Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Түрмөдөн кийин кадимки жашоого кайтуу оор


Кыргызстанда абактан чыккан адамдардын 40-45% кайра кылмыш жасап, түрмөгө түшөт. Буга алардын жай турмушка аралаша албаганы, коомчулуктун жектегени башкы себеп.

Кыргызстанда пенитенциардык реформаны жүзөгө ашыруу аракети жүрүүдө. Анын негизги кадамдарынын бири - абактан чыккан адамдардын кайрадан коомчулукка аралашып, турмуштан ордун таап кетүүсүнө көмөктөшүү.

"Коомчулук өзү сенден четтейт..."

31 жаштагы Самат Абдырахманов мындан бир нече жыл мурун "алдамчылык" беренеси менен айыпталып, беш жылга кесилген. Абакта 2,5 жылдан ашуун отургандан кийин шарттуу түрдө эркиндикке чыгарылган. Бирок ишке орношууга жасаган аракетинен майнап болгон эмес:

- Жумушка орношууга аябай аракет кылдым. Бирок биринчи эле тоскоолдук соттолбогонуң тууралуу маалымдама сурашканы. "Соттолгон" деп жазылып турса, эч жерге ишке албайт. Жүк түшүргүч же башка бир оор кара жумуштар чыгышы мүмкүн, бирок, абактан чыккандардын көпчүлүгү ден соолугуна байланыштуу андай оор иштерди жасай алышпайт. Коомчулук абактан чыккандарды кабыл албайт. Кошула деле албайсың, анткени психологиялык ушунчалык басым болот. Өзүңдү басынтасың, жумушка кирейин десең, эч жакка албайт. Үй-бүлөнү багыш керек, бакпасаң аларга да батпай калышың мүмкүн. Ушундан улам абактан чыгып, кайра абакка түшкөндөр көп. Анткени, ал абакка киргенде үй-бүлөсү урайт, туугандары четтетет, достору кошпойт. Тигил жакка урунат, бул жакка урунат, айла жок кайра кылмыш кылып, түрмөгө түшөт.

Самат Абдырахманов абактан чыккандан көп өтпөй, Кыргызстанда жаңыдан ишке кирип жаткан соттолгон адамдарды кайрадан коомчулукка аралаштыруу долбооруна Жаза аткаруу кызматы тарабынан чакырылган:​

- Мен №47 абактан жаза мөөнөтүмдү өтөп, бошогом. Бошогондон кийин көп убакыт жумушу жок жүрдүм. Ошол мезгилде мага сунуш түштү. Долбоорго чакырылган он эки адамдын ичинен терилип отуруп, жети киши калдык. Бизге алгач психологиялык жактан жардам берилди, андан кийин жеке ишкерликке окутту. Долбоор боюнча үч катышууга грант берилмек. Биз үчөөбүз үч жакка бөлүнбөй, чогуу команда болуп, тигүү цехин ачуу боюнча долбоор жаздык да, 4 миң долларлык грант утуп алдык. Биздин цех чакан, азырынча он чакты кишиге жумуш ордун бере алабыз, алардын жарымы өзүбүзгө окшогон абактан чыккан кыз-келиндер.

Абактагы киши.
Абактагы киши.

Самат Абдырахманов командасы менен "Рауф" деп аталган коомдук фонд да түзүүдө. Аталган фонд абактан чыккан адамдардын коомчулукка аралашуусуна көмөктөшүүнү көздөйт.

Абактан чыгып, түрмөгө...

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда абактан чыккан адамдардын 40-45% кайрадан кылмыш жасап, түрмөгө түшөт. Буга алардын жай турмушка аралаша албаганы, аларды коомчулуктун кабыл албаганы себеп.

Телефон аркылуу абакка кирген миллиондор

Телефон аркылуу абакка кирген миллиондор

Эркинен ажыратылгандар түрмө жетекчилиги менен бирге Президенттик администрация жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып, телефон аркылуу аткаминерлерди алдаганы ачыкка чыкты.

Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы Эл аралык түрмө реформасы уюму баштаган бир катар эл аралык уюмдардын, БУУнун кылмыштуулук жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын жардамы менен абактан чыккан адамдарды коомчулукка аралаштыруу, социализациялаштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун үстүндө. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бүгүн тегерек столдун катышуучуларына берген маалыматы боюнча, кыргыз өкмөтү абактан чыккан жарандарын колдоо үчүн аларды эң ириде жумуш менен камсыз кылууну көздөөдө:​

- Соттолуп, жазасын алып чыккан кишилерди түрмөдөн чыкканда жок дегенде жумуш менен камсыз кылуу керек. Учурда биз бул боюнча бир топ иш-чараларды караштырып жатабыз. Арасында алар түрмөдө отурганда эле кандайдыр бир ишке тартылып, кошумча кесип үйрөнүп, ошону менен бирге абактан чыкканда иштеген акысын алып, акча менен чыксын деген долбоорду да караштырып жатабыз.

"Казакстанда жылыш бар, Кыргызстанды көрөбүз"

Кыргызстандагы жабык жайлардын абалына, андагы камалып тургандарга жасалган мамиле көп учурда сынга кабылып келген. Эл аралык уюмдар жергиликтүү жарандык коом өкүлдөрүнүн жана өкмөттүн катышуусунда бул жаатта бир топ иштерди жасап келүүдө.

Абак.
Абак.

БУУнун кылмыштуулук жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Жаза аткаруу кызматы менен кошо тармакты жакшыртуу жана реформалоо үчүн 1,3 млн долларлык иш жасалган. Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Александр Федулов абактан чыккан адамдарды колдоо жагында да Улуттар уюму көмөктөшөрүн маалымдады:

- Абактан чыккан адамдардын коомчулукка аралашып, көнүшүү жараяны мамлекеттин, ошол эле учурда жарандык коомдун да бирдиктүү тапшырмасы. Бул биздин уюмдун да көптөгөн чечимдерине туура келет. БУУнун кылмыштуулук жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгы бул багытта өз ишин уланта беребиз жана башка кызыкдар тараптарды да кызматташууга чакырабыз.

Абактан чыккандарды коомчулукка аралаштырууга багытталган долбоор учурда Кыргызстанда пилоттук түрдө Ысык-Көл жана Чүй облустарында, Бишкек шаарында иштей баштады. Кийинчерээк Талас жана Жалал-Абад облустарында ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Коңшулаш Казакстанда мындай программа 2015-жылдан бери иштеп келе жатат. Натыйжада акыркы эки жылда соттолгондордун саны 25% азайган.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Кыргызстандагы абак жайларда 15 миң чамалуу киши кармалып турат. Алардын дээрлик тең жарымы эки же андан көп соттолгондор.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG