Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Зарылбек Рысалиев: Исламга жамынып кыянат жасашты


Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев

Кыргызстан Ички иштер министри Бишкектен өйдө, тоо этектеги Беш-Күнгөй айылында өткөн атайын операция бүтөөрү менен “Азаттыкка” интервью берди.

Зарылбек Рысалиев: Кечээ кечинде (4-январь) биздин кызматкерлерге ок аткан кылмышкер тобуна күнү-түнү издөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында бүгүн Арашан менен Беш-Күнгөй айылынын тоо кыркаларынын жээгинде жайгашкан мал сарайдын ичинен булар менен биздин кызматкерлердин чоң кармашуусу болду. Ал бир жарым саатка чейин узарып, автомат жана мылтыктардан ок атылды. Эки ортодо биздин бир кызматкерибизге ок жаңылып, алган жаракатынан көз жумду.

Ал эми үч кылмышкердин экөөнө ок жаңылып, ошол жерде каза табышты, бирөөсү тирүүлөй колго түшүрүлдү. Бул атайын жасалган операция жаңы бүтүп, тергөө амалдары жүрүп атат. Ок жаңылгандардын чоо-жайын аныктоого кириштик.

“Азаттык”: Ушул топтун Спорт ордосунун жанындагы жардырууга да тиешеси бар деп Сиз буга чейин айттыңыз эле...

Рысалиев: Булардын Спорт ордосунун жанындагы, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын алдындагы жардырууга катышы бар, андан башка ЦУМду, «Вефа» борборун жардырабыз деген максаттары болгонун мурда кармалган кылмышкерлердин көрсөтмөсүнөн ачык далилдерибиз бар. Булар - ошол жардырууларга жана кечээ биздин үч кызматкерди атып кеткенге түздөн-түз тиешеси бар кылмышкерлер.

“Азаттык”: Министр мырза, Спорт ордосунун жанындагы жардыруу 30-ноябрда болгон эле. Ошондон дароо булардын изин таап, зыянсыздандыруу мүмкүн беле?

Рысалиев: Биз ыкчам аракеттерди көрүп, бүгүнкү күнгө чейин алып келдик. Бул Кыргызстандын шартында абдан чоң ийгилик деп ойлойм. Себеби, бул биз үчүн аз эле аралык. Ушул аз аралыкта 12син таап, үчөө кармалды, ошону менен 15и кармалып жатат. Бул биздин милиция кызматкерлери менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда ыкчам жүргүзүлгөн иштердин негизинде табылды.

“Азаттык”: Сиз бул адамдар динди жамынган топ деп айттыңыз, чындап эле исламчылар деген далилдер барбы?

Рысалиев: Булар исламчылар эмес, булар исламдын атын жамынып алып, ушундай каракчылык, террорчулук иштерге барган кишилер. Анык исламды колдогон мусулмандар мындай иштерге барбайт. Бул террорчулар адамдын улутуна, жынысына, кары-картаңдыгына карабайт, буларга баары бир. Нагыз исламдын шарттары боюнча адамды өлтүрүүгө болбойт. Булар исламга жамынып алып, ыйык нерсени туура эмес жакка пайдаланган кишилер.

“Азаттык”: Сиз курал-жарак табылды дедиңиз. Албетте, мунун баарына каражат керек. Ушул топтун артында ким турат, кандай версиялар айтылууда?

Рысалиев: Азыр тергөө ыкмалары жүрүп жатат. Тергөө ыкмалары бүткөндөн кийин биз толук жооп беребиз. Ушул суроого жооп берүүчү адамдар кармалып отурат. Алар ушуга ачык жооп бергенден кийин биз сиздерге ачыгын айтып беребиз.

“Азаттык”: Бул окуя апрель, же Ош окуяларына байланыштуу болушу мүмкүнбү?

Рысалиев: Булардын аларга тиешеси жок. Булар өзүнчө террористтик топ. Булардын максаты - элди коркутуп-үркүтүү. Биринчи милиция кызматкерлерине, андан кийин бийлик өкүлдөрүнө террордук акцияларды жасаш үчүн атайын түзүлгөн жаамат.

“Азаттык”: Жакында сиздин орун басарыңыз «Азаттыкка» берген интервьюсунда экс-президенттин иниси Жаныш Бакиев Кыргызстанга келип кетти дегендей сөздөр айтылды эле. Ошондон улам сурадым. Себеби, биз баарыбыз эле интернеттен көргөнбүз, анда мурдагы президенттин жакындары ар кандай террордук иштерди уюштуруу ниети жөнүндө маалыматтар кетти эле.

Рысалиев: Мен бул маалыматтар боюнча өзүмдүн орун басарым менен сүйлөштүм. Бул алынган маалыматтар туура эмес талдоо кылып айтылып кеткен сөз экен. Мурдагы президенттин инилери бүгүнкү күнү Кыргызстанга келиши алардын өздүк коопсуздугуна, өмүрүнө зыян экенин билишет. Алар бул жакка келе алышпайт. Ошондуктан, бул биздин сөз менен айтканда, маалымат боюнча калган, ошол маалымат аныкталып териштирилип жатат бүгүн.

XS
SM
MD
LG