Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда эмгекке жарамдуу 200 миңден ашуун киши жумушсуз.

Бирок алардын ичинен 56 миң кишинин гана “жумушсуз” деген макамы бар. Ошол эле учурда адискөй жумушчуга зарыккан ишканалар да арбын.

Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургуну Асылбек учурда жумушсуз. Бир нече ай мурун ал иштеген курулуш ишканасы токтоп, иши жок калган. Учурда борбор калаанын Лев Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасында күнүмдүк иштерге жалданып иштейт:

- Курулуш компаниясында түрдүү кара жумуштарды жасап иштечүмүн. Кыш кынайт элем. Ишкана жабылып калып, иши жок калдым. Айла жок күнүмдүк жашоо үчүн бул жакка чыктым. Бул жерде деле киши көп, иш сунуштагандар жок. Азыр суукта такыр эле жок болуп жатат. Күзүндө да анча-мынча иш болуп калчу эле.

Асылбек сыяктуу туруктуу жумушу жок, күнүмдүк ишке жалданып иштегендер бүгүнкү күнү Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Айрым байкоочулар күнүмдүк жалданып иштегендерди жумушсуз деп айтууга болбостугун, анткени алар аз айлыкка иштегиси келбеген, айлыкты күтүп отурбай, күнүмдүк жумуш жасап, эмгек акысын күн сайын алууну каалагандар экенин белгилешүүдө.

Бишкектеги элди жумуш менен камсыз кылуу борборунда ар бир айдын тогузунда Эмгек жарманкеси уюштурулуп турат. Ал күнү жумуш издегендер менен жумушчуга зарыккандар бетме-бет көрүшүп, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок анда деле өзү каалагандай иш таба албагандар жана талаптагыдай жумушчуну жолуктура албагандар болот. Аталган борбордун жетекчиси Азиз Идирисовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, иш издеп кайрылгандардын көпчүлүгү жаштар жана иш тажрыйбасы, билими жок адамдар:

- Бизге негизинен 15 жаштан 28 жашка чейинки жаштар кайрылышат. Көпчүлүгү эч кандай кесиби, кайсы бир тармакта иш тажрыйбасы жоктор. Буларга эмгек базарынан жумуш көп эле учурда оңой менен табыла бербейт. Ошентсе да биз колубуздан келишинче ортого түшүп, кайрылгандарды жумушка орноштурууга аракет кылабыз. Бизге иш сурап, пенсионерлер да кайрылышат.

Расмий түрдө жумушчу талап кылынган тармактар көбүнчө бюджеттик мекемелер же айлык акыны аз төлөп берген ишканалар. "Мисалы, медициналык кызматкерлер, мугалимдер, короо шыпыргычтарга муктаждык көп", - дейт Идирисов:

- Эмгек рыногунда иш көп болгону менен айлык акылары аз. Мисалы, бизге медициналык кызматкерлерге, айрым бир предметтик сабактардын мугалимдерине, короо шыпыргычтарга көп суроо-талап түшөт. Айлык акысы аз болгондуктан, жаштар андай иштерге иштегиси келбейт. Жаштарга көбүнчө тейлөө тармагынан, кафе-ресторандардан жумуш таап беребиз. Айлык акылары башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча жумушсуздар калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 2,2% түзөт. Ага ылайык, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 201 миңден ашуун киши жумушсуз болсо, мунун ичинен 98,4 миңи аялдар. Бүгүнкү күнү элди иш менен камсыз кылуу кызматтарында 87,6 миң адам каттоодо турат. Бирок алардын ичинен 56 миң кишинин гана “жумушсуз” деген макамы бар. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жумушсуздарга атайын 250 сомдон 400 сомго чейин жөлөк пул берилет.

Бишкектеги элди иш менен камсыз кылуу борборуна жыл башынан бери эле миңге чукул вакансия сунуш кылынган. Негизинен анда кызмат көрсөтүү, соода-сатык тармагына жумушчуларды, айдоочуларды көп издешкен.

2015-жылдын ортосунан тарта Кыргызстанда курулуш тармагы менен тигүү тармагынын иши басаңдаганы мында иштеген жумушчулар да ишсиз калууда. Мисалы, 300 чамалуу тигүүчүсү бар орто цехтерде бүгүн ашып барса 100 киши калган, калгандары кыскарып кеткен же кайрадан жумуш көбөйгөнчө убактылуу бошотулган. Ушундай эле көрүнүш курулуш тармагында да бар.

Айрым байкоочулар эл көп жашаган шаарларда эле жумушсуздук болбосо, элет жерлеринде, тескерисинче, киши күчү жетишпей жатканын айтышат. Мисалы, өлкөнүн түштүгүндө талаа иштерине көбүнчө Өзбекстан, Тажикстандан жумушчуларды алып келип иштеткен учурлар бар. Жарандык активист Бакыт Дегенбаев Бишкектин өзүндө бут кийим ултарган цехке өтүкчүлөр жетишпей жатканын белгилеп, элдин дипломдуу катмарында кайсы бир кесипке адистешкен адамдар жоктугун айтат:

- Бүгүн диплому барлардын баары эле экономисттер, юристтер, айтор ак жакачандар. Мен көп мекемелерди кыдырам. Ошондо кол өнөрчүлөр, оймочу-саймачылар, инженерлер жетишпей турганын байкайм. Сантехниктер жок деген сөздөрдү көп угам. Бүгүнкүдөй шартта экономист, юристтикке окуп, дипломун көтөрүп, иш таппай жүргөн улан-кыздар кайра инженерлик же өндүрүштө иштей турган адистиктерге окуса деп кеңеш берет элем.

Акыркы убактарда социалдык тармактарда да жумушсуз жаштарга, жалгыз бой энелерге иш таап берүүгө аракет кылган саамалыктар пайда болууда. Жакында фейсбукта адамдар Азат аттуу жаш жигитке жумуш табууга жардам беришти. Учурда Азат май куюучу бекетте оператор болуп иштеп жатат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ушул тапта Кыргызстанда орточо айлык акы 12 миң сом, ал эми эмгекке жарамдуу калктын айлык минималдык керектөө куржуну 5183 сом.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG