Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Орус тили боюнча бирдиктүү мамлекеттик сынакка окшогон экзамендин киргизилери тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматы кабарлады. Орус тилин жетиштүү деңгээлде билбегендер Орусияда турууга укук бере турган документти ала алышпайт. Сынак эмнеге киргизилүүдө жана андан жыйынтык болобу?

Орус тили сынагы тууралуу маалыматты журналисттерге Федералдык миграция кызматынын директорунун орун басары Екатерина Егорова тактады.

Орусияда турууга укук бере турган документ, же орусча айтканда “вид на жительство” алуу үчүн эми эмгек мигранттары тил сынагынан өтүшү зарыл.

Бул демилге мыйзам долбооруна киргизилип, күзүндө Мамлекеттик Думада каралары күтүлүүдө.

Долбоор жактырылса, гастарбайтерлер үчүн тесттин баасы 6000 рубль болот (200 доллардын тегереги).

Федералдык миграция кызматындагылар бул бааны англис тили боюнча IELTS же TOEFL өңдүү сертификаттардын баасы менен теңешкен. Аталган сертификаттарды англис тили колдонулган өлкөлөрдө жумуш берүүчүлөр сөзсүз талап кылышат.

Азырынча кайсы кесиптер үчүн тилдин деңгээли кандай болуш керек экени белгисиз. Бирок миграция кызматы тактагандай, эми орус жарандыгын да орус тилин мыкты өздөштүргөндөр гана ала алат.
Орусия боюнча мындай экзамендерди өткөрө ала турган 160 борбор даярдалган, алар жогорку окуу жайлардын негизинде иштемекчи.

Орус тили тестин киргизүү демилгеси башка пилоттук долбоордун уландысы. Жайдын башында Федералдык миграция кызматынын жетекчилери Кыргызстанга жана Тажикстанга барып, кесиптик-техникалык окуу жайлардын негизинде орус тил курстарын ачуу боюнча макулдашып келишкен.

Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин басма сөз катчысы Назгүл Мурзалиева:
- Бул маселе мигранттардын орус тилин билбей жатышынан улам көтөрүлгөн. Биздин министрлик эл аралык уюмдар менен чогуу долбоорду ишке ашырат. Эл аралык уюмдар техникалык жагын колдоп беришет.

Биринчи курстар Ош шаарында кесиптик-техникалык лицейде сентябрда ачылат. Курс кесипке жараша 3-4 ай акысыз. Ошто ачылып жатышынын себеби бар: бул облустан адамдар Орусияга көп кетишет.


Мындан тышкары Кыргызстанда Казан технологиялык университетинин филиалы да сентябрдан тарта Кант шаарында иштей баштайт. Анын негизги максаты – кесипке даярдоо жана тил үйрөтүү. Ушул эле университеттин филиалы Тажикстанда да ачылмакчы.

Миграцияга чейинки борборлор акысыз, бирок Орусиянын босогосун аттаган соң тест үчүн адам өзү же аны жумушка алган ишкер акы төлөшү зарыл, болбосо адам өз алдынча тил билиши керек.

“Моя твоя не понимать!”

Өзүн Актилек деп тааныштырган жигит Москвада куруучу болуп иштейт. Москвага иштейм деп келгендердин 70 пайызы такыр орусча билбейт, акыркы жылдарда мындайлар өзгөчө көбөйдү деген Актилек 4 жыл мурун айылдан келген, бирок азыр деле орусча эркин сүйлөй албайт.

- Курулушта кыргыздар менен иштейм. Орус тили кереги деле жок.
Мигранттардын бир тобу курулушта иштешет же көчө шыпыруу, ар кандай тейлөө жаатында эмгектенишет. Айрымдарга тил чын эле кереги жоктой сезилет.


Бирок Орусияда туруп, орусча билбесең кыйналасың. Орус тили коомго тезинен аралашып, жакшыраак айлык алып, дурус жумуш таап, өз укуктарыңды билгенге да өбөлгө.

Ушул аптада “Азаттыктан” орус тилин билбей чоңоюп жаткан мигранттардын балдары тууралуу репортаж даярдаганбыз. Мындай балдардын мектепке бара албай, билимсиз, басмырланып чоңоюп жатканын сүрөттөгөн элек. Алардын бири - кыргызстандык кыз Машхура.

Кызыгы, Машхура Орусиянын жараны. Орусиянын жараны болуп туруп, орус тилин билбегендер четинен жолугат. Ошентсе да Орусияга Тажикстан жана Өзбекстандан келген мигранттарга караганда эмнегедир кыргызстандыктардын тил өздөштүрүү жөндөмү түзүгүрөөк.

Майнап чыкса болду

Орусиядагы диаспоралардын жетекчилери жана адистер тестирлөө идеясын жапа тырмак колдоодон алыс. Орус тили боюнча киргизилчү тест - коррупциянын дагы бир булагына айланат деген коркунуч күч. Ансыз деле квота деп аталчу жумушка уруксат кагазы да буга чейин паракорлукту өрчүткөн.
Жасалма медициналык карталар, каттоо боюнча документтер мыйзамсыз, бирок ири бизнеске айланган. Аларды Казан бекетине барып же интернетке кирип акчага сатып ала аласыз.

Ааламдашуу проблемалары боюнча институттун жетекчиси, орусиялык саясат таануучу Борис Кагарлицкий орус тилин мыкты билген жогорку даражадагы адистер баары бир Орусияга келбей турганын, ал эми өлкөгө абдан керек, бирок орусча билбеген адистерге Орусия өзү кызыкдар жана алардын тил билишин да Орусия камсыз кылыш керектигин айтат.

Чынында эле Кыргызстандагы билимдүү, көбүнчө шаардык жаштар орусча мыкты билип, тескерисинче, кыргызча билишпейт. Алардын Кыргызстанда жумушу бар же Батышта жүрүшөт. Бирок Орусияга келгендердин көбү - орус тили жакшы окутулбай калган айылдын жашоочулары.

Орус тил билсең – Бишкекке, билбесең – Москвага...

18-июнда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Кыргызстан элинин ассамблеясынын курултайында этностук өнүгүү боюнча концепция кабыл алынганын билдирип, андагы эң негизги орунду - мамлекеттик тил – кыргыз тили алаарын белгилеп өткөн.
Биринчи курстар Ош шаарында кесиптик-техникалык лицейде сентябрда ачылат. Курс кесипке жараша 3-4 ай акысыз.

Президенттин пикиринде, кыргыз тили – өлкөдөгү бардык этносторду бириктирчү көпүрөгө айланыш керек жана мектептер “кыргызчалана” турган мезгил келип жетти. Ошону менен бирге президент орус тилин эч ким чанбаганын да кошумчалаган.

Бул демилге калкта кенен колдоого алынып, социалдык тармактарда акыркы убактарда орус тили кереги жок деген чакырыктар арбын жолугат. Ошол эле мезгилде орусиялык гезиттерде Кыргызстанда орус тили басмырланып жатат деген бир жактуу макалалар да көп.

Ал эми Орусияга экономикалык, социалдык себептерден келген мигранттардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Так маалымат эч кимде жок, бирок 500 миңден көп кыргызстандык Орусияда жүргөнү анык. Эми алардын жашоо-шартынын жакшырышы орус тилине байланыштуу.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG