Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Москвада канча кыргыз бар? Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны чын эле 270 миңби же бейрасмий сан андан көппү? Эмне себептен Кыргызстанда Орусияда жүргөн эмгек мигранттары тууралуу маалымат аз?

“Азаттыктын” суроолоруна Орусиядагы мигранттардын көйгөйлөрүн, кыргыз-орус алакаларын, кыргыз диаспорасынын жашоосун чагылдырган Kginfo.ru маалымат-аналитикалык порталынын башкы редактору Асилбек Эгембердиев жооп берди.

“Азаттык”: Kginfo.ru порталы качан ачылды эле жана сизде бул идея кантип жаралды?

Асилбек Эгембердиев: Москвада 87-жылдан бери жашайм. Ушул жерде окуп, ушул жерде иштеп, калып кеттим.

Башынан эле бул жерде маалымат түйүнү болуш керек эле. Мен 5-6 жылдан бери бул жерде “корпункт” түзөбүз деп чуркап жүрөм. Көп жолу Кыргызстанга барып, ММКлардын жетекчилери менен да сүйлөшүп келдим. Бир да маалымат каражаты Москвада өзүнүн бөлүмүн ача албады, себеби бул жерде каражат маселеси аябай кыйын. Бир эле “корпункт” айына 4000 долларга айланат.

Ошондуктан мен Москвада 2 жыл мурун ушул сайтты түзгөм. Менин аудиториям азыр бир күндө - 200-300 адам. Жалпы аудитория 2 жыл ичи миллиондон ашып калды.

“Азаттык”: Орусиядагы мигранттар тууралуу, миграция боюнча мыйзамдар жөнүндө маалымат издей келсең сиздин сайт биринчи эле көзгө урунду. Орусияда жан багып жүргөн мекендештерибиз тууралуу атайын сайттар барбы?

Эгембердиев: Бир гана Москвада эле эмес, дегеле өлкө боюнча, Орусияда жашап жаткан кыргызстандыктарга байланыштуу башка электрондук ММК жок. Коомдук уюмдардын жеке сайттары бар, бирок ал жерден толук маалымат таба албайсың.

Менин негизги максатым – сайтыма түшкөн маалымат Кыргызстандагы гезиттерге жетсе, элеттиктер аны окушса. Биринчи кезекте мигранттарыбыз айылдан келишет. Алар даяр эмес келүүдө. “Агам кетти эле, артынан мен барам, иним кетти эле, ал мени күтүп алат” деп келип алып табышкандар бар, жоголгондор андан көп.

Акыркы күндөрү тил маселеси да кыйын. Тилди билбейбиз.

“Азаттык”: Орусчабы?

Эгембердиев: Ооба, бирок жаштык өз ишин жасайт экен. Күнүмдүк жашоодо колдонулчу сөздөрдү тез эле үйрөнүп алышууда. Тил билбеген, билими жок адам кайсы жерге барып иштейт? Эч ким аны ишке албайт. “Разнорабочий” деп койобуз, бизче айтканда кара жумушчу болуп иштешет. Бул жердеги мигранттардын 80-90 пайызы жумушка уруксат алганда дал ошол “разнорабочий” деген пункт менен кетишет.

Өзү Москвада, жүрөгү Кыргызстанда

“Азаттык”: Мен өзүм Москвага жаңы эле келдим. Биринчи эле байкаганым - көчөгө чыксаң, көчө толо кыргыз. Кыргызстанда жүргөндөй болот экенсиң. Москвада деги канча кыргыз бар? Акыркы жылдары көбөйүп кетти окшойт?

Эгембердиев: Москва боюнча ар кандай маалыматтар бар. Биздин коомдук уюмдардын маалыматы боюнча, 200 миңге жакын кыргыз бар деп билебиз. Анын ичинен көбү жарандык алган. Кечээ эле расмий түрдө 270 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгы алганы тууралуу маалымат чыкты. Ал деле расмий сан. Бейрасмий бул сан 400 миңге чейин жетет.

“Азаттык”:
Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар кайра мекенине кайтып келишеби?

Эгембердиев: Албетте. Ал боюнча сөз да болбош керек.

“Азаттык”: Эмнеге негиздеп айтып жатасыз?

Эгембердиев: Алар жарандык алганы менен бул жерде убактылуу гана иштеп жатышат. Эгер Кыргызстан жакшы болуп кетсе, 5-7 жылда кыргыздар баарыбыз барабыз.

“Азаттык”: Айрым социологдор жарандык алган соң кыргыздар Орусиянын калкына сиңип кетүү коркунучунда деп тынбай айтып келишет...

Эгембердиев: Бул божомолго мен ишенбейм. Себеби мен бул жерде жашап, адамдар менен сүйлөшүп жатам. 10 жылдык жыйынтыкты карасаңыз, он жыл ичи кыргыз оруска үйлөнгөн же тескерисинче окуялар бирин-серин. Ассимиляция байкалбайт.

Дагы бир себеп бар. Жарандыкты эмнеге алышат? Орусияны жакшы көргөндүгү үчүн эмес, жарандык менен иштөө оңой, жашоо оңой. Жарандык алышат, бирок адамдар жатаканада жашайт, каттоого турган эмес. Алар качан гана болбосун Кыргызстанга кетебиз деп даяр турушат. Бүгүн болбосо эртең кетет.

“Азаттык”: Тил, маданият сакталуудабы? Азыркы мигранттардын бейнеси кандай?

Эгембердиев: Кайсы жерде болбосун кыргыздар сактап калышат деп ишенем. Азыр Москвада ийгиликке жетишкен кыз-жигиттер да көбөйдү. Менеджер болуп иштешет. Дагы бир жакшы көрүнүш – мигранттардын 20 пайызы 1-2 тепкичке көтөрүлдү. Себеби 5-6 жыл мурун көчө шыпыргыч болушса, азыр ашпозчу, башкы ашпозчу болуп иштеп жатышат. Арасында суши барларда иштегендер көп, менедежерлер көп. Кыргыздар аябай ак көңүл. Орустарга – ишке алып жаткан тарапка – бул аябай жагат.

“Азаттык”: Мен миграция боюнча мыйзамды канчалык жакшы билсем деле, келээрим менен жеке ишканага кайрылып, 3 айлык регистрацияны 1200 рублга сатып алдым. Бул өзүнчө бир чоң бизнеске айлангандай сезилди.

Эгембердиев: Сиз арзан сатып алыпсыз (күлүп). 2-3 миң рублга чейин жетет. Сиз байкаган көрүнүш – өзүбүздүн шорубуз. Бири-бирибизди алдап жатабыз. Бул жаатта 100дөн ашуун фирмалар иштейт. Бирөөнү алдашат. Жеңил тамак. 250 рубль турган нерсени 1500 рублга сатышат. Анысы таза болсо жакшы. Бирок көбү жасалма. Ошол бизнестегилердин башы – үй алып, “Жиптерди” минип жүрүшөт. Иштөө үчүн уруксат – 15-20 миң рубль.

“Азаттык”: Сизге рахмат. Ишиңизге ийгилик.

Тасмада: Бишкек-Москва: Мигранттын үмүтү

Өткөн жылдарга салыштырмалуу Москвага агылган да, кайра кайтып келген да кыргызстандык мигранттардын саны азайганын темир жолчулар билдирип жатышат. Поездге түшүп, жүрөгүнө үмүт байлап кетип бараткан мекендештерибиз менен кабарчыларыбыз баарлашты. MiT

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG