Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Имамдардын билимин өнүктүрүү максатында Бишкекте башталган иш-чарада мамлекет кызматкерлери менен динаятчылар канткенде эриш-аркак иштеше алат деген маселе көтөрүлдү. Диний адистер оболу мамлекеттин динге мамилесин аныктап алууну сунушташууда.

Былтыр Ош, Жалал-Абадда орун алган улут аралык кагылыш, быйыл Араб өлкөлөрүндөгү толкундоолор ислам менен мамлекет, ислам менен коом ичиндеги өз ара мамилелерди башка нукка бурууга түрттү көрүнөт. Эки тарап тең жаңыча мамиле түзүү аракетин баштады.

Бишкекте башталган “Имамдардын билимин өркүндөтүү” деген аталыштагы иш-чарада да мамлекет кызматкерлери менен динаятчылар канткенде эриш-аркак иштеше алат деген маселе көтөрүлдү. Бирок тизмеде көрсөтүлгөн бир катар мамлекет, күч органдарынын кызматкерлери жыйынга катышкан жок.

Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов бири-биринен чочулаган жагдай дале бар экенин белгилейт.

- Мээсине, жүрөгүнө сиңип калган нерсени дубинка менен уруп эч качан чыгара албайбыз. Пикирди пикир менен дарылаш керек. Эриш-аркак дегеним бул - бир маселеде башкалардын пикирин угабыз. Ошол эле кезде дин ишмерлеринин пикирин эмнеге укпаш керек? Бири бирибизден чочулоонун кереги жок. Идеологиянын бир бөлүгү - динди келечек муунга тааныштырыш керек. Эгер биз бул тарбияны бербесек ал боштукту башкалар толтуруп атат.

Президенттик аппараттын өнүгүү, стратегиялык талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, дин маселелери боюнча адис Орозбек Молдалиев адагенде мамлекеттин динге болгон мамилесин аныктап алууну сунуштайт.

- “Хизб-ут Тахрир” менен жөнөкөй молдонун айырмасын билбеген адамдар болушу мүмкүн. Аны ошол молдолор айырмалап бериш керек. Ислам негиздери мектептерде окулбайт, анан кайдан билишет?

Кызматташтыктан ишенимге

Өлкө түштүгүндөгү этностор аралык жаңжал учурунда мечит имамдарынын айыпталып, оор кылмыштарга шектелип атышы дин кызматкерлерин бир сыйра силкинтип алды көрүнөт. Тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмуна мүчө адамдардын көбөйүшү да имамдардын билимин өркүндөтүүгө түртүп аткандай.

Сокулук районунун Ак-Башат айылынан сабак алуу үчүн келген молдо Жолдош Жанаев айыл өкмөттөрү менен масилеттешип иштешерин айтат.

- Акимдерге, айыл өкмөттөрүнө зыярат кылып турабыз. Алардын деле дин боюнча түшүнүгү бар. Чынында имамдардын билим деңгээли аябай түшүп кетти. Ошондуктан бир нерсе болсо эле "молдокелер келди, тиги, бул" дешет. Эмне десе эле “хизбут” дейби, айтор ошолорго алмаштырып атышат. Алар жардырып кетип атышпайбы.

Ош шаарындагы мечит
Ишеналы Арабаев атындагы университеттин ректору Төлөбек Абдырахмановдун айтымында, мамлекеттик кызматкерлерде динди жээрүү, качуу, чочулоо, четтөө байкалат.

- Түркияда да дин Конституциядан бөлүнгөн. Бирок дин менен мамлекет аябай жакшы жашап атат. Бизде чындыгында мамлекеттик кызматкерлердин көбү дин дегенде коркуп, качып, динди түртүп атат. Диндин мамлекетке кошкон салымын да четке кагып, түртүп салган болбойт. Экинчиден, мамлекеттик кызматкерлердин дээрлик бардыгы эле диндин маани-маңызын толук түшүнө элек.

Анткен менен муфтий Чубак ажы Жалилов соңку учурларда мамлекет менен дин кызматкерлери бири-бири менен көбүрөөк иштешип калды деп эсептейт.

Былтыркы июнь коогалаңынан кийин мурда кыскарып кеткен Президенттик администрациянын этникалык өнүгүү жана диний саясат бөлүмү ачылган. Бөлүм учурда динаятчылар менен бирге “Дин коопсуздугу” деген атайын программаны иштеп чыгууда. Анын алкагында имамдарды окутуу, күч органдары менен бирге иштешүү маселелери каралган.
Идеологиянын бир бөлүгү - динди келечек муунга тааныштырыш керек. Эгер биз бул тарбияны бербесек ал боштукту башкалар толтуруп атат.


Программанын негизги максаты туурасында бөлүм башчысы Аблабек Асанканов мындай дейт:

- Алар менен чогуу өнөктөш болуп иштеш керек. Ушул биздин негизги максатыбыз.

Имамдардын билимин өнүктүрүү максатында башталган бул иш-чара бир аптага созулат. Бишкек менен Чүй облусунан келген 60 имам ислам негиздери, имам менен коом ортосундагы мамиле, ислам жана коопсуздук жана башка темаларда лекциялар угушмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG