Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Мигрант спортчулардын изги тилеги


"Жаш күч" спорт клубу
"Жаш күч" спорт клубу

Москвада кыргызстандыктардын жыйырмадай спорт клубу иштейт. Эмгек мигранттары машыккан бул залдардын ичинен “Жаш күч” клубунун түзүлгөнүнө алты жылдан ашкан.

Жөнөкөй мигрант балдардан эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдаган “Жаш күч” клубунун негиздөөчүсү жана машыктыруучусу Айбек Мусаев "Азаттыкка" маек курду.

Москвадагы “Жаш күч” клубуна 17-28 жаш курактагы уландар жумушка баргандай эле аптасына беш жолу келишет. Кечки саат тогуздан кийин башталчу машыгуулар түн бир оокумга чейин уланат.

Бул залда машыктыруучу Айбек Мусаевдин үнү гана жаңырып угулат, ал эми тарбиялануучу балдар аскерде кызмат өтөгөн жоокерлердей эле шайдоот кыймылдашат.

Ортодо Айбек Мусаев
Ортодо Айбек Мусаев

Айбек Мусаев “Жаш күч” клубун 2011-жылы негиздеген. Андан бери кол алдында жүздөгөн балдарды тарбиялаган. Ал машыгууга биринчи келген баланын эмнеге жөндөмдүү экенин дароо байкарын айтты:

- Азыр эки жүздөй бала машыгат. Дасыккандар жана башталгычтар деген эки тобубуз бар. Албетте, көбү Москвага “иштейли, үй-бүлө багалы” деп келген балдар. Алар залга өз каалоосу менен келет. Баары эле чоң мелдештерди каалабайт. Негизи, ушул залдагы балдардын 90 пайызынан спортчуларды даярдоого болот. Бирок башкысы - баланын өзүндө каалоо, умтулуу болушу керек. Ал эми аны таптап, даярдап, чемпиондук деңгээлге жеткирүү машыктыруучунун колунан келе турган иш. Мен өзүм көчөдө жүрүп эле залга келип калган адам эмесмин. Бишкектеги Дене тарбия институтун бүтүргөм. Психология, философия, анатомия, физиология деген сабактарды жакшы өздөштүргөм. Ар бир келген баланын тарбиясын, мүнөзүн, физикалык мүмкүнчүлүктөрүн карап билесиң, психолог дагы болуп калат экенсиң.

Балдар залда
Балдар залда

Клубдун тарбиялануучулары эр уруш, эркин күрөш, самбо жана башка спорт түрлөрү боюнча акыркы жылдары Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндөгү эл аралык мелдештерге катышып, чемпиондуктарды алып келет. “Жаш күчтүн” чоң таймаштарда таанылып, оозго алынып, көзгө көрүнүп калган бир топ спортчулары бар.

- Данияр Бабакулов, Жунус уулу Нимат, Тилек Батыров, Тилек Машрапов, Бактияр Тойчубаев деген балдарыбыз жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келе жатышат. Алардын арасында эки дүйнө чемпиону бар. Бактияр Тойчубаев менен Тилек Машрапов 2015-жылы Кишиневде MMA (Mixed Martial Arts – эр уруш) боюнча дүйнө чемпиону болушкан. Андан тышкары Тилек Батыров деген балабыз бар. Ал дагы бир топ эл аралык мелдештерде өзүн көрсөтүп, азыр Азия ONE FC (ONE Fighting Championship) деген профессионалдык уюмда Кыргызстандан кирген биринчи спортчу. Мындан тышкары бир топ көрүнүктүү балдарыбыз бар. Аларды күйөрмандарыбыз билет.

Чет жакта кызыл желекти желбиретип, Кыргызстандын атынан чыгып жүргөн спортчулар өздөрүн өздөрү каржылап келишет. Спорт залдын ижара акысын, утуш-байгелерди жана машыгуучулардын анча-мынча көйгөйлөрүн ортого салып чечишет.

- Чынын айтканда, каражат жагынан кыйынчылыктар болот. Залдын ижарасына эле 2 миң доллар кетет. Аны машыккан балдар ортого акча чыгарып, өзүбүз жабабыз. Андан тышкары таймаштарга баруу керек болгондо жол, тамак-аш, жатакана жана спорттук кийим-кечеге чыгымдар керек болот. Анда байкелерге жардам сурап кайрылып калабыз. Ушунча жылдан бери таймаштарга Кыргызстандын атынан чыгабыз.

Мигрант балбандын Сеулдагы жеңиши
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Анча-мынча кыйынчылыктарга карабастан жеңиштин даамын татып, өз күчтөрүнө ишенип калган, жөнөкөй мигранттардын арасынан чыккан спортчулар океандын ары жагындагы таймаштарга катышып, дүйнөлүк деңгээлге чыгууну эңсешүүдө. “Балдарым Москвадагы залдарда эле калып калышпасын деп тилейм”, - дейт машыктыруучу.

- Эр уруш боюнча Америкадагы UFC (Ultimate Fighting Championship) уюмуна умутулуп жатабыз. Ал жакта азыр Кыргызстандан бир гана Валентина Шевченко бар. Кыргыз спортчуну ошол деңгээлге жеткирели деген оюбуз бар. Ушул тапта бир катар эл аралык промоутердик уюмдар менен келишим түзүп, ал жакта спортчуларыбызды каттоодон өткөрүп жатабыз. Мындай промоутерлер биздин спортчуларга ылайыктуу чоң таймаштарды таап, аларды алдыга чыгарууга жардам беришет. Балдар Москвада же Орусиянын ичинде эле жүрө бербесе дейсиң. Эр уруш бизде азыр гана өнүгүп келет жатат. Башка Европа, Америка жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүндө бул татыктуу кесип.

Эр уруш боюнча дүйнөлүк ареналарда таанылууну максат кылган Москвадагы кыргызстандыктардын “Жаш күч” клубу Америкадагы Jackson Wink MMA деген борбор менен келишим түзүп, спортчусу Тилек Машраповду жөнөтүп жаткан кези. “Бул чоң максатка карай салмактуу кадам”, - ишенет Айбек Мусаев.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG