Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Кыргызстанга Владимир Путин келатат


Орус президенти Владимир Путин 20-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Анда эки тарап аскердик, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшу күтүлүүдө.

Владимир Путин Кыргызстанга бир күндүк расмий сапар менен 20-сентябрда келет. Бул маалыматты президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков 13-сентябрда тастыктап, ушул тапта сапар учурунда кол коюла турган документтер даярдалып жатканын белгиледи:

- Даярдыктардын баары жүрүп атат. Биздин министрликтер, ведомстволор, өкмөт - баары келишимдердин үстүндө иштеп жатат. Маселелердин баары даярдалууда.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанга август айынын орто ченинде Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов баш болгон делегация келип, аскердик, энергетикалык тармактарда кызматташуу жана Кыргызстандын Орусияга карызына байланыштуу маселени сүйлөшкөн. Анын жыйынтыгы боюнча үч протоколго кол коюлуп, сентябрь, октябрь, ноябрь айларында келишимдерге кол коюу жана ички процедуралардан өткөрүү милдетин алышкан.

Орус президентинин сапары учурунда мына ошол протоколдордо каралган келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Ал долбоорлордун айрымдарын Кыргызстан парламенти карай баштады. Маселен, ушул аптада Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Орусия менен түзүлө турган аскерий келишим долбоорун жактырды.

Комитеттин мүчөсү Нурлан Төрөбеков долбоорду кароо учурунда айрым карама-каршылыктар чыкканын билдирди:

- Кант аба базасындагы аскерлерге иммунитет берүү жана ижара акы боюнча маселе курч болду. Эки маселени тең карадык. Бириккен улуттар уюмунун конвенциясында иммунитет берүү жагы каралган. Анын үстүнө "Манастагы" америкалык аскерлерге иммунитет берип, Канттагыга бербесек адилеттүүлүк болбой калмак. Көпчүлүк добуш менен колдодук. Албетте кээ бир депутаттар каршы болушту.

Комитет мүчөлөрү ошентип орус аскерлерине иммунитет берүү жана базаны коммуналдык төлөмдөрдөн бошотууну, ижара акы албоону жакташты. Бирок электр энергия пайдаланууда лимит коюлуп, андан ашкан учурда орус тарап өзү төлөөрү белгиленди.

Көз кызарткан келишимдер

Август айында кол коюлган протоколдордун биринде Кыргызстандын 500 млн. долларга жакын карызын кечүү жолдору жана мөөнөттөрү каралган. Ага ылайык 190 млн. доллар дароо кечилсе, 300 млн. доллар 2016-жылдан баштап, он жылдын ичинде жоюлуш керек. Парламенттин тышкы саясат комитетинен алынган маалыматка караганда, бул багыттагы келишимдер боюнча иштер жүрүүдө.

Кыргыз-орус тарап кол койгон протоколдун үчүнчүсү энергетикага байланыштуу болгон. Президент Алмазбек Атамбаевдин 12-сентябрда парламентте билдирүүсүнө караганда, орус тарап Жогорку Нарында төрт эмес, сегиз ГЭС курууга макул болууда:

- Ушул жерден айтсам болот, Кытай тарап Кыргызстандан электр энергиясын сатып алабыз деген сөздү уккандан кийин “Русгидро” Нарын каскадына төрт эмес, сегиз ГЭСти курабыз деп жатат. Ушундай курулуштар болгону жатат.

Кыргыз-орус энергетикалык кызматташуусунда негизги орунду Камбар-Ата-1 ГЭСи ээлейт. Региондун суу-энергетикалык балансына таасир эте турган бул курулушка кошуна мамлекеттер да тынчсыздануу менен көз салууда. Атүгүл өзбек президенти Ислам Каримов Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата боюнча түзө турган келишимди белгилеп, “суу маселеси региондо согушка алып келиш мүмкүндүгүн” эскертти.

Кыргызстандагы расмий органдар Владимир Путиндин сапары учурунда мына ушул Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимге кол коюлуш мүмкүндүгүн азырынча айтпай турушат. Муну алар учурда сүйлөшүү, такташуулар жүрүп жатканы менен байланыштырууда.

Орус президенти 19-сентябрда Казакстанда иш сапар менен болуп, 20-сентябрда Кыргызстанда болмокчу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG