө болуп жатат. Маселе ошол жактан чыгууда. Суранып, биздин динибиз ушуну талап кылат дебестен эле, жок ушундай болушу керек десе аны ким жактырмак эле. Талап агрессивдүү түрдө болуп жатпайбы.

"Азаттык": “Кайран элим кайда баратабыз” деген баннер чыкканда, “ох” дегендер, “дал ушундай болушу керек” дегендер да болду...

Нарын Айып: Чындыгында эле ошондой. Анткени диндин тарашы аябай эле агрессивдүү болууда. Светтик коомду жактагандар басмырланып жатат. Бир нерсе десе эле “сен эмне динге каршысыңбы?” дешет.

"Азаттык": “Сен эмне динге каршысыңбы? Сен исламга каршысыңбы? Сен мусулман эмессиңби?" деген сөздөр айтылууда. Ошол эле маалда мусулманча кийинип чыккандар деле “Сен эмне мамлекетке, светтүүлүккө, коомго каршысыңбы?” деген сөздөр айтылып жатат го?

Канатбек Мурзахалилов: Кыргызстанда исламдын негизги талаптарын аткарганга толук шарттар түзүлгөн. Ошондуктан укуктар менен катар милдеттерди да биле жүргөн жакшы. Бул жерде ультиматум эмес, консенсус жолу менен маселелер чечилиши керек. Талап радикалдуу түрдө коюлса, ага жооп да радикалдуу түрдө болот.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG