Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:49

Нарындын картөшкөcү экспорттолот


Нарын облусунун экологиялык азыктарына Орусия фирмалары сатып алуу ниетин билдиришти. Биринчи кезекте картөшкөгө кызыгуу артып жаткан экен. Жалаң малдын көзүн караган тоолуктар эми жерге салган мээнетинен киреше табабы?

Нарын облусуна Орусиядан келген инвесторлор тобу картөшкөнү жана эт-терини иштетүүчү ишканаларды куруу ниетин айтышты. Биринчи кезекте картөшкө сатып алууну көздөп жатышат.

BM Company аттуу орусиялык фирманын жетекчиси Венер Талипов:

- Бул жактан жашылчаларга ылайыктуу кампаларды табуу керек.

Орусияда биздин жашылча базаларыбыз, ири жашылча ишканалары менен мамилебиз бар. Алар күзгү жарманкелерде 200-300 тонналык продукцияларды чыгара алышат.

Ошон үчүн бул жактан сатып алып, жашылчаларды өзүбүздүн унаалар менен алып кетсек болот. Учурда 20 тонналык үч унаа бар.


Кыргызстан менен Орусия ортосундагы соода-сатык жүргүзүп келе жаткан Казан калаасындагы “Киргизия” соода үйүнүн жетекчиси Мухтарбек Майнаев Нарындын экспорттук кудуретине баа берүүдө:

- Минералдык жер семирткичтерди бул жерден иштетип чыгарганга кызыгууда, дагы келишет, көрүшөт.

Өзүңүздөр билесиздер, дароо эле инвесторлор келе калбайт. Булар келип, көрүш керек. Элдин менталитетин, биздин жардамдын – достуктун келечекте керектүүлүгүн көрүп келишүүдө.


Сырткы инвесторлордун кызыгуусу боюнча облус губернатору Канатбек Муратбеков:

- Бүгүнкү күндө биздин картошка Орусияда абдан бааланып атат. Айыл чарба кызматкерлерине, дыйкандарга “күзүндө картошканы кымбат баада сырт жакка сатып берели” деп, иш алып баруудабыз.

Нарындын картөшкөсү өзгөчө касиети менен таанылган. Бирок бир кездери өстүргөн картөшкөсүн сата албай, кап-кабы менен төккөн учурлар болгон эле.

Азыркы учурда "экинчи нан" атыккан картөшкөнүн баасы кандай болду экен? Базарда көп жылдан бери картөшкө саткан Света айым:

- Былтыр ушул маалда 7-8 сомго алып, 10 сомго сатчубуз. Быйыл 15тен алып, 18-20 сомго чейин көтөрүп атабыз.

“Азаттык”: Баалар эмнеге кымбаттады деп ойлойсуз?

- Картошкалар азайган жок. Быйыл элдин баары эле айдады. Эми дагы кичине байкап турсак түшүп кетиши ыктымал.

Биз ишенимдүү айта албайбыз. Кээде түшүп кетет, кээде көтөрүлөт. Бирок жылдагыга караганда быйыл баасы жакшы.

Айтор нарындыктар быйыл картөшкөдөн калың киреше табабыз деп алды кудуңдап турушат.

Облустук айыл чарбаны өнүктүрүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 6 миң гектарга чукул картөшкө айдалган.

Күзүндө дыйкандар 83 500 тонна түшүм алат деп божомолдоп жатышат. Эгерде чын эле ойдогудай болуп, картөшкө Орусияга экспорттолсо, ала жаздан берки мээнетинин акыбети кайтчудай.

XS
SM
MD
LG