Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Жалал-Абадда өткөн илимий иш-чарада мамлекеттик гимн ойнолуп жатканда медреседе билим алган жоолукчан кыздардын турбай койгону коомдо бүйүр кызыткан талкууга айланды.

Мамлекеттик символдорду урматтоо ислам окууларына каршы келеби, өлкөнүн негизги атрибуттарына мамилени жакшыртуу кайдан башталып, кандай жүрүш керек, жаштардын улуттук, мамлекеттик баалуулуктарды жерип жатышына эмне себеп болууда? Ушул жана башка суроолорго “Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүнөн жооп издейбиз.

Президентке караштуу “Ыйман” фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, Бишкек шаарынын казысы Садриддин ажы Мажитов жана студент Саламат Иманов катышты.

“Азаттык”: Нуржигит мырза, Жалал-Абадда диний конференциянын ачылышында Кыргызстандын гимни ойнолуп жатканда турбай койгон кыздарга - "Айша-Садык” кыздар медресесинин тарбиялануучуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн облустагы казыяттан кабарлашты. Бул фактынын өзүн кандай түшүнсөк болот, сиз ал көрүнүштү кандай деп бааладыңыз?

Нуржигит Кадырбеков: Кыргызстан боюнча 70тей медресе бар, алардын канчоосу кыздардыкы экендигин билбейм. Бир окуяны карап, бардык медреселерде ушундай экен деген пикирге келбеш керек. Биз көрүп-билип эле жүрөбүз Кыргызстандын мурдагы-кийинки муфтийлери, аалымдар, имамдар ар кандай иш-чараларда гимн ырдалып жатканда эл менен кошо туруп, угуп эле жүрүшөт. Бир жердеги көрүнүш диний билим алып жаткан башка кыздар медреселерине зыяны тийбеши керек. Менимче, бул көрүнүш бир аз аша чабуучулук же мамлекетти сүйүүгө, урматтоого карата тарбиянын жетишсиздиги десек болот.

Медресеге кеткен кыздарга кайра мектепке жол жабылууда. Медреседен берген сертификат эч нерсеге жарабай жатат же кыздар кесипке үйрөнө албай орто жолдо калууда.

“Азаттык”: Нуржигит мырза, гимн аткарып жаткандагы турбай койгондорун кыздар “куранда, динде андай жазылган эмес” деп түшүндүрүп жатышпайбы, медреседеги кыздар кандай программада, кандай стандартта, эмне билим алышат?

Нуржигит Кадырбеков: Бул маселе боюнча Дин иштери боюнча комиссия менен муфтият биргеликте иш алып барып жатат. Бул багытта сөзсүз түрдө реформа керек. Мындан эки жыл мурда кабыл алынган концепцияда медреселерде дин таануу сабактарын окутуу программалары да каралган. Ага ылайык, медреселерде дин сабактарынан сырткары ошол эле табигый илимдер: математика, физика, химия, астрономия ж.б. сабактар окутулушу керек. Кыргызстандагы медреселерде азырынча окутуунун бирдиктүү стандарты жок. Азыр Арабаев атындагы университеттин алдындагы теология колледжинде диний жана светтик билим берүү үлгү катары окутулууда. Анын тажрыйбасы Кыргызстандын бардык диний медреселерине жайылтылат. Мекенди сыйлоо динде дагы парз, анын чоң атрибуту гимн эсептелерин баарыбыз билишибиз керек.

Дагы бир көйгөй, медресеге кеткен кыздарга кайра мектепке жол жабылууда. Медреседен берген сертификат эч нерсеге жарабай жатат же кыздар кесипке үйрөнө албай орто жолдо калууда. Ошондуктан атайын долбоор кылып, медреседе окуган балдарга жакын жашаган светтик мектептерден билимин улантууга мүмкүнчүлүк берели деген ойлор бар.

“Азаттык”: Саламат, бүгүн студент болсоңуз, кечээ сиз окуучу элеңиз, азыркы мектептерде мамлекеттик символдор жөнүндө сабак өтүлөбү, тарбиялык сааттар болобу? Болсо кандай деңгээлде, жаштар өз мамлекетинин символдорунун маанисин жетиштүү деңгээлде билеби, сыйлоо сезими кандай?

Саламат Иманов: Үчүнчү класстан бешинчи класска чейин мамлекеттик гимн, туу, герб качан кабыл алынган, алардын автору ким, кандай жасалганы айтылат, өтүлөт. Бирок биздин агай-эжелерибиз алардын маани-маңызын терең түшүндүрүп беришчү эмес. Ошондуктан көпчүлүк жаштар, анын ичинде мен дагы ага анча маани да берген эмесмин. Мен чет өлкөгө барганда көзүм ачылып, кичинекей балдардан өйдө мамлекеттик желектерди моюндарына илип, сыймыктанып, үйлөрүнүн көрүнүктүү жерлерине илип коюшканын көрдүм. Аларда балдарга кичинесинен үйрөтүшүп, айтышат экен. Бизде мугалимдер бир аз айтканы менен, ата-энелерден андай сөздөрдү укпайбыз. Мектептерибизде гимн ырдалып жатканда туруп кеткен же отуруп алган жагдайларды анча байкабасам да, көпчүлүгү элге кошулуп туруп, угуп эле коюшат. Бирок жүрөгүнөн, ички сезими менен берилип гимнди жаттап, аны аткаргандар өтө аз. Мен эки мамлекет курган университетте окугандыктан бардык иш-чараларда эки өлкөнүн гимндери аткарылат. Кыргызстандын гимнди ырдалганда кыргызстандыктардын 10 пайызы ырдашса, Түркиянын гимни аткарылса, түрк туугандар 100 пайыз туруп алышып, берилүү менен аткарышат.

Садриддин ажы Мажитов: Биринчиден, кыргыз мамлекетинде жашап жаткандан кийин анын жерин, элин, желегин, гимнин сүйүш керек, коргош керек. Куранда, пайгамбарыбыздын хадистеринде деле Ата Мекенди, элди коргош, сүйүш ыймандан деп айтылат. Эң негизгиси тарбиячы кандай болсо, тарбия алуучу да ошондой болот. Үйдөн дагы ата-энелер "эй, балам, мекенди сүй, ага кызмат кыл, анын мыйзамдарын сыйла", деп тарбия бериш керек. Андан кийин мектепте дагы дал ушул темага 10-15 мүнөт ажыратып, атайын айтып туруш керек. Бизге караштуу эки медреседе тең мекен жөнүндө көп айтылат, кастарлап, урматтоо, сыйлоо жөнүндө, гимнди жаттоо боюнча тарбия иштери жүрөт.

“Азаттык”: Нуржигит мырза, биз, кыздарды, жаштарды айтып жатабыз. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу ант бергенде Конституцияны жылдырып коюп, Куранды кармап ант берди эле. Ошентип ар ким каалаганын кыла бериш керекпи, мыйзамдын талабын аткарууга кантип жетишебиз?

Нуржигит Кадырбеков: Конституцияда, мыйзамдарыбызда эгерде ант берип жатканда Конституцияга кол койбосо мындай жазаланат деген берене болбогондон кийин ошондой кадамга барып жатышат окшойт. Турсунбай Бакир уулу өзү дагы эч кимге окшобогон киши эмеспи. Ушундай жагдайлар туулса кандай жоопкерчилик болуш керек, мүмкүн жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарылчылыгы келип чыгат. Убагында мыйзам чыгаруу бийлигинде отургандар бул депутатка чара көрүшсө болмок....

Дагы бир маселе, мисалы, “Жахабанын күбөлөрү” деген протестанттык диний агымдын өкүлдөрү аскерге барып кызмат кылышпайт, бул жерде дагы мыйзам бузуу бар. Мыйзам боюнча армияга барып кызмат кылуу ар бир эркектин милдети. Алар ар кандай компромисттерди издеп жүрүшөт...

“Азаттык”: Садриддин ажы, сиздин үйүңүздө же Бишкек шаарынын казысы катары иш ордуңузда мамлекеттин желеги барбы?

Садриддин ажы Мажитов: Үйүмдө жок, Кыргызстандын желеги кабинетимде бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG