Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Боз үйдө окуган балдар суукта кыйналды


Боз үйдө окуган Кожокелен айылындагы балдар
Боз үйдө окуган Кожокелен айылындагы балдар

Кара-Суу районундагы Кожокелен айылында окуучулар кыштын ызгаарында боз үйдө билим алып жатышат.

Кыштак мектеби авариялык абалга кептелип, былтыр февралда жабылган. Андан бери 300гө жакын бала бир канча боз үйдө жана жеке турак жайда окууга аргасыз. Бийликтер болсо мектептин курулушу дагы эки-үч жылга созулушу мүмкүндүгүн айтышууда.

Тоолуу айыл деп саналган кожокелендик балдар кышкы ызгаарга карабай кадимки кийиз капталган боз үйдүн ичинде билим алышууда.

Жаңы мектеп курулушу аягына чыгышын чыдамсыздык менен күткөн окуучулар жылды боз үйдө жыйынтыкташканы калды. Быйылкы жылуу кышта деле Кожокелен кыштагында кар калың, суук күчүндө. Боз үйдөгү окуучулар Жайнагүл менен Сагынаалынын күткөнү эле жаңы мектептин курулушунун эртерээк бүтүшү:

- Боз үйдө окуган абдан жаман экен. Суук, эшик ачылган сайын ызгаар уруп турат. Мешке от жагабыз бирок андан ыш-түтүн чыгып турат экен. Абаны тазарталы деп эшикти ачсак суук кирет, үшүйбүз. Парталарга отурганда кысылып, батпай атабыз, жазганда колдорубуз тийишип жолтоо болот. Айла жок, окуубузду үзгүлтүккө учуратууга болбойт - дешти окуучулар.

Боз үйдөгү сабак
Боз үйдөгү сабак

Оштун Кара-Суу районунун Кожокелен айылындагы Султан Ибраимов атындагы мектеп былтыр жыл башында жабылган. Анын ордуна жаңы мектепти куруу иштери дароо эле башталган. Бирок окуучулар чыдамсыздык менен күткөн мектеп өткөн жылы толук бүтпөй калган. Учурда 300 окуучу аргасыз боз үйдө жана турак жайларда билим алып, бир партага төрттөн отурганга мажбур болууда.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эски мектепти жараксыз деп тапкан. Анүстүнө быйыл күздөн бери Ош облусунун аймагында табигый кырсыктар орун алып, жер титиреп атпайбы. Ошон үчүн тобокелдикке барбайлы деп, суук болсо да боз үйгө чыгып алганбыз. Бир эле боз үй эмес, эки-үч үйдө да атайын класстарды даярдаганбыз, балдар ошол жерде да билим алууда. Мектебибиз бүткүчө кандай шарт болсо да окутуп турууга аргасызбыз,- деди мектептин физика мугалим Маматали Мусурманкулов.

Ош облусунун аймагында табигый кырсыктар орун алып, жер титиреп атпайбы. Ошон үчүн тобокелдикке барбайлы деп, суук болсо да боз үйгө чыгып алганбыз.
Маматали Мусурманкулов

Ибраимов атындагы мектептин эски имараты 1986-жылы курулган. Ал имарат кезинде чабандарга жашоочу турак жайга ылайыкташкан. Типтүү мектеп курулбагандыктан имарат кийинчерээк мектепке колдонууга берилген.

Мектеп директору Нурлан Калыков жаңы мектеп курула баштаганын, бирок каражат тартыштыгынан иш жылбай турганын маалымдады:

- Жаңы мектептин жерпайы казылып, спортзалдын пайдубалы курулду. Менимче, курулуштун 10% бүтүп калды окшойт. Президент ушул жылы өлкө боюнча 100 мектеп курулат деп айткан, биздин мектеп да ошонун ичине кирди деп укканбыз. Быйыл күзгө дейре мектептин курулушу бүтөт деген үмүттөбүз. Биз эми муну тездетип жибере албайт экенбиз. Айыл өкмөт деле, Кара-Суу райондук администрациясынан деле келип көрүп жатышат. Баары эле быйыл сентбярга мектебиңер курулуп бүтөт деп убада беришүүдө.

Балдар жылуу отурушу үчүн бат-баттан мешке от калоого туура келүүдө.
Балдар жылуу отурушу үчүн бат-баттан мешке от калоого туура келүүдө.

Жаңы 225 орундуу мектеп куруунун тендердик баасы 52 миллион сом болсо, азыр 8 миллион сомдук жумуш аткарылган. Курулушту тендерден утуп алган “Интерар-Сервис” аттуу фирма ишке ашырууда. Финансы министрлиги калган каражаттарды которсо эле, курулуш иштери кайрадан уланат.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү болсо аймакта бир канча мектептерде курулуш иштери жүрүп жаткандыктан, жаңы имараттар эки-үч жылда пайдаланууга берилерин айтууда. Ош облустук аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Урмат Ираев мындай деди:

- Планга 50 миллион сомдук бир объект кирсе, анын бардыгын өкмөт бир жылда берип, кутулуп бүтө албайт. Маселен, азыр өлкө боюнча 600 социалдык объект бүтпөй турат, алардын баарына бир убакта акча бөлүү кыйын да. Андыктан мамлекет бул объекттерге жумшала турган акчаны бөлүп-бөлүп берет. Акча тартыш болгондуктан, жылына облуста болгону 20-30 объект бүтүп атат.

Ош облусунда мындан башка да айылдарда ондогон мектептер авариялык абалда турат. Алардын айрымдарында сабак тобокелдик менен өтүлүп жатса, кээ бир мектептин окуучулары ушинтип чатырда же боз үйлөрдө билим алууга аргасыз.

Өткөн жылы Ош облусунда 92 мектепти бүткөрүү пландалса, анын 32си гана ишке берилген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG