Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Кургуйга кулаган рубль, мизи кайткан мигранттар


Акча алмаштыруучу жайлар
Акча алмаштыруучу жайлар

Орус акчасы күн санап арзандоодо. Акыркы эки күндө орус валютасы долларга карата алты рубльга арзандап, Москвадагы соодада кечээ кечинде бир доллар 86 рубльду чапчыды.

Ошентип кечээги соодада Москвада бир доллар 85 рубльдан ашып кетти. Эки күн мурда бул көрсөткүч 80 рубльдун тегерегинде эле.

Орус акчасын онтоткон кризис

Орус акчасынын нарксызданышынын негизги себептеринин бири катары мунай баасынын улам арзандап жатышы аталууда. Мунайдын бир баррели азыр 28 долларга чейин түшүп калды. Бул - акыркы он эки жылдагы эң төмөнкү баа. Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган азыркы шартта мунайдын баасы мындан ары да арзандашы болжолдонууда.

Күчтүү жана бекем улуттук валютанын алдында алсыз экономика болбойт. Күчтүү валюта – бул күчтүү экономика. Орусияда макроэкономика алсыз...

РБК компаниясы ​Bank of America Merrill Lynch аналитиктеринин эсебин келтирип, мунайдын бир баррели 25 долларга түшкөн учурда Орусиянын быйылкы жыл үчүн бюджетин таңсыгы жок аткаруу үчүн бир доллар 210 рубль болорун жазып чыкты. Бул эсеп боюнча, бюджетти аткарууда президент Владимир Путин былтыр декабрда максималдуу деп айткан үч процент таңсыктыкты кошо эсептегенде, доллар 140 рубль болушу керек.

Орусиялык экономист, ФБК компаниясынын стратегиялык анализдөө институтунун директору Игорь Николаев “Азаттыктын” орус кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, рубль мындан ары да алсыздана берерине токтолду:

Игорь Николаев
Игорь Николаев

- Рубльдун алсызданышына узак мөөнөттүү тренд түзүлүп калды, бул мунайдын баасына эле байланыштуу эмес. Албетте, бул башкы себеп, бирок жалгыз эмес. Азыр мунай арзандоосу токтосо да, ал рубль кайра көтөрүлөт дегенди түшүндүрбөйт. Мунайдан сырткары орус акчасынын туруктуулугуна макроэкономика да таасир этет. Күчтүү жана бекем улуттук валютанын алдында алсыз экономика болбойт. Күчтүү валюта – бул күчтүү экономика. Ал эми бизде макроэкономика алсыз. Орус акчасы арзандашынын дагы бир негизги себеби – санкциялар. Ал жакын арада алынышы күтүлбөгөндүктөн Орусияга дагы бир канча убакыт санкциялар астында жашоого туура келет. Башкасын айтпаганда да, быйыл андан чыга албасы айкын. Анан АКШнын федералдык резервдик системасынын саясаты да таасир этүүдө. Эми жалпы тенденция мындай: рубль мындан ары да арзандай берет, катуу түшүп кеткен учурлары, бир аз турукташкан абалы болот. Бирок анын алсызданышы - бул тенденция.

Экономист Игорь Николаев андан ары жогоруда айтылган америкалык банктын доллар 140 рубль болору боюнча божомолун анча реалдуу эмес деп эсептерин, бирок Орусиянын Резервдик фондундагы акча азая берерин айтат.

- Эгер долларлык туюнтма менен карасак, ал сөзсүз түгөнөт. Сынчылардын эмес, финансы министринин баасы боюнча да Резервдик фонд 2016-жылы эле түгөнүшү мүмкүн. Бул негизги тобокелдиктер кийинкиге, 2017-18-жылдарга калат дегенди түшүндүрөт. Бирок бизде Улуттук жыргалчылык фонду да бар. Азыр ушул эки фондду бириктирүү сунушу да бекеринен чыккан жок. Минфин бул техникалык жактан мүмкүн эместигин айтууда. Эгер зарыл болсо мүмкүн болот, акча керек болгондо өзгөртүү киргизип, мыйзамды тууралашат. Менимче, бул фонддогу каражатты 2018-жылга, кийинки шайлоого чейин созушат. Бирок экономикадагы кырдаал ушундай, бул фонддордо акча азайган сайын турмуш да кыйындай берет.

Орусияда 2008-жылдын 1-февралында мурдагы туруктуулук фонду жоюлуп, анын ордуна Резервдик жана Улуттук жыргалчылык деген эки фонд түзүлгөн. Өлкөнүн Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 1-январына карата Резервдик фонддогу каражаттын көлөмү 3,64057 триллион рублди түзгөн.

Мигранттын мээнети акталбай калды

Үйүнө акча жөнөтүп жаткан мигрант
Үйүнө акча жөнөтүп жаткан мигрант

Орусиядагы экономикалык каатчылык кээрин кыргыз мигранттары да тартууда. Москвада айдоочу болуп иштеген Толкунбай Акматов бирок азыр кыргыз мигранттарынын көпчүлүгүн рубль кунсузданышынан мурда жумуш орундары азайып, мурдагыдай иш табылбай жатышы көбүрөөк тынчсыздантып жатканын айтат:

- Иш табуу кыйын болуп калды. Кыргызстанда жумуш жоктуктан, анын үстүнө Евразия экономикалык биримдигине киребиз эле киребиз, жакшы болот дей беришкенинен көп адамдар келип алышкан. Азыр эми иш таппай жүрүшөт. Тапса да айлыгы аз, 25-30 миң рублдык айлыкка иштешет. Мурдагыдай үйгө жөнөткөнгө эмес, өздөрүнө араң жетип калды. Бирок Кыргызстанга барсак ушул да жок деп 5-10 тыйын тапканына сүйүнүп жүргөндөр да көп. Эптеп эле иш таап жашамай болуп атат, рубльдун куну менен деле эч кимдин иши жоктой азыр.

Маектешибиз андан ары рублдын кунсузданышы туруктуу иши бар мигранттарга аябай эле сезилип, ойлондуруп жатканын кошумчалады. Анын айтуусунда, айдоочулук ишинен алган 50 - 60 миң рубль айлыгы мурда миң доллардан ашып, Кыргызстандагы балдарын бакканга, окутканга жетсе, азыр ал акча 500 доллардын айланасында болуп, күнүмдүк керектөөсүнө араң жетип калган.

Орусия кыргыз жарандары миграцияга чыккан мамлекеттердин сап башында турат. Бул өлкөдө жалпысынан миллионго жакын кыргызстандык бар экени айтылып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG