Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Укук коргоочулар балдарга карата зомбулуктун формалары өзгөрүп баратканын белгилешүүдө. Айрым мектептерде рэкетчилик акча чогултуудан кара жумушка тартууга өткөнү айтылып жүрөт.

9-класстын бүтүрүүчүсү Сыргак мындан ары мектепте билим алуусун улантпай турган болду. Анын ата-энеси кеңешип, баланы кесиптик техникалык билим берүүчү окуу жайга киргизүүнү чечишкен. Буга ириде мектептеги рэкетчилик себеп болгон.

Сыргактын апасынын айтуусунда, бала 7-8-классында кыялы өзгөрүп, мындан улам сабагы да начарлап кеткен. Сыргак өзү бул маселе тууралуу ачык сүйлөшүүнү каалабайт. Ал муну бардык эле мектептерде боло жүрүүчү, кадимки көрүнүш деп эсептейт.

Баланын сөзү боюнча, жогорку класстардын балдары кенже класстардын балдарына акчалай "салык" салып, кийим-кечесин же телефонун тартып алган учурлар мурдатан эле болуп келген.

Рэкетчилик - түрмөгө карай чыйыр

Жарандык активисттер жана ата-энелер мектептеги рэкетчилик кадимки көрүнүшкө айланып баратканын, мунун артында чоң көйгөй жатканын белгилешет.

Жакында эле “Реформа жана натыйжа үчүн” жарандык кеңеши жарыялаган баяндамада мектеп чөйрөсүндөгү зомбулук жана кыйноолор олуттуу маселе боюнча калып жаткандыгы айтылат. Аталган уюмдун өкүлү Урмат Казакбаевдин айтуусунда мектептеги рэкетчиликтен кылмышкер балдар өсүп чыгууда:

- Мектеп рэкетчилигинин кесепети абдан чоң, өтө коркунучтуу болуп жатат. “Салык” салынган балдар көбүнчө акчаны үйүнөн же башка жактан уурдап барып беришет. Кичүү балдарды тоноп, акчасын алышат. Ата-энесинен акча суроого балдардын эрки жетпейт. Ата-эне бир-эки жолу акча берип, кийинкисинде бербей коюп, такып сурашы ыктымал. Рэкетчиликтин тартиби боюнча бала өзүнө “салык” салынып жатканын эч кимге айтпашы керек, эгер айтып койсо “саткын, оозу ачык” аталып, чөйрөдөн четтетилет деген тартиптер бар. Тилекке каршы, балдарыбыз мектептен баштап эле кылмыш дүйнөсүнүн эрежеси менен жашап жатышат.

Жаңы конуш. Бишкек

Жаңы конуш. Бишкек

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, 2015-жылы Кыргызстанда мектеп рекетчилигине байланыштуу 101 учур катталган. Укук коргоочулар иш жүзүндө бул көрсөткүч кыйла жогору болгонун белгилешүүдө.

Баяндаманын автору “Реформа жана натыйжа үчүн” жарандык кеңеши мектеп окуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин жана милиция кызматкерлеринин арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Уюмдун өкүлү Урмат Казакбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, сурамжылоо учурунда мектеп окуучулары менен мугалимдердин, милиция кызматкерлеринин берген маалыматтары ачакей чыгат:

- Мугалимдер мектептеги рэкетчилик фактыларын жаап-жашырууга аракеттенет. Анткени, бул мектептин аброюна шек келтириши мүмкүн. Андан тышкары мектептин жетекчилиги райондук же шаардык билим берүү башкармалыгынан сөгүш угушу ыктымал. Экинчиден, маалымат чыгып кетсе, милициядан, Улуттук коопсуздук кызматынан кишилер келип же чакырып, тынчыбызды алышат деп чочулашат. Ушундай эле эки ача маалымат окуучу менен милиция кызматкеринин ортосунда да чыгат. Анткени милицияга да так маалыматтар жетпейт.

"Акчаң жокпу? Ишимди жаса"

Биздин каарманыбыз Сыргактын айтуусунда, азыр үйүнөн акча алып келе албаган балдар аны доолаган жогорку класстагы баланын үйүнө барып, кара жумушун жасап беришет:

- Эгер балдар акча алып келе албаса, анда ошол балдардын үйүнө барып, ишин жасап беришет. Бизде көбүнчө талаадагы ишин жасатышчу. Өзүңдүн талааңда иштеп жатсаң алып кетишет. Бизге былтыр өзүбүздөн бир жаш улуу балдар жаңы жылдын алдында “баарыңар биригип 1000 сом таап койгула” дегенде биз баш тартканбыз. Чоң чатак чыккан. Мектептен кайтканда ээн талаага барып, “териштиргенбиз”. Чоңдор, мугалимдер билген эмес. Алар билбейт эч нерсени.

Тилекке каршы, балдарыбыз мектептен баштап эле кылмыш дүйнөсүнүн эрежеси менен жашап жатышат.

Мындан тышкары мектепте “салык” төлөй албаган окуучунун жакшыраак кийимин же телефонун тартып алып, күрөөгө коюп коюу да кеңири тараган көрүнүш. Күрөөгө коюлган телефонду кайтарып алуу телефондун ээсинин иши. Мындай учурларда да телефонду кайра алуу үчүн өспүрүм кылмышка барышы толук ыктымал.

Жарандык активисттер орто мектептерде “кылмыш маданияты” жайылып баратканын белгилешүүдө. Алар өспүрүмдөрдүн арасында кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүн кумир тутуу, сүйлөгөн сөздөрүнө түрмө жаргондорун кошуп сүйлөө, өзүнөн алсыздарга күч көрсөтүп, жакшы буюмдарын же акчасын тартып алуу сыяктуу көрүнүштөр күч алганын айтышат.

Активисттердин белгилөөсү боюнча, өспүрүмдөр кинодон, турмуштан, ар башка жагдайлардан терс тарбия алып, рэкетчиликти мода көрүп жатканы да ушуга алып келүүдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG