Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Балдар колуна китеп албай калды


Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында мектепке барбагандардын саны расмий маалымат боюнча 40 миңден ашуун.

Бул аз келгенсип, китеп окубагандардын катары андан да арбып баратканы айтылууда. Мурдагы президент Роза Отунбаеванын демилгеси фонду учурда Билим фестивалын өткөрүүгө камынууда. Иш-чара коомчулуктун көңүлүн бал тили чыккандан тарта китеп окууга ышкысын ачуу максатын көздөйт.

“Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Кыргыз эл жазуучусу, акын Токтосун Самудинов, педагогика илимдеринин доктору, публицист Абдыкерим Муратов, Борбор Азия университетинин ага илимий кызматкери, билим берүүнүн доктору Дүйшөн Шаматов.

“Азаттык”: Соңку кезде бала болсун, чоң болсун, китеп окубай калышынын себептери эмнеде?

Токтосун Самудинов: Китеп окууга, асыресе көркөм адабиятка кызыгуусу төмөндөп кетти. Муну кээде рынокко, ааламдашууга, электрондук курал-жарактарга, ошол эле телевидение, интернетке шылтоолошот. Бирок көркөм адабият деген адам баласын бардык илимдерге, билимдерге үгүттөп турган нерсе болот.

Ушундай шартта такыр окубай коюу жалпы эле аң сезиминин, жан дүйнөсүнүн тайыздап кетишине себеп болот. Азыркы заманда бир аз кыйынчылыкка туш келдик.

“Кемигинде да, керкисинде да бар” дегендей асыресе жаштардын да, жазуучулардын да күнөөсү бар. Анткени кызыктуу, көркөм китептер жазылышы керек. Чыңгыз Айтматовдун даражасындагыдай, элди тарта тургандай, “селт” эттирчү китептер жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Абдыкерим Муратов: Бир чети бул дүйнөлүк проблема болду. XXI кылымга өткөн мезгилде китепти жакшы окуган Германия, Англия сыяктуу мамлекеттерде адистер изилдеп көрсө, абал тынчсыздана тургандай экен. Ошондо шок абалда калышкан. Ошол кезде китеп окуу боюнча СССР биринчи орунда турган.

Азыр Орусия 32 мамлекеттин ичинен 28-орунга түшүптүр. Ал эми Кыргызстан ага салыштырмалуу да өтө оор абалдабыз. Бизде окурмандардын китеп окууга кызыкчылыгы өлүп жатса, экинчиден, китеп чыгаруу өндүрүшүбүздүн талкаланганы болууда.

Мурдагы китептердин дагы бир тобун окуса болот. Дагы бир тобу өтө саясатташкандыктан азыркы балдардын кызыгууларына туура келбейт.

Көп китепканалардын китеп фонду жаңыланбайт. Андан сырткары бүгүнкү күндө китепти кагаз формасында эмес, компьютерге, телефонго электрондук вариантын жүктөп алып окушат экен. Адамдын, өзгөчө баланын элестөөсү, ой-жүгүртүүсү сыяктуу сезимдерин өстүрүүдө китеп баа жеткис рол ойнот.

Дүйшөн Шаматов: Мисалы, ата-эне өздөрү телевизордон саясатты көрүп отуруп, балдарын “силер киргиле, китеп окугула” деп башка бөлмөгө киргизип койсо, алар муну жазалоо катары кабыл алышат экен. Андай кылбай чогуу окуп, талкуулашса таасирдүү болот экен.

Кээде ата-эне 200-500 сомдук китепти кымбат экен деп, бирок той-топурга акчаны аянбастан коротобуз. Кээ бир ата энелер кечки тамактан кийин сөзсүз бир саат, жарым саат телевизор да көрбөй баары китеп окушат экен. Ата-эне өзү үлгү болуш керек. Реформа көп тармактуу жүрүш керек.

Экинчи жагынан, Кыргызстанда ким минутасына 100 же 120 сөз окуса кыйын деп, шар окуу жагына басым жасалып калган. Алар окуган нерсесин түшүнүп жатабы, өз дүйнөсүнөн өткөрөбү - ошону эске алыш керек. Бул үчүн мугалимдерди даярдап, реформаны ушул жагынан башташ керек.
XS
SM
MD
LG