Линктер

12-июль кечке жуук Бишкектин ири көчөлөрүндө пайда болгон “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген жазуусу бар чоң баннерлер коомчулукта кызуу талаш жаратууда.

Айрымдар бул баннерлер коомчулукту экиге бөлүүчү чагымчыл мүнөздө деп баалашса, кээ бирөөлөр коомду диний радикалдашууга жеткирбөө үчүн мындай чакырыктарды жасоо зарыл деп эсептешет.

Баннердин ээси беш убак намаз окуган киши

“Кайран элим, кайда баратабыз?” деген баннерлер Бишкек шаарындагы негизинен байланыш операторлору ижарага алып жүргөн түркүктөргө илинген.

Ишенимдүү булактардан белгилүү болгондой, баннерлер сентябрь айында өтүүчү Көчмөндөр оюнун рекламалоого жардам иретинде бир нече айга оюндун уюштуруучуларына берилген. Бирок ага жеткирбей эле ал баннерлерге бирдей маанидеги сүрөттөрдү ким илгени ачык бойдон калууда.

Ош шаарында өткөн жыйындын катышуучулары. 27-май, 2016-жыл (Сүрөт "Турмуш" сайтыныкы)

Ош шаарында өткөн жыйындын катышуучулары. 27-май, 2016-жыл (Сүрөт "Турмуш" сайтыныкы)

Көчмөндөр оюндарын уюштуруучу катчылыгынын башчысы Нурдин Султамбаев мекеменин талаш жараткан баннерлерге тиешеси жоктугун билдирди:

- Көчмөндөр оюндарынын жарнамалары илине баштаганына эки-үч ай болуп калды. Азыркы убакта биз өзүбүздүн демөөрчүлөрдүн логотиптерин кошуп, баннер жасатып жатабыз. Булардын баары Көчмөндөр оюндарынын баннерлерди илүү боюнча концепциясынын негизинде иштелип чыккан. Ага ылайык, учурда бизде жарнамалар илинип жатат. Учурда даярдалып жаткандары да бар, алар жергиликтүү бийликтердин көмөгү менен жалпы Кыргызстандын аймактарына илинет.

Мэрия да бул баннерлерди илдиргендерди коопсуздук чаралары деген себеп менен атабай жатат. Мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алманбетова жарнамалык түркүктөрдүн ээлери менен келишим түзгөн бир фонд илдиргенин “Азаттыкка” маалымдады:

- Бул агартуучу фонд. Жетекчиси беш убак намаз окуган киши экен. Бирок ошентсе да өз көз карашын билдириптир. Биз бул баннерлерди алдырбайбыз. Анткени, мындай көз караштагы жарандарыбызды да колдошубуз керек. Демократиянын сыны кандай болот?

Жарнамалык түркүктөрдүн ээси, “Адвергрупп” компаниясынын өкүлү да ал жерлерге социалдык жарнама илинеринен гана кабары бар экенин “Азаттыкка” билдирди.

Кээ бир маалыматтар боюнча баннерлерге жогорку бийликке жакын «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун тиешеси бар.

Чагым чыгып кетпесин

Учурда сөз болуп жаткан баннерлер аябай талкууланып жаткан кези. Социалдык тармактарда исламдашуунун тарапкерлери менен андан коркунуч көргөн адамдар кызыл чеке болуп талашууда.

Биздин мамлекет тарабынан, коомчулук тарабынан исламды радикалдаштырбоо боюнча аракеттер көрүлүүсү зарыл. Бул бүгүнкү күндүн талабы.

Дин таануучу Кадыр Маликов бул нерсе чагымга алып келиши мүмкүн деп жарандарды сабырдуулукка чакырды:

- Баннердин мазмуну, социалдык мааниси, элге түшүндүрүү жагынан алганда идеясы жакшы. Бирок кептин баары аны алып чыгууда болуп жатат. Бул баннердеги үч сүрөттүн ортосундагы ак жоолукчан кыргызстандык кыздардын сүрөтү өтө осол колдонулган. Ал кыздардын хафиз деген атайын диний макамы бар, куранды жатка билишет. Алар эркектер аралашкан жерлерде жүзүн жаап жүрүшөт. Ушуну контексттен сууруп чыгып, кыргыздын кыздары бүгүн минтип жүрүшсө, эртең паранжы жамынат деген ойго байлоонун өзү туура эмес. Бул баннердин өзүн албаса да, андагы үч сүрөттүн экинчисин, ортодогусун алып салуу керек. Кыргыздар мурунку мезгилдерде кылбаган көп эле иштер азыр жасалып жатат, карылар үйүндө кыргыз ата-энелер толуп кетти, балдар үйлөрүндө кыргыздардын балдары көбөйдү. Мына ушуларды да токтотууга аракет жасалышы керек. Бул сүрөттүн пайда болушу коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты, социалдык тармактарда эки жаат болуп бөлүнүп, бири-бирин шыбагандар пайда болду. Ушундан улам мен мусулмандарды чагымга алдырбоого чакырдым.

Бул жарнамалар боюнча муфтият да көз карашын билдирип, баннердеги улуттук кийим динге каршы келбей турганын белгилеп, бирок баннердин мазмуну боюнча тиешелүү органдар иликтеп жатканын билдирген.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев бул жарнамада эч кандай чагымды көрбөй турганын маалымат каражаттарына билдирип чыкты. Молдалиев кара түстүү кийим кыргыздын улуттук баалуулуктарына каршы келерин белгилеп, баннердин ээси бул жарнама менен ошондой кара түстүү кийимге чүмкөнгөндөргө кайрылгандыр деп эсептейт.

Акыркы кездерде Кыргызстанда диндин айланасындагы талаш маселелер күч алган сыяктуу. Бир топ талаш жараткан жума намаз убактысы, Чубак ажы Жалиловдун телерадиолорго чыгуусуна чек коюлушу тууралуу маалыматтарды улай эми минтип, паранжыга каршы баннер чыгып отурат.

Атамбаев баннер илгендерди колдоду

Ал арада 14-июлда президент Алмазбек Атамбаев коомдо кызуу талкуу жараткан жарнактар Бишкекте гана эмес, республиканын бардык аймактарында илинишин каалайт. Бул тууралуу ал ушу тапта Бишкекте Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийин уюштурулган пресс-конференцияда айтты.

Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркел менен.

Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркел менен.

- Мен президенттик аппарат башчысына ошол баннерлерди илип жаткандарга финансылык жардам көрсөтүлсүн деп буйрук бердим, - деди Атамбаев.

Президент кыргыздар өмүр бою адал деп айтып келгенин, кийин эле халал деген сөз тараганын айтып, кийим маданияты да таңууланып жатканын белгилеп, зомбулук ушундайдан башталарын айтты.

"Чоочун маданиятты таңуулоого эч кимдин укугу жок. Динге жамынып таңуулап жатышат. Мен Куранды толук окуп чыккам, анда "адамды өлтүрүү бүткүл дүйнөнү жок кылуу менен барабар" деп жазылган" деген президент чыныгы ислам дини эч убакта зомбулукка үндөбөшүн белгиледи.

Исламды туура тутунуу зарыл

Социолог Топчугүл Шайдуллаева ашкере диндешүүнүн айынан бүтүндөй бир мамлекеттер кыйрап, эли тозуп жүргөнүн мисал келтирип, коомчулук мына ушуга жол бербөөсү тийиш деп эсептейт:

- Биздин мамлекет тарабынан, коомчулук тарабынан исламды радикалдаштырбоо боюнча аракеттер көрүлүүсү зарыл. Бул бүгүнкү күндүн талабы. Анткени бардык чоң маселе кичинекей нерседен көбөйүп, кичинекей көйгөйдөн от алат. Ошондуктан, биздин Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүн мусулмандар түзгөн эли ислам баалуулуктарын туура кабыл алып, ошол динди туура тутуп, ошо дин баалуулуктарын өз жашоосун жакшыртууга колдонууга тийиш.

Ошентсе да айрым серепчилер Ирак, Сириядагы согуштар коомчулукта кандайдыр бир деңгээлде кооптонуу жаратып, ашкере диндешүү, радикалдашуунун аягы кайда алып барат деген суроого такап жатканын белгилеп, баннердин ээлери мына ушул мааниде аны илдирген болуусу керек деп боолгошууда. Алар исламдагы радикалдашуудан кооптонгон коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан бир нече жылдан бери диндин ашепке жайылуусунан сактанып келе жатканын айтышат. Мисалы, Өзбекстанда аялдарга хижаб кийүүгө уруксат берилбейт, жаш балдардын мечит, медреселерге баруусуна жол жабык. Тажикстанда болсо эркектерге сакал коюу боюнча эрежелер кабыл алынган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG