Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

"Сезим" кризистик борборуна баш калка сурап келген аял күйөөсү көрсөткөн запкыны балдары туурап жатканын айтты. Адистердин айтуусунда, балдар үй-бүлөдөгү зомбулуктан көбүнчө терс таасир алышат.

"Тишимди сындыра сабачу..."

- Кызым курсагымда болчу. Сабап жатканда улуу баламды алып, аны менен ичимди тосуп атсам, “сен эмне балаң менен өзүңдү жапкың келип жатабы?” деп кыйкырып, баланы колумдан жулуп алып, тепкиледи. Ичимдеги баланы тээп жибербесин деп, башымды эле тосо бериптирмин. Тиштеримди сындыра уруптур.

Отуз жаштагы Бегимай сот тармагында иштесе да, күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдап, көз жуумп келген. "Чыр-чатактын негизги себеби – ичкилик", - дейт Бегимай. Анын айтуусунда, күйөөсү иштеп жаткан жумушунан ажырап, үйдө отуруп калган учурда аракка берилген:

Аял урганды адат кылган күйөө көп...

Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөш күчөгөнү менен аялдардын запкы көрүүсү, өлүмү азайбаганын белгилешүүдө.

​- Мурда деле анда-санда ичип жүрчү, бирок жумушсуз калгандан кийин ичкени көбөйдү. Көчөдөн ичип келип, кол көтөргөнү күч алды. Бир жолу кышында түнү менен сабады. Баламды көтөрүп алып, эптеп качып чыктым. Маршруткага чыксам, айдоочу “чоң кыз, сага эмне болгон?” деп чочуп кетти. Көрсө бетимдин баары көгала болуп калган экен. Мындай учурлар көп эле болгон. Айла жок балдарым үчүн деп жашап жүргөм. Быйыл жазында беш жаштагы уулум тиши ооруп, ыйлап атса, ичип келиптир. Анын мас экенин көргөндө, өзүмдү кармай албай, “баланын тиши ооруп жатат, догдурга алып барганга акча таап бер. Аракка тапкан акчаны уулуңа да тап” дедим. Жини менен келип чаап жиберди эле кулап калдым. Моюнумдан коколоп, муунта баштады. Дем жетпей, көзүм тумандап баратып көргөнүм, уулум унчукпай мени карап отурду. Бир убакта кызым чырылдап ыйлап келип, атасынын колуна жабышканда гана коё берди.

"Уулум атасынан көргөнүн кылат"

Өз энесинен да, кайненесинен да “Эрлүү аял таяк жейт” деген сөздү уккан келин эркектин аялга кол көтөрүүсүн кадимки көрүнүш катары санай баштаган. Бирок кокусунан беш жаштагы уулу үч жаштагы кызын уруп, муунткан учурларын көргөндөн кийин мындай азап жашоого чекит коюуну чечкен:

- Кызым экөө бир нерсе талаша кеткенде уулум аны муштап алган учурлары көп эле болчу. Жакында эле ашканада жүрсөм, залда ойноп жатышкан, кызым чырылдап ыйлап калды. Антип-минтип колумду аарчый коюп, кирип барсам, уулум кызымды муунтуп жатыптыр. Так эле атасы мени кандай коколосо ошентип... Чаап жибергенимди өзүм да билбей калдым. Ошондо “Кой, мындай жашоо болбойт. Бул атасынан ашып түшөт экен” деп, азаптуу жашоону токтотууну чечтим. Азыр балдарым экөө тең “Сезим” борборунун психологдорунун кароосунда. Көрсө уулум кызымды эле эмес, башка балдарды да ошентип сабап жүрчү экен. Сиңдимдин уулун да муунтуптур.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун башаты

Социалдык иликтөөлөр көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү чырды көрүп, чоңойгон балдардын 60-70 пайызы зомбулукту кадимки көрүнүш катары кабылдайт. Андай балдар келечекте кыздарга, аялга орой мамиле кылып, аларга кол көтөрүүгө барарын белгилешет психологдор.

Балдар психологу Гүлнара Түлекееванын айтуусунда, балдардын эмоционалдык мүнөзү алты жашка чейин калыптанат, бул аралыкта бала үй-бүлөдөн эмнени көрсө, ошонун баары анын мүнөзүнө, тарбиясына таасир берет:

- Ата-энелердин ортосунда чыр-чатак, уруш-талаш мамиле көп болсо, балага сөзсүз жаман таасирин тийгизет. Үйдөгү болгон мамилени бала кийин кайталайт. Маугли карышкырдын тарбиясын көрүп, алардын кылганын туурагандай эле сөз. Эгер бала атасы энесин сабап атканын көрсө, ал муну өзүнүн бир туугандарына, бала бакчада, мектепте башка балдарга да ошондой зомбулук көрсөтөт. Ал балада үй-бүлө ушинтип жашайт деген түшүнүк калыптанып, кийин ал дагы аялына кол көтөрүшү толук ыктымал.

Психологдун айтымында, ата-энелер балдардын көзүнчө урушуп, маселе чечүүдөн алыс болууга аракет кылуусу зарыл. Анткени, бала ата-энесинин кыйкырып урушканын, ур-токмогун көрбөй чоңоюуга укуктуу:

- Ата-энелер кандайдыр бир маселени кыйкырышпай, акырын сүйлөшүп чечүүгө үйрөнүүсү керек. Башка бөлмөгө кирип, ал жок болсо, сыртка чыгып алып, маселе чечишсин. Болгону бала экөөнүн чатагын көрбөшү керек.

Атасынын апасына жасаган орой мамилесин, сабаганын көрүп чоңойгон балдар чоң муштум болуп чыгышарын жашоодон деле көрүп жатабыз. “Үй-бүлөнү күч менен басмырлап башкарышым керек” деген түшүнүк анын мээсине бала кезинен кыттай куюлуп калат.

Балдарынын психикасы бузулуусунан тынчсызданган Бегимай да күйөөсү менен ажырашуу үчүн сотко арыз жазды.

Анын айтуусунда, күйөөсү менен адамча сүйлөшүп, маселе чечүүгө мүмкүн эмес.

Жыйырма жылдан ашуун тарыхында “Сезим” кризистик борборуна күйөөсүнүн токмогунан запкы жеп, кыз-келиндер көп кайрылган.

Алардын ичинде күйөөсү кечирим сурап келсе, кайрадан жашап кеткендери да аз эмес. Кризистик борбордун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулова күйөөсүнүн токмогуна чыдап, зомбулукка көз жуум жашаган кыз-келиндер өздөрүнүн гана эмес, балдарынын да келечегин жабыркатып жатканынан кабарсыз деп эсептейт:

- Кыз-келиндер “эл эмне дейт, балдарымды кантип атасыз калтырам” деп күйөөсүнүн ур-токмогуна, үйдөгү уруш-жаңжалга чыдап, жашап жүрө берет. Бирок алар мындай жашоо өздөрүнүн гана эмес, балдарынын да жашоосун жабыркатып жатканын билбейт. Билсе деле, этибар албайт. Атасынын апасына жасаган орой мамилесин, сабаганын көрүп чоңойгон балдар чоң муштум болуп чыгышарын жашоодон деле көрүп жатабыз. “Үй-бүлөнү күч менен басмырлап башкарышым керек” деген түшүнүк анын мээсине бала кезинен кыттай куюлуп калат. Тилекке каршы, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук бала кездеги тарбиядан башталат.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашат. Буга негиз берген себептердин бири – зомбулук.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG