Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:44

Мелис Турганбаев кызматтан кетти


Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев

Президент Алмазбек Атамбаев 30-майда ички иштер министринин отставкасын кабыл алды. Турганбаевдин күтүүсүз кызматтан кетиши коомчулукта түрдүү ойлорду жаратты.

Бирок экс-министр арызды өз каалоосу менен жазганын, отставкасынын саясий себеби жоктугун “Азаттыкка” билдирди.

Ал арада Ички иштер министрлигине буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп келген Кашкар Жунушалиев көрсөтүлдү. Аны өздүк курамга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өзү тааныштырды.

Күтүлүп-күтүлбөгөн отставка...

Мелис Турганбаевдин жанында жүргөн “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, анын кызматтан кетейин деген ниети деле болгон эмес. Бир апта Катар жана Сауд Арабияда иш сапарда болуп, Кыргызстанга 29-майда гана келген жана 31-майда Бишкекте республикалык форум өткөргөнү жаткан.

Мелис Турганбаев “Азаттыкка” комментарий берип жатып, отставкасы тууралуу президенттин жардыгы жарыялангандан кийин гана укканын ырастады, бирок арыз өз каалоосу менен жазылганын, анда саясат жоктугун билдирди:

- Өзүм эле арыз жазып, отставкага кеттим. Эс алайын деп жатам. Калганын дагы кийинчерээк көрөбүз го. Мен арызды буга чейин эле жазып бергем, жардык бүгүн чыккан турбайбы. Мен деле азыр билдим. Арызды өз каалоом менен жазгам. Бул жерде эч кандай саясат жок. Мен эми кызматта түбөлүк турбайм да. Менден кийин дайындалган министр деле форумду өткөрө берет. ИИМ мага чейин деле иштеген да, эми деле иштей берет. Азырынча эч кандай деле план жок. Азыр эс алам, уктайм. 2010-жылдан бери чынында эмгек өргүүсүнө чыга элекмин. Алты жыл эс албай иштедим. Эс алып, үй-бүлөмө көңүл бурам.

Генерал-майор Мелис Турганбаев 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан бери милицияда жетекчилик кызматтарда жүргөн эле. 2010-жылы май айында ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалган. 2012-жылы күзүндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп келген жана эки жылдай иштеген. Министр болуп 2014-жылдан бери иштеп жаткан эле.

Экс-министрдин эмгектери

Коомчулукта Турганбаев тууралуу пикир бир кылка эмес. Анын аты элдин калың катмарына 2008-жылы таанылган. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркуловго жаңы жылдык белек катары адамдын кесилген кулагы менен манжасы берилген окуя катталган. Турганбаев мындай үрөй учурган иштин артында Бакиевдер турарын ачып чыккандан кийин бийликтин каарына калганын жана кызматтан алынганын айтып келген.

Ички иштер министринин орун басары болуп турганда издөөдө жүргөн Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевди кармаганы белгилүү.

Ал эми министр болуп иштеп турганда кримтөбөл Алманбет Анапиявдин өлтүрүлүшүнө күбө болду делген адам менен байланышы боюнча бир топ маалымат интернетке жарыяланган эле. Мындан улам кылмыш дүйнөсүнүн анабашынын өлүмүнө тиешеси бар деген сөздөр чыккан.

Чуулгандуу “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерди утту деген компания менен келишимге кол коюудан баш тартканы маалым. Быйыл февраль айында журналист Турат Акимовго кол салуу болгон. Акимов анын артында Турганбаев турат деп айыптаган. Министр дооматтардын баарын четке каккан.

Турганбаев эки өкмөт алмашканда кызматын сактап калган жана президент Алмазбек Атамбаевдин ага көзү түз экени, анын жакын адамы делген Икрам Илмиянов менен байланышы жакшы экени айтылып келген. Эми минтип күтүүсүз жерден отставкага кетиши бир топ күдүк ойлорду жаратты.

Турганбаевдин азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен тил табыша албай калганы башкы себеп болушу мүмкүндүгү айтылууда. Анткени Жээнбеков өкмөттүн биринчи эле жыйынында министрлерди маалымат каражаттарына көп чыкпагыла деп зекиген жайы бар, ошондо эле бул сөздөр негизинен Турганбаевге жолдонду деп боолголошкон.

Талдоочу Бакыт Бакетаев Турганбаевдин кызматтан кеткен себебинин ачык айтылбай жатканын сынга алды:

- Турганбаев министр болуп келгенден бери көп нерселер өзгөрдү. “Коопсуз шаар” долбоорунан баштап социалдык бир топ маселелерди чечти. Мисалы, милиция кызматкерлерине канча үйлөрдү салып берди, башка шарттарын оңдоду. Сержанттан баштап генералга чейин жеткен адам. Милициянын арасында кадыр-баркы бар. Мындай генералдар аз. Анан муну жөн эле кызматтан алынышы көп суроолорду жаратты.

Турганбаевдин талаштуу реформалары

Ошол эле учурда Турганбаевдин министрлик ишине доомат айткандар четтен табылат. “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикменин өкүлү Урмат Казакбаев анын баштаган ишинин көбү ара жолдо калды деп эсептейт:

- Ал кызматка жаңы келгенде биздин команданы жолугушууга чакырып, милициянын 90 жылдыгына арналган медаль менен сыйлаган. Биз болсо мындай медалга татыктуу эмес экенибизди, анткени реформа жүрө электигин, кызматташууга, чогуу иштешкенге даярдыгыбызды айтканбыз. Бир жылга чейин жакшы эле иштешип жатканбыз, анан эле баары токтоп калды. Жолугушуулар тыйылып, биз жазган каттарга “силер көтөрүп жаткан маселелер анализденген эмес, мындан ары мындай суроо бербегиле” дегендей, бир кызыктай жооптор келе баштады. Анын баштаган иши аягына чыга элек. Көп иштери эле ара жолдо калды. Милициянын кошумча бөлүмчөлөрүн көбөйттү, бирок азыр көбү жабык турат. МАИ кызматкерлеринин реформасы деле ошол абалда турат. Таяк кармаган, жолдо тургандар болбойт деп сөз берди эле. Бирок "таякчандар" дагы деле жолдо турат.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулова Турганбаевдин ишиндеги эсте калган айрым жагдайларга токтолду:

- Милиция кызматкерлеринин ишин сырттан жана ичтен баалоо жана жарандык коом менен кызматташуу боюнча эки чоң документ кабыл алынды. ИИМдин Академиясында кандайдыр бир жылыштар болду. Бирок ал министр болуп турганда кылмыштуу топтор арасында тирешүүлөр, атышуулар, айрыкча көчөдө эле күндүз атып кетмей өңдүү окуялар көп катталды. Турганбаев туруп-туруп эле, ойлонбостон бирөөлөрдү коркуткан сымал катуу сүйлөгөн адаты бар адам катары эсте калды.

Турганбаев министр болуп иштеген эки жылга жакын убакыттан бери Кыргызстандын бардык регионун бир канча жолу кыдырып, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Жер-жерлерде милициянын кошумча бөлүмдөрүн салтанат, шаан-шөкөт менен ачып жүрдү. Муну өз кезегинде популизм деп сындагандар болду.

Айрым байкоочулардын баамында, кандай болгон күндө да коомчулукта “Мелис байке” деген ат менен таанымал Турганбаев таасирлүү, саясий салмагы бар министр катары аты калды.

XS
SM
MD
LG