Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Кыргыз ыңкылаптары: окшоштуктар жана айырмачылыктар


7-апрелдеги нааразылык акциясы кан төгүүлөргө алып келди.
7-апрелдеги нааразылык акциясы кан төгүүлөргө алып келди.

Кыргызстан өткөн он жыл аралыгында эки ыңкылапты башынан өткөрдү. Бүгүн коомчулукта экөөнүн тең келип чыгышындагы, уюштурулушундагы, ишке ашуусуyндагы жана анын натыйжаларындагы окшоштуктар менен айырмачылыктар талкууга алынууда.

Талдоочулар эки ыңкылаптын талаптарында тең үй-бүлөлүк башкарууга каршы чакырык болгондугун, экөөндө тең аймактык бийликтер биринчи алынгандыгын жана экөөндө бирдей президенттердин сыртка качып кетишкендигин белгилешет. Окшоштуктардын негизгиси катары экөөнүн аягында тең ыңкылапчыл күчтөр бөлүнүп-жарылууга дуушар болгону айтылат.

Саясат таануучу Табылды Акеров олуттуу айырмачылык катары биринчисине караганда экинчи ыңкылап катуу каршылык аркылуу ишке ашкандыгына токтолду:

- Экинчи ыңкылап биринчисинен айырмаланып кан төгүү менен коштолду. Бийликтин өз элине ок чыгарып өзүн сактап калуу аракетинен майнап чыккан жок. Анын аягы режимдин кулашына алып келди. Мурунку бийликтин өкүлдөрү каршылык көрсөтпөстөн позицияларын бошоткон болсо, бакиевчилер катуу каршылык менен апрель-май айларында убактылуу өкмөт менен тирешип турду. Анын аягы июнда Ош менен Жалал-Абадда этностор аралык кагылышуунун чыгышына алып келди.

7-апрелде набыт болгондордун жакындары, 15-октябрь, 2010-жыл
Ыңкылаптардын себептери катары экөөндө тең эл турмушунун начардыгы, бийликтеги жемкордуктун күчөп кеткендиги, адилетсиздиктин жана зомбулуктун өкүм сүрүшү мисалга алынып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова ыңкылаптын чыгышына экономикалык кыйынчылыктан мурун элдин эркиндикке болгон умтулуусу түрткү бергендигин эске салды:

- Экономикалык каатчылык же болбосо кымбатчылык элдин чыдамын кетирди деп айткандарга мен кошула албайм. Кыргыз өзү түбүнөн ачкачылыкка деле чыдаган. Бул жерде кыйынчылык себеп болду деп айтууга негиз жок. Кыргыз ага чыдайт. Кыргыз бийликтин ачкөздүгүнө, акыйкатсыздыкка, эркиндикти чектөөгө чыдабайт.

Ыңкылаптын ындынын өчүргөндөр

Ошол эле учурда ыңкылаптардын натыйжалары катары биринчисинде мурдагы президент К. Бакиевдин кланы бийликти жана ресурстарды толук колуна чогултуп алууга үлгүрсө, кийинкисинде бийлик бутактарын ээлеген түрдүү саясий күчтөр аларды өз ара бөлүштүрүүгө жетишти. Мына ошондуктан эки учурда тең коомдук кызыкчылыктар артка жылдырылып калгандыгы айтылып келет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков бийликти кулаткан ыңкылапчыл күчтөрдүн ажырымы алардын ортосунда бийликти алуудан башка бирдиктүү идея болбогондугун көрсөттү деп эсептейт:

- Эмне себептен биринчи ыңкылапта, анан кийинкисинде анын башында турган саясатчылар бөлүнүп кетти? Анткени мунун бардыгы бийлик менен байлык бөлүштүрүүдөн улам чыгып жатат. Мунун түпкү тамыры жыйырма жылда биздин саясатчыларда мамлекеттик түшүнүктүн, мамлекеттик кызыкчылыктын калыптана электигинде. Карапайым элдин талабын жана кызыкчылыгын колко кылып көтөрүп чыгып, андан пайдаланып калуу аракеттеринен улам ушундай бузуп-жаруучулук болуп жатат.

"Тазаланууга жол ачылды"

Бирок мындай доомат менен ыңкылапчыл күчтөр макул эмес. Анткени ыңкылаптан кийин алардын чачырап кеткендигин өздөрү мыйзам ченемдүү көрүнүш катары мүнөздөштү. Алар биринчи ыңкылаптын жеңиши уурдалып кетип, өзгөрүү болбогону менен экинчисинде мамлекеттик башкаруу системасы алмаштырылгандыгын мисал келтиришет.

Убактылуу өкмөткө каршы акция, 12-май, 2010-жыл
“Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнкул Чотонов мындай кадамдар өлкөдөгү саясий атаандаштыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген ойдо:

- 2005-жылы ыңкылап башталган. 2010-жылы анын экинчи этабы болду. Мына эми үчүнчү этабы ич ара тазалануу жараяны катары башталып жатат. Мындай өзгөрүшкө жаңы башкаруу системасына өтүү кадамыбыз өбөлгө болуп жатат. Жаңы коомдук-саясий мамилелер пайда болуп, саясий күчтөр бирин-бири көзөмөлдөй турган жагдай орун алып жатат. Мына ошонун өзү чоң жетишкендик. Бул саясий күчтөрдүн тазалануусуна жана коомдун алдында кимдин-ким экендигин аныктай турган күзгү катары милдет аткарарына ишенем.

Сууга чөкпөгөндөр менен отко күйбөгөндөр

Кыргызстанга бардык туура эмес иштердин жүрүшүнө өлкөдөн качып кеткен эки президентти гана айыптоо өнөкөтү мүнөздүү. Көптөрү эки лидер качып кетсе да коом ошол учурдагы кемчиликтер менен эле жашап келе жаткандыгын белгилешет.

Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов эки президенттин качышына себепкер болгон адамдар азыркы бийликте деле аз эмес экендигин эскертти:

- Качып кеткен президенттерге бардыгын оодарып койуу оңой. Бирок бир адам ошол иштин бардыгын кыла алат беле? Албетте жок. Ага кошумча болгондор, мыйзамсыздыктарга түрткөндөр жана аны менен акырлаш болгондор каякта калды? Алар дагы деле жүрүшөт. Мына ошол адамдар эртең эле кайра өз билгендерин жасабайт, кайрадан үйрөнүп калган иштерин жасабайт деп ким кепилдик бере алат?

Мына ошондуктан өлкөдө үчүнчү ыңкылап болуп кетүү коркунучу барбы деген суроо кабыргасынан коюлуп турган учур. Эгер андай болсо Кыргызстан мамлекет катары ага туруштук бере алабы деген суроого жооп издегендер көп.

XS
SM
MD
LG