Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Фейсбуктагы ыр суракка негиз болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Адамдардын социалдык тармактардагы жазган посттору бара-бара укуктук күчкө ээ болуп калышы ыктымал.

Президенттин таластыктар тууралуу айткан сөзү жөнүндө ыр жазып аны социалдык баракчасына жайгаштырган адамды "аймактар аралык кастыкты козгодуң" деп тергөөгө чакырып жатат. Автордун айтуусунда, Башкы прокуратура кызматкерлери анын ырында "аймактык кастыкты козуткан жана президенттин аброюна шек келтирген саптар" бар экенин айтышкан.

Бишкектин тургуну Темирлан Ормуков өзүнүн буга чейин социалдык тармактарга жарыялап келген ырлары көзөмөл органдарынын көз кырына илинип, регион аралык кайраштырууну козуткан деген жарлык тагылганы турганын айтып чыкты. Автор “Азаттыкка” укук коргоо кызматкерлери шектенип жаткан саптарды окуп берди:

“Таластын элин эл дебей,

Таарынткан элге теңдебей...”

Темирлан Ормуков бул саптар анын Фейсбукка чыгарган “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ырында камтылганын кеп кылды:

- Тергөөчүлөр менин ырыма филологиялык экспертиза дайындалганын айтышты. Алгач эксперттерге үч суроо коюлган. Биринчиси - ырдын мазмунунда президенттин аброюна шек келтирүү барбы? Экинчиси -жалган жалаа барбы? Үчүнчүсү - улут аралык, аймактар аралык кастык козутуу барбы? Азыр башкалары калып, аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча сап изилденип жатыптыр.

Темиркан Ормуков.
Темиркан Ормуков.

Маалыматтарга караганда, бул интернетке жарыяланган ырларга байланыштуу иликтенип жаткан алгачкы учур.

Бирок учурда социалдык тармактарга жазган пикири үчүн укук коргоо органдарынан эскертүү алган Кыргызстанда жалгыз гана Ормуков эмес. Былтыр УКМК Одноклассники социалдык тармагында диний-радикал мүнөздөгү билдирүүлөргө «лайк» баскан жаранды 48 саатка камакка алганы маалым. Мындан сырткары учурда тийиштүү органдарга чакырылып, түшүнүк кат жазып берип кутулган жарандар да бар. Ормуков бул бийликтин тили курч адамдарга атайын эле калбыр байлап коюу аракети экенин айтат.

Медиа серепчи Марат Токоевдин айтуусунда, учурда социалдык тармактагы мыйзам бузууларды көзөмөлдөө менен сөз эркиндигин бузбоо маселесин ажырата билүү жалпы дүйнөлүк көйгөй болуп келет. Бирок адистин пикиринде, Кыргызстанда мындай көзөмөл көбүнчө саясий максаттарда колдонулуп калышы мүмкүн:

- Бирок биз өтө этият болушубуз керек. Реалдуу жашоодо биз кимдир бирөөгө жөндөн-жөн эле асылып, аброюн төксөк, жөндөн-жөн эле күнөөлөсөк бул боюнча биз мыйзам алкагында жооп беребиз. Же болбосо адеп-ахлагы жок киши катары элден чыгып калабыз. Менимче, ушул эрежелердин баары социалдык тармактарда да иштеши керек. Адамдар жөн турмушта кандай жүрсө социалдык тармактарда ошондой жүргөнгө үйрөнүшү керек.

Токоев анткен менен социалдык тармактарды көзөмөлдөөдө сөз эркиндиги да тепселенбеши керек экенин белгиледи:

- Азыркы учурда социалдык тармактар адамдын жашоосундагы ажырагыс бөлүк болуп калды. Социалдык тармактын жакшы жери адамдардын сөз эркиндигине болгон укугун толук ишке ашыра алат. Эмне үчүн дегенде мында каалаган адам өз оюн, пикирин айтууга укуктуу.

Юрист Шамарал Майчиевдин айтуусунда, социалдык тармактардагы мыйзам бузуулар укуктук жактан так аныкталышы зарыл:

- Диний же расалык бөлүнүүчүлүккө чакырык салынса же дагы башка жоопко тарта турган мыйзамга каршы иштер жүрсө, алар сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек. Ал Фейсбукта болобу, гезитте болобу же жөн эле көчөгө чыгып алып кыйкырабы – алардын эч кандай айырмасы жок. Ал жөн эле формасы. Коомчулукка каршы чакырык салган жаран баары бир жоопкерчиликке тартылышы керек. Социалдык тармактар деле тартипке салынат. Социалдык түйүндөрдө жүргөн же жүрбөгөн учурда кылмыш жасайбы анын айырмасы жок.

Социалдык тармактарда аймактык, улуттук, диний кастыкты козутууга чакырык салган деп күнөөлөнгөн жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси колдонулуп жатат. Бирок социалдык тармактардагы баракчалар коомдук жайда айтылган сөзгө расмий теңелбегендиктен же маалымат каражаты катары каттоого алынбагандыктан укуктук такташуу жөрөлгөлөрү али алдыда окшойт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG