Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Жогорку Кеңеште дин саясатын салттуу диндерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү аркылуу жөнгө салуу демилгеси козголууда.

Буга байланышкан мыйзам долбоору коомчулук талкуусуна коюлду. Ага ылайык, Кыргызстандагы мечиттер менен жана православ христиан чиркөөлөрү мамлекеттин камкордугуна алынып, дин кызматкерлерине атайын айлык акы чектелмекчи.

Мечиттерге "взнос" төлөп калабызбы?

Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору өлкөдөгү дин саясатын жөнгө салуу максатын көздөйт. Долбоордун автору, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, мындай чара өлкөдө ар кыл жикчил диний агымдардын жайылышына тоскоол болмокчу:

- Бизде салттуу диндер деп ислам жана проваслав христан дини саналат. Бул диндерге кылымдардан бери Кыргызстандын калкы ишенип, биримдикте жашап келген. Мына ушул баалуулукту, биримдикти сактап калыш керек. Учурда колунда акчасы бар мамлекеттер, финансылык топтор диний жаатта өз максаттарын ишке ашырышы мүмкүн. Ошондуктан муну сактап калуу үчүн мамлекеттик камкордукка алуу керек. Ал үчүн анда иштеген имамдарга 5000-8000 сомго чейин айлык акы чектелиши керек. Ошону менен бирге аларга жоопкерчилик да көбөйөт.

Текебаевдин айтымында, мыйзам долбоорго ылайык, алгачкы жылдары каржылоо мамлекеттик бюджеттен жүргүзүлүшү шарт. Андан соң салттуу диндерди тутунгандар ыктыярдуу түрдө төлөгөн мүчөлүк акынын эсебинен каржылоо болушу мүмкүн:

- Кыргызстандын жарандары мусулманмын десе маселен, айына 50 сомдон мүчөлүк акыны мечиттин эсебине, христианмын десе чиркөөнүн эсебине ташташы мүмкүн. Динге ишенбесе, эч кандай акы төлөбөй деле койсо болот. Башкача айтканда бул ыктыярдуу жүргүзүлөт. Кыргызстанда 1 миллион 200 миңден ашык адам айлык акы алса, алар 1 доллардан төлөсө эле айына 1 миллион доллар топтолушу мүмкүн. Бул диний жайларды каржылоого жетет.

Өмүрбек Текебаев салттуу диндерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү аркылуу дин саясатын жөнгө салуу практикасы Түркия, Египет, Германия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатканын кошумчалады.

Мыйзам долбоору өткөн аптадан тарта коомдук талкууга коюлаары менен ар кыл пикирлерди жаратты. Муфтийдин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушев да бул мыйзам долбоорун колдойт. Анын айтымында, мындай жол менен дин ишмерлерин мамлекеттин бүтүндүгү үчүн иштерге тартууга жол ачылмак:

- Бул мыйзам кабыл алына турган болсо абдан жакшы болоор эле. Биринчиден, биздин имамдар үчүн материалдык колдоо болмок. Экинчиден, дин менен мамлекеттин мамилесин жакындатууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Биз мындай демилгени колдойбуз.

"Диний уюмду дин деп түшүнүп калганбыз..."

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттин комиссиянын байкоочу кеңешинин төрайымы Назира Курбанова болсо учурдагы кырдаал дал ушундай мыйзамдарды талап кылып жатат деген пикирде:

- Мамлекеттин диний мекемелерди каржылоодон башка айласы жок калды. Себеби өзүн-өзү каржылагандардан сени ким каржылап жатат деп суроого да кыйын болуп жатпайбы. Ошондуктан мамлекет каржылап, анан анын жыйынтыгын суроого укук алат. Болбосо 23 жылдан бери өз алдынча таштап койду эле, диний кырдаал татаалданып кетти.

Чындыгында эле акыркы учурда Кыргызстанда диний кырдаал боюнча маселелер байма-бай талкууланууда. Диний кырдаал өткөн аптада Коргоо кеңешинин жыйынында да каралып, анда президент Алмазбек Атамбаев бул жааттагы абалды татаал деп баалаган болчу. Жыйын жүрүшүндө президент бийлик органдарын мамлекеттин жана коомдун коопсуздугу үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган эле.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев коопсуздукту камсыздоо үчүн өкмөт диний жайларды каржылоо жагын караштыраарын да билдирген:

- Өлкө боюнча 1895 мечит бар экен. Бирок алардын жарымы каттоодон өткөн эмес. Эгер талап кылынса өлкөдөгү борборлоштурулган мечитттердин, райондордогу казыларын, имамдарын каржылоого анча көп деле акча кетпейт. Муну биз жөнгө сала алабыз.

Буга чейин президенттин демилгеси менен “Ыйман” деп аталган фонд түзүлгөн. Бул фонд жарандардын диний мүмкүнчүлүктөрүн жана диний сабаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык демилгелерди колдоого алаары айтылган эле.

Анткен менен айрым укук коргоочулар мындай демилгелер өлкөнүн светтик принцибине шек туудурушу мүмкүн деп тынчсызданууда. Алардын бири - эл аралык “Фридом хаус” уюмунун юристи Алмаз Эсенгелдиев:

- Биринчиден, бул мыйзам долбоорду абдан дыкат талкуулаш керек. Антпесе биздин баш мыйзамга каршы келип калышы мүмкүн. Экинчиден, биздин диний ишмерлер мамлекеттен каржыланып, көз каранды болууну каалабайт деп ойлойм. Анткени диний жаатта бизде такталбаган абдан көп суроолор бар. Кыргызстанда дин деп диний уюмду түшүнгөн учурлар абдан көп. Ошондуктан бул мыйзамдын ишке ашышы абдан эле кыйын.

Аталган мыйзам долбоору өткөн жуманын аягында коомдук талкууга чыгарылды. Кийинки айлардан тарта ал Жогорку Кеңеште карала баштамакчы.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG