Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Орусия Ошко база кургусу келет


Орусиянын Канттагы авиа базасы,12-август, 2012.
Орусиянын Канттагы авиа базасы,12-август, 2012.

Орус өкмөтү Орусиянын Кыргызстандагы бирдиктүү аскердик базасынын статусу жөнүндөгү келишимди ратификациялоону сунуштады.

Бул арада орус маалымат каражаттары бул келишимдин ратификацияланышы менен Ошто орустардын жаңы аскердик базасы ачыларын жазып чыкты. Кыргызстанда болсо сентябрдагы келишимде жаңы аскердик база тууралуу сөз жок экени айтылууда.

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев келишимди ратификациялоону орус президенти Владимир Путинге 25-февралда сунуштаган. Кыргызстан мурда эле ратификациялаган. Ал эми 21-февралда кыргыз парламенти Камбар-Ата жана Жогорку Нарында төрт ГЭСти куруу боюнча кыргыз-орус келишимин үч окууда жактырды.

Бишкек менен Москва өткөн жылы сентябрь айында аскердик базалар, ГЭСтерди куруу, Кыргызстандын карызын кечүү сыяктуу келишимдерге жетишкен.

Орусиянын Кыргызстандагы бирдиктүү аскердик базасы боюнча келишим орус аскерлеринин Кыргызстанда узак мөөнөткө, 20 жылга чейин калуусуна жол берет. Бирок анда Орусиянын Кыргызстандын башка жеринде аскердик базасын ачуу жөнүндө сөз болгон эмес.

Аны Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасынын орун басары Жоомарт Сапарбаев да бышыктады :

- Сентябрдагы келишимде база ачуу боюнча сөз жок болчу. Анткени жаңылышпасам, орустардын базасын түштүктө ачуу боюнча маселе жок болчу.

Кыргызстандын Коргонуу кеңешинин жетекчилиги жаңы база боюнча суроого жооп берүүгө даяр эмес болуп чыкты.

Ал эми Орусиянын “Независимая газетасынын” жазуусуна караганда, жакын арада Орусиянын жаңы базасы Ошко орноштурулат. Аны орнотуу өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаев президент Владимир Путинге кайрылган. Базанын Ошко орнотулушунун максаты - Фергана өрөөнүндө туруктуулукту камсыз кылуу.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандагы Орусиянын бирдиктүү базасы жөнүндө келишим болгондугун, ал эми Ошко база куруу жөнүндө сөз болбогондугун билдирет. Анын айтымында, база ачуу жеңил-желпи иш эмес. Ал үчүн жер бөлүнүп берилип, анын эмнеге керектиги негизделиш керек. Андай аракеттер жасала элек.

Негизи эле Ошко база керекпи деген суроого Иманкулов мындай жооп берди:

- Менин оюмча, чоң базанын кереги жок. Анткени андай база Тажикстанда бар. Кыргызстанда да ошондой куралдуу күчтөрдү кармоонун кажети жок. Бирок ал жерде атайын кызматтарды машыктыруучу базасы болсо болот. ЖККУга кирген, КМШга кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын чакан топторун машыктыруу, ошолорго натыйжалуу күрөшүүнү үйрөтүүчү машыктыруучу база түзүлө турган болсо, ал туура болот.

Иманкуловдун пикиринде, Орусиянын Борбор Азияда кызыкчылыгы күчтүү. Анткени региондогу кырдаал Орусиянын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет.

Орусиялык эксперт Александр Собянин түштүккө орус аскердик базасы жайгашса, региондогу коопсуздукка байланыштуу бир катар маселелер чечилерин буга чейин билдирип чыккан. Анын пикиринде, база гидроэнергетика жана тоо-кен тармагына салынган орус-кыргыз инвестициясын коргоо үчүн, Фергана өрөөнүндө халифатты курууга каршы турууга, улуттар аралык жаңжалдарга жол бербөө үчүн керек. База болсо Өзбекстан да Кыргызстанга карата коркутууларын токтотот.

Кыргызстандык эксперт Артур Медетбеков Кыргызстанга дагы бир орус базасынын кереги жок десе, Жалил Иманбердиев база ачыла турган болсо, ал террорчулук, баңгизаттарын ташуу, адам уурдоо сыяктуу жалпы адамзаттык коркунучтарга каршы күрөшүү багытында болуш керек деген пикирде болууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун айтымында, Орусия Кыргызстан түштүгүндө аскердик база ачууга көптөн бери кызыкдар болуп келатат. Ошондуктан тийиштүү келишимдер жок эле орус гезиттери, эксперттери Ошто база жөнүндө сөз кылып келишет. Бул жерде чоң саясат жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG