Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Дипломат катышкан кырсыктын күмөндүү жактары


Бишкек
Бишкек

Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин дипломаты катышкан жол кырсыгы боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Адам өлүмү менен коштолгон кырсыкта унааны айдаган орус дипломаты мас экени айтылууда.

16-февралда катталган жол кырсыгынын жаңы жагдайлары Бишкектеги Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун дарыгерлеринин бүтүмүнөн кийин белгилүү болду.

Окуядан кийин жол кырсыгына кабылган Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин дипломаты Виктор Пухов аталган ооруканага кайрылган. Анда Пухов жол кырсыгына туш болгонун жашырып, дарыгерлерге жалган маалымат айткан. Ошондой эле мас абалында болгондой шек жараткан.

Бул тууралуу «Азаттыкка» дипломат кайрылган медициналык борбордун башкы дарыгери Сагындык Айтпаев билдирди:

- Аталган бейтапты кабыл алган дарыгердин айтымында, ал жыгылып кеткен. Кырсыктан тизе муундары жана көкүрөк клеткасы жабыркаган. Мас болгону да чын экен. Анын оозунан ичимдиктин илеби жыттангандыктан кабыл алган дарыгер мас абалында болчу деп жазган. Муну чын деп айтсак болот.

62 жаштагы кыргызстандык Евгений Лексин каза болгон автокырсык Бишкектеги Фучик көчөсүндө катталган.

Окуянын күбөлөрү тартып алган бир нече видеотасмада көрүнүп тургандай, Лексин унаасына май куйдуруп, жаңыдан жолго чыкканда аны катуу ылдамдыкта келаткан “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас сүзгөн. Алган жараатынан Кыргызстандын жараны Лексин бир нече сааттан кийин ооруканада жан берген.

Элчиликтин версиясы боюнча жолтандабасты орус элчилигинин дипломаты Виктор Пухов айдап келаткан. Машинеде «Роснефть» ишканасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилеринин бири Игорь Рясный да болгон.

Кызыл жарыкка карабастан катуу ылдамдыкта келатып кырсыкка кабылган жолтандабастын айдоочусу алгач Игорь Рясный деп айтылып келсе, кийин элчиликтин кызматкери Виктор Пухов экенин расмий органдар айтып чыккан эле.

Муну Бишкек шаардык милициясынан ырасташып, окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев билдирген:

- Элчиликтин кызматкери Виктор Пухов өзүнө тиешелүү унаада кетип баратып жол кырсыгына кабылган. Унаанын ичиндеги Игорь Рясный 4-ооруканага жеткирилген. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Тышкы иштер министрлигине тергөө амалдарын бул жарандар менен бирге жүргүзүү тууралуу кат жөнөттү. Себеби, алардын кол тийбестик макамы бар да.

Негизи кырсык болору менен окуянын күбөлөрү орус элчилигинин унаасында отургандар мас абалында болгонун айтышкан эле. Бирок Патрулдук милиция да, орус элчилиги да бул маалыматты четке кагып келишкен.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен Виктор Пуховго карата ички териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын буга чейин дипломатиялык өкүлчүлүктүн пресс-атташеси Дарья Пахомова билдирген:

- Ички кызматтык иликтөө уланып жатат. Териштирүүнүн жыйынтыгына жараша анын кийинки тагдыры аныкталат.

Өлкө кадырына көө жапкан дипломаттар

Өлкө кадырына көө жапкан дипломаттар

Чет жердеги кыргыз элчиликтеринде иштеп жүрүп, Кыргызстандын беделине көлөкө түшүргөн дипломаттардын кылык-жоруктары иликтенет. Пара алган, аткезчилик менен алектенген же бейбаштык кылык-жоругу ашкереленген дипломаттар аныкталган.

Ал ортодо жол кырсыгына кабылган Пуховдун өлкөдөн чыгып кеткенин орус элчилигине шилтеме берип, айрым маалымат каражаттары жазып чыкты. Мындан улам жол эрежесин бузган айдоочуну жоопко тартуу талабы айтылууда.

Активист Дмитрий Орловдун пикиринде, жол эрежесин бузуп, кырсыкка себепкер болгон элчилик кызматкери дипломатиялык кол тийбестикти пайдаланып, жоопкерчиликтен кутулганы туура эмес:

- Вена жана башка конвенцияларды айтып жатышпайбы. Менимче аларды кайрадан карап чыгып, ким болбосун макамына карабай жоопко тартуу керек. Кылмыш кылса, макамга жамынбай жооп бериши керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов дипломаттын мыйзам бузганы аныкталса, орус элчилиги өзү чара көрүшү керек дейт:

- Эл аралык конвенциянын негизинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестик иммунитети бар. Чынында бул конвенция эскирди деген ойдомун. Айрым өлкөлөр бул маселени көтөрө баштады. Себеби, бизде эле эмес, башка өлкөлөрдө деле дипломаттардын ар кандай мыйзамсыз иштерге барганы көп болуп жатпайбы. Ал эми орус элчилигинин кызматкеринин жол кырсыгында күнөөсү далилденсе, элчилик өзү эле катуу чара көрүшү керек. Албетте, биз да мында жөн турбай ТИМ аркылуу талап кылышыбыз зарыл.

Ал арада жол кырсыктан каза болгон Евгений Лексиндин үй-бүлөсү орус элчилиги көңүл айтууга жарабаганын айтып чыккан эле. Алгач муну ачык айтып жаткан маркумдун жубайы милицияга көрсөтмө берген соң журналисттерге комментарий берүүдөн баш тарткан.

Адам өлүмүнө алып келген автокырсыкка тийиштүү баа берилип атабы? Кырсыкка аралашкан кызматкерлердин териштирүү бүтө электе өлкөдөн чыгарылып кеткени эмнеден кабар берет? Чын эле жашыра турган жагдайлар барбы? Жарандык активист Адил Турдукуловго суроо узаттык.

"Орус элчилиги кыргыз коомуна кол шилтеди"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" архиви: Катуу жаза жол кырсыгын азайтабы? 26-декабрь, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG