Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Депутаттар аш-тойго чектөө киргизет


Кыргызстанда той-аштарда ашыкча ысырапкорчулукка жол берилери айтылып келет

Кыргызстанда той-аштарда ашыкча ысырапкорчулукка жол берилери айтылып келет

Парламенттеги бир нече депутат той-аштардагы ашкере ысырапкорчулукту жоюу тууралуу мыйзам долбоорун жазып, коомчулуктун талкуусуна койду.

Мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар арасында үйлөнүү тойлорун, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү каада-жөрөлгөлөрүн өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулукту жоюуну көздөйт. Бул демилге буга чейин да өкмөт менен парламентте көтөрүлүп, бирок натыйжа чыккан эмес.

Ошол эле учурда жер-жерлерде элдин, айыл аксакалдарынын демилгеси менен түрдүү каада-салттардагы ашыкча чыгымды азайтуу иштери жүрүп келе жатат.

Аш-тойдун чыгашасы азайды

Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүндө той-аштарда чыгымдарды азайтуу аракеттери айылдагы аксакалдардын демилгеси менен акыркы эки жылдан бери жүрүп келет. Ага ылайык, атайын киргизилген тартип боюнча той-аштарга келген меймандар тирүү кой жетелеп, нан, кант жана башка майда-барат нерселер салынган дастаркон көтөрүп келбөөгө тийиш. Мындай тыюуну билбей же билип туруп деле алып келинген тартуулар той-аштын ээсине жеткирилбей, атайын даярдалган унаалар менен балдар жана карылар үйлөрүнө, айрым муктаж үй-бүлөлөргө берилет.

Аталган айыл өкмөттүн тургуну Салима Осмоналиева мына ушундай жакшылык-жамандыктардагы артыкбаш чыгаша талап кылуучу жөрөлгөлөрдү азайтуу иштерине такай катышып келет:

- Бир себет менен 5-10 аял келет. Алар өздөрү көтөрүп келген себетти кайра эле өздөрү бөлүп кетишет. Андан тышкары бошогон себетке той-аштын ээси дагы кант-нан салып бериши керек болот. Бул себеттен той-аштын ээсине бир нанчалык эмес, бир кантчалык да пайда жок. Ошондуктан, буга тыюу салып, анын ордуна эгер чын жүрөгүнөн бергиси келсе, акчасын бергиле деп жарыялаганбыз. Мына эки жылга жакын убакыттан бери, биздин Гүлбаар-Төлөйкөн айылында элибиз кыйла көнүп калды. Айылдаштарыбыз бул талап тууралуу билишет, ошондуктан, азыр акча гана чогултуп беришет. Ал эми сыртта, мындай талап жок айылдардан келген конокторго да түшүндүрүп, себеттерин, союштарын өткөрбөй жатабыз. Антпесе, бири-бирине атаандашып, кайра эле баштагы көрүнүшкө барып калчудайбыз.

Той-аштагы чыгымдын көбү дасторконго кетет

Той-аштагы чыгымдын көбү дасторконго кетет

Салима Осмоналиева менен бирге көзөмөл жүргүзүп жаткан Ханпааша Карабаеванын айтуусунда, сарамжалдуулук талап кылына баштагандан бери жакшылык-жамандыкка байланыштуу жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө чыгым бир топ азайды:

- Мурунку убакта той-аштарда дастаркондун бетинде эмне турса, баарын шыпырып алып кетишчү. Үй ээси кайра кийинки келүүчү конокторго дагы дастаркон даярдоо үчүн бир далай чыгымга учурачу. Азыр эми эч нерсе дастаркондон алынбайт. Мисалы, мурда той-аштын ээси 40-50 миңден 100 миң даанага чейин нан алчу. Андан тышкары союшу, күрүчү, кант-чайы ж.б. болуп, кээ бир колунда жок үй-бүлөлөр карызга белчесинен батып калчу. Мына, бул саамалык ишке киргенден бери, ошентип карыз болуп, аш-той бергендер дээрлик жок болду. Азыр аш-тойго келген коноктор көңүлүнөн чыккан акчасын берет, үй ээси берген чайын ичип, эт-ашын жеп, кете берет. Акчаны да көп өлчөмдө берүүгө тыюу салынат. Нанды болсо ашып барса, 4-5 миң даана алышат.

Ээсине кайтып келген кийит

Ушул тапта көпчүлүк аймактарда жакшылык-жамандыктарда кийит кийгизүү дээрлик кыскарды. Кийит демекчи, бир кийимдик кездеме, бир байлам жоолук, оймо салынган чепкен, кийиз сымал синтетика кездемеден тигилген калпактар, кийилбейт деле. Колдон-колго, улам бир жакшылыктан жамандыкка айланып жүрүп, кайра ээсине келген учурлар да бар. Дагы бир маектешибиз Гүлнара Карыбекова ашепке ысырапкорчулукка алып барган ушундай майда чыгымдарды да кошо тыюу керек деп эсептейт:

- Бир кийимдик кездемелер, бир байлам жоолуктар колдон-колго өтөт. Аны алган киши деле кайра дагы бирөөнө алып барат. Же болбосо, “кой эч болбосо, башына жоолук салып коеюн” деп акчасын коротуп, сатып алат. Эркектердин сырты кооз кутулардагы көйнөктөрүн айтпай эле коеюн... Азыр эми жамандык болгон үйдө өкүрүп турган эркектерге улуттук оймо-чийме салынган чепкен жабуу салтка айланыптыр. Аны да бул жагынан жаап эле, кайра эле артынан үй ээлери башка кишинин колуна карматышат экен. Ошондуктан, мындай кожо көрсүн чыгымдардын кимге кереги бар дейсиң да...

Мамлекеттик кызматкер дүңгүрөтө той-аш өткөрбөсүн

Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында үйлөнүү тойлорун, үй-бүлөлүк салтанаттарды, аза күтүү каада-жөрөлгөлөрүн өткөрүүдөгү ашыкча шаан-шөкөттү, сылаңкороздук менен кошо ысырапкорчулукту жоюуну көздөйт.

Тойдогу улак тартыш

Тойдогу улак тартыш

Мамлекеттик кызматкер демекчи, өткөн жылы ички иштер министри Мелис Турганбаев, ушул эле министрликтин түштүк башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков уулдарын үйлөп, дүңгүрөтө той беришкенин өкмөт башчы Темир Сариев кыйыр түрдө сынга алганы белгилүү.

Ал эми Бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов Ошто иштеп турган кезинде кичинекей уулуна той берип, чачылага чачканга өзүнүн аты жазылган конфет жасаткан, аты-жөнүнүн баш тамгалары жазылган килем төшөткөн деген аңыз кептер азыр деле айтылып жүрөт. Жогорку Кеңеште мандат үчүн кыйла күрөшүп, акыры ээ болгон депутат Жыргалбек Саматов мурдагы чакырылыштагы депутат кезинде миңден ашуун киши чакырып, той берип, баш байгеге бир нече төө, бир нече автоунаа коюп, көк бөрү уюштурганы да эмгиче элдин оозунда.

Жаңыдан коомчулуктун талкуусуна коюлган жогорудагы мыйзам кабыл алынса, кандай тартипте иштейт, ашкере салтанат, шаан-шөкөт, жөрөлгөлөрдү ким көзөмөлдөйт деген суроого мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков төмөнкүчө жооп берди:

Ырыскелди Момбеков

Ырыскелди Момбеков

- Мыйзам ишке ашып калса, өкмөт атайын орган түзөт. Ошол орган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөйт. Биздин мыйзам азырынча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн деп жазылды. Мүмкүн талкуу учурунда дагы өзгөрүүлөр болуусу ыктымал. Кишилердин жана башка чыгымдардын санына киргизилген чектөөлөр да өзгөрүүсү мүмкүн. Мамлекеттик кызматкерлер дегенибиздин себеби, алар байлыгына, бийлигине чиренип, аш-тойлорду көп өткөрүп атышат. Аларды көрүп, элдин бийликке ишеними кетип жатат. Ушундан улам азыр биз мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден баштап тыялы деп, мыйзам долбооруна ошентип жаздык.

Сунуш кылынган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы тушоо кесүү, сүннөт, үйлөнүү тоюн 100-150дөн көп эмес адамдын катышуусу менен гана өткөрүп, кийит, белектерге тыюу салынат. Үлпөт тойдун ээлери болсо, бештен ашпаган гана машина колдонушу керек.

Кыргызстанда үлпөт тойдо катар-катар унаа менен сейилге чыгуу модага айланган.

Кыргызстанда үлпөт тойдо катар-катар унаа менен сейилге чыгуу модага айланган.

Ал эми сөөк коюуда, жаназа окууда жылкы, бодо мал жана кой-эчки союлбай өткөрүлүшү шарт. Аза күтүү каадасында акча, буюм берүүгө тыюу салынат. Зыяратка, ажыга баруучуларды узатуу, тосуп алуу иштери үй-бүлөлүк чөйрөдө, ашыкча шаан-шөкөтү жок өтүшү керек. Ар кандай каада-жөрөлгөлөрдө чачылага акча-тыйын чачууга, кымбат байгелерди коюп, улак тартыш, күрөш сыяктуу спорттук мелдештерди өткөрүүгө болбойт.

Коңшулаш Тажикстанда күтүрөтө той-аш өткөрүүгө бир нече жыл мурда эле президенттин жардыгы менен тыюу салынып, ал ишке ашкандыгы айтылат. Ал эми Кыргызстанда ашкере ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн өкмөттүк жана парламенттик деңгээлде сөз жүрүп, бирок көзгө көрүнөрлүк жылыш болгон эмес. Ал эми диний өкүлдөрдүн, муфтияттын кийлигишүүсү менен айрым аймактарда сөөк коюу зыйнаттарында килем жабуу, жыртыш таратуу, утур-утур кара мал союп, үчүлүк, жетилик, кыркылык өткөрүү азайган.

Эми бул жолу парламент депутаттары тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоору кайра эле ошол депутаттардын элегинен өтүп, ишке кирише алабы, бул суроо азырынча ачык бойдон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG