Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Кыргызстандын тигүү тармагы кыйын-кезеңди башынан кечирүүдө. Бир жагынан Орусиядагы кризистен улам, товарларын сатуу кыйла басаңдаса, экинчи ЕАЭБ шартына ылайык, биримдиктен тыш өлкөлөрдөн келүүчү сырьелордун бааcы өстү.

Бишкектик жеке ишкер Гүлнура Нарманбетова бир нече жылдан бери чакан цех иштетет. Ал трикотаж кездемеден аялдардын кийимдерин тигип, негизинен Орусияга сатчу. Ошондуктан, Кыргызстан ЕАЭБга кирет деген кабарды кубануу менен кабыл алып, бул эртерээк ишке ашуусун күткөн. Бирок Кыргызстан ЕАЭБга киргенден кийин, Гүлнура ойлогондой болбой калды:

- Биз ЕАЭБга киребиз дегенди укканда эле Кытайдан өтө көп өлчөмдө кездеме алдырганбыз. Бирок тигилген кийимдерге суроо-талап азайып кеткендиктен, кездеменин баары пайдаланылбай кала берди. Мурунку жылдары деле ушинтип иштечүбүз, бирок алдын ала алынган кездемелер минтип артып калчу эмес. Биз кийинки сезон үчүн иштейбиз да. Эми келерки жылга бул кездемелер жарабай калат. Анткени, модасы өтөт, кийимдердин үлгүсү өзгөрөт.

Тигилген кийимдерге мурдагыдай суроо-талап жок. Анын үстүнө биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн алынчу товардын сырьесу: кездеме менен фурнитуранын баасы эки-үч эселеп кымбаттаган. Гүлнура чакан цехине керектүү нерселердин бардыгын борбор калаадагы “Мадина” базарынан эле сатып аларын айтты:

Кыргызстанда тигилген кийимдер

Кыргызстанда тигилген кийимдер

- Ири ишканалардай болуп биз Кытайдан түз ала албайбыз. Ошондуктан, негизинен “Мадина” базарынан сатып алабыз. Топчу, жип-шуу, фурнитуранын баары Кытайдан келгендиктен, бажы төлөмдөрү бир топ эле кымбаттады. Бир жарым, эки эсе кымбаттады десем жаңылышпайм.

Гүлнура Нарманбетованын цехинде он чакты тигүүчү иштесе, фирманын буйрутмасы менен үйүнөн отуруп иштеген дагы он-он беш тигүүчү бар. Акыркы убактарда суроо-талаптын жоктугунан цех дээрлик токтоп, тигүүчүлөр ишсиз калган:

- Менин цехимде иштеген он беш чакты жумушчудан тышкары, үйүндө отуруп, иштеген тигүүчүлөр да бар. Айрым кыз-келиндердин жаш баласы бар же үйүндө дайыма кароону талап кылган киши болушу мүмкүн. Ошондой тигүүчүлөр бизден буюртма алып кетип, үйүндө отуруп иштешчү. Азыр эми аларга да жумуш жок.

Экономиканын негизги тирөөчү

Кыргызстандагы тигүү тармагы 2000-жылдан тарта өнүгө баштаган. Иликтөөлөргө таянсак, 2004-жылы Кыргызстанда тигилген кийим-кечелердин экспорттук көлөмү 14,7 млн. доллар болсо, он жылдан кийин бул көрсөткүч он эседен ашып, 155 млн. долларга жеткен. Тигүү тармагынын өнүгүүсү Кытайдын кийим-кечелерин реэкспорттоодон чыныгы экспортко: кийим-кечелерди Кыргызстанда тигип, сатууга өтүүдөн улам өскөн. Тармактын өнүгүүсүнө электр энергиясынын жана жумушчу күчүнүн арзандыгы да таасирин тийгизди. Тигүү тармагы текстиль тармагына караганда өтө адискөй жумушчуларды талап кылбаганы да, бул тармактын өнүгүшүнө жакшы шарт түзүп берген.

Кыргызстанда тигилген кийимдер ириде баасынын арзандыгы менен жакынкы өлкөлөрдүн базарларын ээлей алган. Дүйнөлүк банктын отчетунда айтылгандай, тармактын өнүгүүсүнө өлкөнүн 1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирүүсү негизги түрткү болгон. Анткени, уюмдун талаптарына ылайык, Кытай, Түркия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн сырье жеңилдетилген бажы төлөмдөрү менен кирчү. Алсак, 2010-жылга чейин сырттан кирген кездеменин жана фурнитуралардын түрүнөн көз карандысыз 1 килограммына 0,15 $ гана бажы төлөмү алынчу. 2010-жылы 0,28 $, 2012-жылдан тарта 0,35 $ төлөнүп келген. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери, баалар бир нече эселеп кымбаттады.

Тигүү тармагынын өнүгүүсүнө 2005-жылдан тарта киргизилген патент системасы да жол ачкан. Бул ыкма мурдатан көмүскөдө иштеп келген көп ишканалардын ачыкка чыгуусуна жол ачкан. Бирок ага карабай, ушул тапта дагы 26% ишкана көмүскөдө кала берүүдө.

Кыргызстандагы тигүү цехинин саны 3000. Анда 150-300 миңдей жумушчу иштейт. (инфографика)

Расмий маалыматтар боюнча, 2014-жылы Кыргызстанда 3000дөн ашуун чакан жана ири тигүү ишканалары иштеп турган, алардын 400гө чамалуусу “Легпром” ассоциациясына биригишкен. Ал эми трикотаж жаатында иш алып барган отуздай ишкана “Союзтекстиль” биримдигине киришкен. Мындан тышкары ЖИА Бизнес биримдигинде да жеңил өнөр жай комитетине мүчө болгон ишканалар бар. Бүгүнкү кризистин шартында көптөгөн чакан цехтер жабылып, андагы он-жыйырма жумушчу башка жактан иш издөөгө аргасыз болууда. Тигүүчүлөр ассоциациясынын маалыматына караганда, 2015-жылы Кыргызстандагы тигүү өнөр жайынын өндүрүшү 50% азайган.

ЖИА бизнес биримдигинин жеңил өнөр жай комитетинин төрагасы Сүймөнкул Жолдубаев он жылга жакын убактан бери тигүү тармагында иштейт. Ал дагы Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери, биримдиктен тышкаркы өлкөлөрдөн келип жаткан сырьенун баасы бир топ көтөрүлгөнүн айтууда:

- Мурда биз Түркиядан учак менен алып келинген кездемелердин 1 килограммы 3,5 доллардан алсак, азыр ал 5 доллар болуп калды. Ал эми автожүк менен келген кездемелерибиз мурда килограммы 1 доллар болсо, азыр 1,5 доллар. Бир топ тоскоолдуктар болуп жатат. Кризис 2015-жылдын башында билинбегени менен, аягында аябай билинди. Өндүрүш 50% төмөндөдү десек болот.

Маектештин айтуусунда, кыргызстандык тигүүчүлөрдүн ЕАЭБдан үмүтү чоң болчу, бирок Орусияга ыктаган экономикалык интеграция Кыргызстанды өз шарттары менен каршы алды. Алсак, мурда кыргызстандык тигүүчүлөр товарына Кыргызстандын өзүнөн тиешелүү сапат сертификатын алышчу. Аны менен Орусиянын, Казакстандын базарларына, дүкөндөрүнө “Кыргызстанда тигилген” деген бренд менен кийим-кечелерин сатуу укугуна ээ болушчу. ЕАЭБнин талабына ылайык, эми Кыргызстанда берилген сапат сертификаты жараксыз. Анын ордуна тигүүчүлөр Казакстандын Алматы шаарында берилүүчү ЕАЭБнин сертификатын алууга тийиш:

- Бул сертификатты мен эки айдан бери ала албай келе жатам. Анткени, талаптары өтө эле жогору болуп жатат. Биз ага даяр эмеспиз. Тоскоолдуктар толтура. Баарынан да бул сертификат болбосо, биз өндүргөн товарларыбызды Орусия, Казакстандын дүкөндөрүнө сата албайбыз.

Сүймөнкул Жолдубаевдин айтуусунда, анын ишканасы кичинекей балдардын кийимдерин тигет. Керектүү кездеме, жип-шуулардын бардыгы балдардын денесине ылайыкташкан, эл аралык түрдүү талаптарга жооп берген, жогорку сапаттагы жабдуулар. Азырынча ЕАЭБнин кийим-кечеге берилүүчү сапат сертификатын кыргызстандык тигүүчүлөрдөн эч ким ала элек.

Текстиль фабрикалары кырдаалды жөндөйбү?

ЕАЭБ тыш өлкөлөрдөн келип жаткан сырьелордун кымбаттыгынан улам, кыргызстандык ишкерлер текстиль тармагын өнүктүрүү жагын карашууда.

Бишкектеги трикотаж цехтеринин бири

Бишкектеги трикотаж цехтеринин бири

​Ушул тапта Токмокто бир нече жергиликтүү ишкер биригип, кездеме өндүрүүчү фабриканын долбоорун түзүштү. Ал эми Кара-Балта шаарында мурдагы алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу “Ал-Суу” заводунун ордуна түркиялык “Деңиз-Текстиль” ишканасы текстиль фабрикасын курмакчы. Айрым маалыматтар боюнча, “Деңиз-Текстиль” ишканасы буга чейин Өзбекстанда иштеп келген, мындан ары Кыргызстанда да фабрика ачып, кездеме токууну максат кылууда. ЖИА бизнес биримдигинин тигүү өнөр жай комитетинин башчысы Сүймөнкул Жолдубаевдин маалыматы боюнча, текстиль фабрикасынын курулушу Кыргызстандын тигүү өнөр жайын сактап калууда өтө маанилүү:

- Биз муну угуп, кубандык. Күтүп жатабыз. Бирок алар өндүргөн кездемелерин кантип, кайда сатат, бул али белгисиз. Бизге канчалык деңгээлде ыңгайлуу шарттарды түзүп, ыңгайлуу бааларга сатат, аны ошол мезгил келгенде көрөбүз.

Кырдаалдан чыгуунун жолдору...

Тигүү тармагы Кыргызстандын экономикасын көтөрүп турган негизги таянычтардын бири деп айтылып келет. Анткени, өлкө сыртка негизинен алтын менен кийим-кече гана экспорттойт. Дүйнөлүк банктын эсебинде, тигүү тармагында 300 миңден ашуун киши иштейт. Түптөлүп калган тармакты жоготуп албоо үчүн Кыргызстандагы тигүүчүлөр да улам жаңы жолдорду издөөдө, мунун бири – текстиль, тигүү тармагын бириктирүү дейт ЖИА бизнес биримдигинин тигүү өнөр жай комитетинин башчысы Сүймөнкул Жолдубаев:

- Азыр Кыргызстандагы тигүүчүлөр чачыранды, ар ким өз алдынча иштейт. Сырттан келген буюртмаларды аткаруу үчүн баарын бириктирсек жакшы болмок. Ошондо бизге эл аралык аты бар, таанымал бренддерди тигүү боюнча сунуштар көбүрөөк түшмөк.

ЕАЭБ шартында бизнести сактап калуу, ошондой эле дүйнөлүк экономикалык каатчылыктан жеңил чыгуу максатында кыргызстандык ишкерлер түрдүү жолдорду издеп жатышат. Алардын бири түркиялык, кытайлык ишкерлерге Нарынга келип, завод-фабрика куруу сунушу. Нарындагы эркин экономикалык аймактын башкы директору Гүлзат Абдурасулованын “Азаттыкка” маалымдашынча, эркин аймакта даярдалган өнүмдөргө бир топ жеңилдиктер бар. Аймактарды өнүктүрүү жана ички миграцияны азайтуу үчүн, Нарын ЭЭАда өндүрүлгөн товарлар салыктардын бардык түрүнөн бошотулат:

- Эгерде чет өлкөдөн келген ишкер өзүнүн ишканасын бизде жайгаштырып ача турган болсо, салыктын бардык түрүнөн бошотулат. Эгер ал өзү менен кошо керектүү жабдууларын алып келип, бул жерде иштете турган болсо, алып келген жабдуулары үчүн да салык төлөбөйт. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы эркин экономикалык аймактар тууралуу келишимге ылайык, андай аймакта өндүрүлгөн товарлар биримдикке мүчө бардык өлкөлөрдүн да кошумча нарк салыгынан бошотулат

Гүлзат Абдурасулованын айтуусунда, ушул тапта Түркия, Кытайдан текстиль өндүргөн ишкерлер келеринен үмүт бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG