Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Кыргызстан ГЭСтерди куруу боюнча Орусия менен түзгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарды. Бул арада Нарын ГЭС каскаддарын курууга 37 млн. доллар сарпталганы белгилүү болду.

Айрым депутаттар аймакта аткарылган ишке коротулган каражат оголе көп көрсөтүлүп калганын айтышууда. Алардын бири, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовду кепке тарттык.

"Азаттык": Алмамбет мырза, кайсы негиздерге таянып, 37 миллион долларлык жумуш аткарылган жок деп шектенип жатасыз?

Шыкмаматов: Биринчиден, Нарын дарыясына ГЭСтерди курууга 729 миллион долларлык долбоор түзүлгөн. Ал акчанын 37 миллиону кыргыз-орус биргелешкен "Нарын каскады" деген жабык ишканага которулган. Эми бул 37 миң сом эмес да. Мен бир ай мурда ошол жерден өткөм. Жол боюнда эле көрүнүп турат. Ал жерде жада калса 5 миллион долларлык да иш жок. Контейнерден эки-үч этаж жатакана куруп коюшкан. Анан келишимден чыккандан кийин ошол 37 миллион доллар кыргыз элинин моюнуна илинип жатат да. Биз ошону дыкат иликтеп чыгып, анан дипломатиялык каналдар аркылуу Орусияга билдиришибиз керек. Өзүңөр берген акчаны өзүңөр жеп кеттиңер деп айтуу зарыл.

"Азаттык": Буга чейин 60 миллион доллар келгени айтылды эле. Анын 37 миллиону коротулса, калганы кайда?

Шыкмаматов: Биринчи транш деп, 60 миллион долларга келишим түзүлгөн. Анын 37си келген, калганы ишкананын эсебине түшө элек болчу. Анан ошол келген акчаны иштеткендердин теңи биздикилер, теңи орусиялыктар болуп жатпайбы. Келишимде дагы эки тараптын гана Эсеп палатасы текшере алат деп жазылган. Ал туура эмес, баары ачык болушу керек эле.

"Азаттык": Акчаны эки өлкөнүн биргелешкен ишканасы иштетсе, келишимден чыккандан кийин ага чейин кетирилген чыгымды жалгыз Кыргызстан гана төлөп калабы ошондо?

Шыкмаматов: Бардыгына Кыргызстан жооп бербейт. Ал жерде эгер келишим кайсы бир себептер менен бузулса, анда салынган имараттар экиге бөлүнөт деп жазылган. Бирок 37 миллиондун теңи баары бир биздин моюнубузга илинип жатпайбы. Ошентсе да, калганын деле төлөп калганы жатпайбызбы. Анткени, ал жерге курулган вагондорду Орусия кайра жүктөп кетмек беле. Алар деле, келишимди силер буздуңар, демек кеткен чыгымдын баарын силер төлөгүлө дейт.

"Азаттык": Бирок орус тарап деле мурда келишимди бир топ өзгөрткөн да. Бул эске алынабы? Кыргыз бийлиги орус тарап ишти алып кетүүгө жөндөмсүз болуп калганын жүйө кылып, өз талаптарын кое алабы?

Шыкмаматов: Текшерели дегенибиздин өзү талап койгонго жатат. Алар карыз берип, аны кайра өздөрү кошо жешип туруп бизди төлөмөр кылып койгонуна жол бербешибиз керек.

"Азаттык": Алмамбет мырза, сиз буга чейин өкмөттүн курамында болгонсуз. Ошондо эмне үчүн маселени көтөрүп чыккан жоксуз?

Шыкмаматов: Азыр ар бир өкмөт мүчөсүнө телефон чалып сурап көрүңүз. Алардын эч кимиси билбейт. Маселе буга чейин жабык болчу. Жакында, денонсация болгондо гана ачыкка чыкты. Муну атайын түзүлгөн акционердик коом көзөмөлдөп, куруп, анан мамлекетке өткөрүп бермек. Анан келишим ишке ашпай калгандан кийин канча акча кеткени, кандай болгону билинип атпайбы.

"Азаттык": Демек, бул текшерүүнүн натыйжасында айрым бир жетекчилер жоопко тартылышы мүмкүн тура?

Шыкмаматов: Бул жерде жоопко тартуу, камоо керек дегенден алыспыз. Адегенде, баарын ачык-айкын алып чыгып, эл-журтка, биздин жана орус бийлигине жеткиришибиз керек. Каерде туура, каерде туура эмес иш болгонун ашкерелөө маселеси турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG