Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы диний кырдаалды коооптуу деп баалап, ал Коргоо кеңешинде талкуулана турганын билдирди.

Президент бул пикирин 3-апрелде Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда айтты.

Студенттерди мамлекет башчынын интернеттеги социалдык түйүндөрдү колдонууга болгон мамилесинен баштап, өлкөдөгү диний кырдаал боюнча пикирлери кызыктырды. Өз сөзүндө Атамбаев диний абалды кооптуу деп сыпаттады.

​- Дин көп жакшылык алып келиши мүмкүн. Бирок ал туура эмес жолго кетсе, өтө көп жамандык алып келет. Кыргызстанда акыркы он жылда мамлекет динди өз алдынча таштап койгон. Бизге ар кандай адамдар келип, өзгөчө жаштарыбызды такыр башка нукка буруп кетүүдө. Айрым учурда муфтияттын кээ бир өкүлдөрү мамлекеттик майрамдын кайсынысын майрамдаса болот, кайсынысын болбой тургандыгын айтып чыгышууда. Көп учурда адамдар дин менен маданиятты чаташтырышат. Кайсы бир адам дамбал менен селде кийип алса эле мусулманмын деп ойлойт. Айрыкча Пакистанда окугандар ушундай. Бирок Пакистандын кошунасы Индияда ушул кийим менен эле буддисттер да сыйынышат. Диний абалды азыртадан колго албасак, келечекте чоң жамандык болот.

Мазхабың кайсы, бурадар?

Алмазбек Атамбаев көп агымдар мамлекетке кооз аталыштар менен кирип, бирок алардын ишинин натыйжасы жардыруулар жана терроризм болушу мүмкүн экендигин кошумчалады.

​Президент билдиргендей, диний кырдаал Коргоо кеңешинде атайын каралмакчы. Ал ошондой эле Кыргызстанга салттуу болгон исламдын багытын кармоо зарылдыгын белгиледи:

- Биз ханафи мазхабындабыз. Көптөр анын башка агымдардан айырмасын билбейт. Ханафи деген эмне? Кыргызстан жүз жылдардан бери ханафи багытындагы исламды карманып келет. Анын башкалардан эң башкы айырмачылыгы - сабырдуулугунда. Бул агымдын негиздөөчүсү Абу Ханифа Кудай гана кимдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин чечет деп айтат. Ал эми башка агымдарда болсо, адамдар өздөрү “бул каапыр экен, кел, ушуну жардыралы” деп чече башташат. Мага да Ала-Тоо аянтына Манастын эстелигин коюуга демилгечи болгонум үчүн жихад жарыялашкан.
Кыргызстанда дин мамлекеттин көңүлүнөн тыш калган. Бирок бош жер эч убакта кароосуз калбайт. Эгер мамлекет ага көңүл бурбаса, аны башкалар колго алып, башка багытка буруп кетет. Мен муну эң сонун көрүп турам. Бул мени абдан тынчсыздандырат.


​Өткөн жылы 24-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Алмазбек Атамбаевге жихад жарыялаган 22 жаштагы кыргызстандык жаран Египеттен кармалып, алып келингенин маалымдаган. Атайын кызмат кошумчалагандай, бул жаран Египетте жүрүп, президентти коркуткан видео кайрылуу жасап, аны интернет аркылуу таратууга түздөн-түз катышы бар. Ал жигит жарыялады деген видео кайрылууда мындай деп айтылат:

- Мен Алмазбек Атамбаевге расмий жихад жарыялайм. Анткени ал Кудайдан башка нерсеге сыйынууга алып келип жатат. Манас сыйынууга ылайыктуу зат эмес. Кудайдан башка эч бир нерсе сыйынууга татыктуу эмес.

Ал эми Нооруз майрамынын алдында Кыргызстандын муфтияты Нооруз мусулман майрамы эмес деген билдирүү таратканы айтылган. Бирок муфтияттын басма сөз катчысы Эсен Өмүракунов муфтият Ноорузду майрамдабоого чакырбаганын, болгону Нооруз диний майрам эмес экени гана түшүндүрүлгөнүн билдирди.

​Ошондой эле Эсен Өмүракунов коомдо динге болгон кызыгуу арткан сайын диний туура маалымат жана туура билим берүү актуалдуу боло баштаганын, андыктан президенттин сөздөрүндө жүйө бар экенин белгилейт.

- Диний туура маалымат жана туура билим берүү бардык эле жерлерге керек болуп калды. Ал эми бул маселени Коргоо кеңешине алып чыкканда коркунучтуу абал деп эмес, терс иштерди алдын алуу үчүн чыгарылса керек. Негизи эле бул жаатта көп көйгөйлөр бар. Айрыкча диний билим берүү жагында.

Кыргызстанда отуздан ашык дин жана диний конфессиялар иш алып барат. Ал эми каттоодон өтүп, иш жүргүзүп жаткан мекеме, уюм, мечит-медресе жана ибадатканалардын саны 2.5 миңге жакын.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG