Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимди ратификациялады. Эми ГЭСти куруу үчүн каражат табуу жагы чечилиш керек. Орус тарап бул үчүн ГЭСтин өзүн күрөөгө коюу мүмкүнчүлүгүн айткан эле. Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев да ага каршылыгын билдирген жок.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстан менен Орусия 2012-жылы жетишкен ГЭСтерди куруу, карыздарды кечүү боюнча келишимдерди 16-апрелде ратификациялады.

Орусиянын энергетика министринин орун басары Юрий Сентюриндин билдирүүсүнө караганда, курулгандан кийин Камбар-Ата-1 ГЭСи жылына 4 млрд. 400 млн. килловат саат электр энергиясын, Жогорку Нарындагы ГЭСтер 1 млрд. 55 млн. килловат саат электр энергиясын иштеп чыгат. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн 2 млрд. доллардан ашык каражат, Жогорку Нарындагы ГЭСтер үчүн 800 млн. долларга жакын инвестиция керек.

Камбар-Ата долбоору өзүн 15 жылда актайт. Бул мезгил ичинде ГЭСти башкаруу орус тарапта болот. Андан кийин Кыргызстан менен Орусия ГЭСке 50/50дөн ээлик кылышат.

Кыргызстандын Электр станциялар акционердик коомунун эксперти Григорий Зыряновдун пикиринде, Кыргызстан үчүн Камбар-Ата ГЭСин куруу объективдүү зарылчылык. Анткени газ, мунайга жарды өлкө, электр кубаты менен энергетикалык керектөөсүн канааттандырууга тийиш.

ГЭСтин курулушунан Өзбекстан кооптонбой койсо болот, дейт Григорий Зырянов:

- Токтогул ГЭСинен жогору жакка канча ГЭС курулбасын, суу Токтогул ГЭСи менен башкарылат. Жогорку жакта курулган ГЭСтер биринчи кезекте Токтогулдун иштөө режимин баланстоо үчүн керек. Азыркы кезде республиканын электр энергиясына керектөөсүн канааттандыруу үчүн көбүрөөк суу сарптап жатат. Ошондуктан сууну регуляциялоо үчүн жогору жакта ГЭС керек.

Зыряновдун айтымында, азыркы мезгилде Камбар-Ата-1 ГЭСи курула турган жана курулушка керектеле турган жерлер тандалып, өлчөнүп, эсептелип жатат. Орус тараптын адистери да бул жерде жүрөт. Баары документтерди даярдоонун үстүндө иштеп жатат.

Документтер даярдалышына карай ГЭСти куруу үчүн жумшала турган каражат маселеси да чечилүүгө тийиш. Азыркы кезде ага каражат кайдан алынары белгисиз. Орус тарап ГЭСтин өзүн күрөөгө коюп, насыя алуу мүмкүнчүлүгүн көтөрүп жатат. Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда андай мүмкүнчүлүктү четке каккан эмес.

Камбар-Ата келишими менен кошо Кыргызстандын Орусияга карызын кечүү боюнча келишим да ратификацияланды. Айрым орус депутаттары карыздыкечүүнү сынга алды. Ал эми ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский карыздын ордуна Ысык-Көлдү алыш керек эле деп чыкты.

Жириновскийдин бул сөзү Кыргызстанда тескери реакцияларды пайда кылды. Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев Жириновскийди кескин айыптады:

- Бул эгемендүү Кыргызстандын жерин тартып алабыз деген жөн сөз эмес. Карыздын эсебинен кыргыздын жерин бөлүп алышыбыз керек деген. Бул бийликте сүйлөнүп жаткандан кийин, улуу трибунадан айтылып жаткандан кийин жөнөкөй сөз эмес. Бул биздин эгемендүүлүккө кол салып жатат. Биздин мамлекеттүүлүккө, мыйзамдуулукка кол салып жатат.

Мына ошондуктан бул маселе жөн калбай, Тышкы иштер министрлиги Владимир Жириновскийдин Кыргызстанга келишине тыюу салыш керектигин Дыйканбаев кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG