Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Теңирчилердин талабы


Талашка түшкөн Иса машаяк чиркөөсүнүн имараты. Бишкек, 1-февраль, 2013-жыл.
Талашка түшкөн Иса машаяк чиркөөсүнүн имараты. Бишкек, 1-февраль, 2013-жыл.

Иса машаяк чиркөөсү мамлекеттик органдар аларды кысымга алып жатканын айтса, ал эми теңирчилер кайрадан аларды дин катары каттоо талабы менен чыкты.

Мамлекет диний чөйрөнү көзөмөлдөөгө киришип жаткан чакта, айрым коомдук жана диний уюмдар мамлекеттик органдардын диний саясатына нааразы болушууда.

Чиркөөгө айланган маданият үйү талашта

Бишкектеги Иса машаяк чиркөөсү алардын башкы ибадатканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мыйзамсыз тартып алып жатканын айтып, президентке кайрылышты. Аталган диний уюмдун мүчөсү Кубанычбек Дөөлөтбаков имаратты тартып алууда жеке адамдардын кызыкчылыгы бар деп эсептейт.

- Акаевдин убагында Айдар талашып ала албай койгон, Бакиевдин убагында казино кылам деп, Максим да талашкан эле. Бүгүнкү күндө чиркөө калды, алар өздөрү жок болду. Анткени, бул Кудайдын үйү. Баары мыйзам ченемдүү сатылып алынган. Бирок айрым бир депутаттар жана чиновниктер чиркөөнүн имаратын алгысы келип, тынчы кетип жүрүшөт.

Иса машаяк чиркөөсүнүн сыйынуучулары
Иса машаяк чиркөөсүнүн сыйынуучулары
Жергиликтүү Иса машаяк чиркөөсү протестанттык диний уюм. Алар Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылы өлкөдө алгачкылардан болуп катталып, учурда 10 миңдей мүчөсү бар. Бишкектеги Турусбеков жана Чуйков көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурдагы маданият үйүнүн заңгыраган эки кабат имаратын аталган диний уюм мындан 14 жыл илгери менчиктештирген. Бирок мамлекеттик мүлк фонду менчиктештирүү мыйзамсыз жүргөнүн айтып, аны мамлекеттин энчисине тартып алганы турат. Райондор аралык сот имаратты Мамлекеттик мүлк фондусунун пайдасына чечсе, учурда соттук териштирүү Бишкек шаардык сотунда уланууда. Бирок Иса машаяк чиркөөсү муну диний уюмга кысым катары кабыл алууда. Уюмдун мүчөсү Тилек Исаев мындай деди.

- Биз сотко арыз жаздык жана президентке кайрылуу жолдоп жатабыз. Биз кандайдыр бир жакшы жооп болот деген ойдобуз. Эгер жакшы жооп болбой турган болсо, анда бул дурус көрүнүш болбойт. Анда биздин мамлекетте эч бир ыйык нерсе калбады дегенди билдирет.

Теңирчилик талашы уланууда

Ал аралыкта теңирчиликти жактагандар кайрадан диний уюм катары каттоо талабы менен чыгышты. Теңирчиликти жактаган Аскарбек Тойгонбаев аттуу адам Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аларды дин катары каттабай жатканына нааразы.

- Эки жылдан бери аны-муну айтып, биз исламды гана тааныйбыз деп, каттабай келе жатат. А исламды, мисалы биз тааныбайбыз. Менин каным, дилим кыргыз. Кыргыздын өзүнүн дини, тили жана кийими бар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия болсо, эксперттердин изилдөөсүнө таянып, кайсы бир окуу же философия дин болушу үчүн бир катар талаптарга жооп бериши керек деп эсептейт. Аталган мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев буларга токтолду.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев
- Жакында мен теңирчилик боюнча тарыхчылар менен сүйлөштүм. Алардын өздөрүнүн көз караштары бар жана алар муну изилдөөгө даяр. Анан изилдебей туруп эле, “бул дин экен, келгиле сыйыналы” деген болбойт. Мисалы, теңирге сыйынгыла деп ким айтыптыр элге. Дин болгондон кийин анын пайгамбары болушу керек. Бул жөн эле адамдардын көз карашынан пайда болгон дин. Экинчиден, диндин өзүнүн идеологиясы болушу кажет. Аркы дүйнө, берки дүйнө барбы деген да маселеге такалат. Адамдын трагедиясы ушунда, ал жаралгандан кийин өлөм деп билет. Ошого теңирчиликте жооп барбы?

Мамлекеттин диний саясаты кандай?

Кыргыз мамлекеттик юридикалык университеттин окутуучусу, эксперт Нургүл Эсенаманова кайсы бир уюмду каттап койгондон эле ал дин болуп, же каттабай койсо дин болуудан калат дегенге кошулбайт.

- Борбордук Азиядагы мамлекеттер менен салыштырганда диний уюмдарга жана агымдарга Кыргызстанда эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Аларды диний уюм катары каттабай жатканын коркунуч катары көрүп жатышат. Бирок теңирчилерди эч ким куугунтуктаган жок.

Ал эми учурда төрт жумушчу топ диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын иштеп чыгууда. Бул жумушчу топтор өлкөдөгү диний кырдаалды татаал деп баалаган Коргоо Кеңешинин чечимдеринен кийин түзүлгөн. 14-мартта өкмөттүн алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунда жумушчу топтордун мүчөлөрү менен эксперттердин катышуусунда диний абал талкууланды. Концепцияны иштеп чыгууда буга чейин Кыргызстанда болуп келген дин эркиндигин сактап калуу, ошол эле кезде диний чөйрөнү тартипке келтирүү башкы максат катары коюлууда.

XS
SM
MD
LG