Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Оппозиция өкүлдөрүнүн жашыруун сүйлөшүүсү делген аудио чыкты


Интернетке тараган оппозиция лидерлеринин жашыруун сүйлөшүүсү делген аудио-видео тасмадан алынган сүрөт.
Интернетке тараган оппозиция лидерлеринин жашыруун сүйлөшүүсү делген аудио-видео тасмадан алынган сүрөт.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген тымызын жаздырылып алынган аудио тасмалар тарады.

Ал эми сүйлөшүүгө катышкандардын айрымдары бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп атап жатат. Ички иштер министрлиги чуулгандуу аудио тасмаларда улуттук коопсуздукка шек келтирген жагдайлар аныкталса, чара көрүлөрүн эскертти.

Интернетке оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын сүйлөшүүлөрү делген эки аудио тасма жарыяланды. Бирөө 20 мүнөттөн ашыгыраак жана анда саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров баштаган ондой адамдын сүйлөшүүсү экени айтылат.

Негизинен Аксыда 22-мартта, ал эми Ошто 24-мартта өтө турган курултай, анда коюлчу талаптар, бийликти кетирүү айла-амалы тууралуу сөз болот. Жыйынды үнү Азимбек Бекназаровдукуна окшош адам башкарып отурганы байкалат.

Бул тууралуу Бекназаровдун өзү менен байланышып, комментарий ала алган жокпуз.

Аксыдагы митингден бир көрүнүш
Аксыдагы митингден бир көрүнүш

11 мүнөттөн ашык убакыт созулган экинчи аудиодо март айында жер-жерлерде нааразылык акцияларды уюштуруп, акча жумшап, күч менен бийликти басып алуу тууралуу кеңири сөз болгон. Анда бул сүйлөшүү Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана 2010-жылы апрелде Таластагы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири, апрель баатыры Дуулат Турдуналиевге таандык экени белгиленген.

Бектур Асанов үчөө жолукканын “Азаттыкка” тастыктады, бирок бийликти күч менен басып алуу тууралуу сөз болбогонун билдирди:

- Биз үчөөбүз отуруп сүйлөшкөнбүз. Бирок эч качан бийликти басып алабыз деген эмеспиз. Бардыгы мыйзам чегинде болот, нааразылык акциялар аркылуу гана барабыз дегенбиз. Басып алуу тууралуу сөз болгон эмес. Булар эми ошол сүйлөшүүлөрдү монтаждап, бизди жаманатты кылып, каралоо үчүн чыгарып жибериши мүмкүн. Биз мыйзам бузбайбыз дегенбиз. Муну Дуулатка да айтканбыз. Бийликти тынчтык жол менен кетирүүгө мыйзам жол берет. Биз республиканын ар кайсы аймактарында саясий акцияларды уюштурабыз.

Чуулгандуу аудио тууралуу Кубанычбек Кадыров болсо төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Биз саясатчыларбыз да. Биз баары менен бат-бат жолугушуп турабыз. Атүгүл күндө жолугабыз. Экинчиси – мунун баары жасалма. Үчүнчүдөн, кандай, качан жаздыруу болгонун, ошентип жаздырып алууга мыйзамдык укугу болуп-болбогонун далилдешсин да. Булар менин конституциялык укугумду бузуп жатат. Негизи жаздыра турган болсо соттун санкциясы менен жаздырышы керек болчу.

Аксыдагы митинг
Аксыдагы митинг

Чуулгандуу аудио тасмасына аралашты делген Дуулат Турдуналиев ушул айдын башында Таласта Манас айылындагы мүрзөнүн жанында туруп алып президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуу жолдогон болчу. Анда "ондогон адамдардын каны менен келген Атамбаевдин бийлиги элдин үмүтүн актаган жок, коррупционерлер бийликке толуп алды" деген тыянак чыгарган жана мунун арты жакшылык менен бүтпөсүн эскерткен.

Азыр интернетке жарыяланган чуулгандуу аудио тасмаларды Ички иштер министрлиги атайын кызмат менен чогуу иликтеп жатат. Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сейитов анын соңунда мыйзам бузуу аныкталса чара көрүлөрүн эскертти:

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен биргеликте тиешелүү чараларды көрүп, эгер алардын аракеттеринде мыйзамдын чегинен чыккан көрүнүштөр аныкталса, ага укуктук баа берүү үчүн экспертизалык иштер жүрүп жатат. Соңку кездери мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген, ушунай мүнөздөгү аудио-видеолорго экспертиза жүргүзүп, ушул багытта биздин кызматкерлер иштеп жатат. Эгер анда мыйзам бузуу аныкталса анда сөзсүз чара көрүлөт.

Кыргызстанда буга чейин дагы мамлекет башчылары, көрүнүктүү саясий лидерлер, оппозициянын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү тымызын жаздырылып алынып, жарыяланган фактылар катталган. Анда кадр маселелери, ири суммадагы акча, бийликти басып алуу өңдүү сөздөр болгон. Айрымдары боюнча териштирүү жүргөнү менен, ким кантип жаздырганы, аудио-видеолор аркылуу ачыкка чыккан жагдайлар аныкталган эмес.

XS
SM
MD
LG