Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Баш ооруга айланган диний сабатсыздык


Нарын.
Нарын.

Нарын шаарында дин таануу жана диний билим берүү, экстремисттик идеологиянын жайылышын алдын алуу маселелерин талкуулаган жыйын өттү.

31-мартта өткөн жыйынга облус аймагындагы жергиликтүү бийликтин, билим берүүчү мекемелердин жана диний уюмдардын өкүлдөрү, вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев да катышты.

Диний тармактагы мамлекеттик саясаттын 2014-2020-жылдар үчүн кабыл алынган концепциясынын алкагында өткөн жыйында негизги көңүл дин таануу маселесине бурулуп, биринчи кезекте мечит-медреселердин башында турган диний кызматкерлердин сабатына маани берүү керектиги белгиленди. Жыйынга катышкан Нарын мамлекеттик университетинин ректору Дамира Кемелова буларга токтолду:

- Диний билим берүү мамлекеттик окуу жайларда сөзсүз окутулсун деп белгиленген эмес. Коомчулукта динге байланышкан көйгөйлөрдү азайтуу үчүн ишти диний сабак берген медреселерден баштоо керек. Анткени алардын мугалимдеринин сабатсыздыгы ушуга алып келип жатат.

Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев ислам динин үйрөтүүгө багытталган медресе, окуу жайлар болгону менен диний сабатсыздык жоюлбаган бойдон калып жатканына кабатыр экенин билдирди. Анын пикиринде, диний сабатсыздык экстремисттик идеологиянын жайылышына жол ачууда:

- Азыр жаштарыбыз чет өлкөгө диний билим алганы кетип жатышат. Кээ бирөөлөр бүтүп келишти. Бирок алар ошол жактан көрүп келген ар кандай экстремисттик көз караштары менен бул жактагыларды да үндөп жатышат. Алар кандайдыр бир дин боюнча билим алганы менен жалпы билим деңгээли төмөн бойдон калып жатат. Анын айынан вахабизм, салафизм жана башка диний агымдарга кошулуп кетүүдө.

Ал эми Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынан келген мечиттин имамы Эсенаман Байгелдиев дин кызматкерлеринин ишин жакшыртуу, диний сабатсыздыкты жоюу багытында иштеши үчүн каржылоону көбөйтүү керек деген оюн айтты:

- Мен 20 жылдан бери айылдын имамымын. Азыр бирөөгө беш миң сом карыз элем, ошонун айынан тоодо мал багып жүрөм. Мен жайытта жүргөндө мечитке "вахабист" келеби же "хизбутчу" келеби билбейм. Ошондуктан бир кароолчунун айлыгын да берип койсоңор, анан акча жагынан көз карандысыз болуп мектепте, мечитте сабак өтөт элек.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев мамлекеттин диний ишмердикти каржылоосуна мыйзам жол бербей турганын, мечит-медреселерге Ыйман фонду аркылуу колдоо көрсөтсө болорун белгиледи.

Талкууга катышкан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, укук коргоо органдары, окуу жайлардын өкүлдөрү, казыят жана облустун бардык аймактарынан мечиттин имамдары облус аймагындагы дин жаатындагы көйгөйлөрдү ортого салышты.

Нарын облусунун калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин карманат. Ал эми өлкө боюнча тыюу салынган радикалдык-экстремисттик уюмдардын катарындагы "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө 27 киши Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын каттоосунда турат.

XS
SM
MD
LG