Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:31

“Биздин замандын каармандары” аттуу баптеманын (рубрика) бул чыгарылышында Нарын дубанынын эң четки Өзгөрүш айылында 36 жылдан бери орус тилчи мугалим Нурила Жумаканова тууралуу баяндайбыз.

Бу жерге ким чыдайт?

Өзгөрүш четки айыл болбой эмне, Бишкектен 400 чакырымдай алыс, ал эми аркы Кытайга кыйын болсо 100 чакырымча эле калат. Автобуста жол тартып бара жатып, бул айылга күндө каттаган айдоочулардын жаны темирдей болсо керек деген ойго келдим. Жол өңгүл-дөңгүл, суук улам бир жылчыктан кирип, жеткиче тоңуп бүтөсүң. Кантсе да, бул базар заманда ары-бери каттагандар көп, бирок унаа аз, ким эле машинесин кайра-кайра оңдогусу келсин.

Анан ушундай жерге бышыкчыл, анан да жашоого жеңил Чүйдөн келип, түбөлүк орун-очок алып калган эжей кызыктай адам болсо керек ойлоп бараттым. Жүргүнчүлөр улам жолду ката түшүп кала берип, Өзгөрүшкө жеткиче суюлуп калды.

Бул айыл табияты татаал жерде орун алганын кар калтырбай айдап кеткен шамалы эле айтып турду. Кээде катуу шамал жерди капкара кылып тытып кетет дешти. Бирок бет маңдайдагы тоо бетин жыш арча-карагай баскан, жайкысын эми бир керемет болсо керек. Мектеби, албетте, эски. Бул жерге алгачкы мектеп 1939-жылы курулган экен. Кийин 1969- жылы дагы бир имарат салынып, азыркы мектеп 1991-жылы тургузулса да, эскилиги жетип, жайкысын өздөрү оңдоп алышат. Класстардагы мештерди аппак кылып актап коюшуптур, кызык дагы эле көң жагышабы?

Мына ушул мектепте 120 тегерегинде окуучулар билим алышат. Алды каякта дебейсизби? Өзгөрүштүн кулундарынын алды Европада, арты Орусияда. Ошол жер кезип жүргөндөр дүйнөлүк тилдердин бирин үйрөткөн Нурила эжейине алкыш айтып жатышса керек.

9-класска баш багып, Пушкиндин “Евгений Онегин” романындагы Онегин менен Ларинаны кат алышуусуна күбө болдум. “Өзгөрүштүк” Татьяна сүйүү катын жатка айтса, Онегин насаат айтуу менен жооп берүүдө. Нурила эже сыйкырдуу үнү менен окуучулардын баарын дүйнөлүк классикага сүңгүтүп киргизгени таң калтырды. Аларга мен да кандай аралашып кеткенимди элес албай калыпмын.

Танаписке чыкканда Онегиндин образын аткарган Адилден ага кыз чын эле биринчи кат жазса кантет элең деп сурадым.

- Уят да, бирок душасында болсо жазат да. Мага жазса, кыздын намысын сыйламакмын.

- Орус тил сабагы дайыма ушундай өтөбү?

- Ооба, Нурила эжей сабакты дайыма көңүлдүү өтөт. Орус тили бизге абдан керек да.

Ал аңгыча Адил баштаган окуучулар кычыраган суукта топ тепкени аянтка чуркап жөнөштү, мен үшүгөн колумду утур-утур үйлөп, Нурила эжей менен анын үйүнө бет алдык.

Мугалимге убал, бирок иш таштабайм

36 жыл илгери Чүйдөн келип, өмүр бою Өзгөрүштө туруп калган эже жупуну, бирок ирээттүү тамда турат экен. Чүйдөн туугандары да аманчылык сурап келишиптир, алдынын кан басымы көтөрүлүп жатканы. “Ушул жерде жашаганың үчүн эле сага орден тагыш керек”, - деди чачын ак аралаган Нурила эжейдин агасы, көк чай сурап ичип жатып. Коңшу бөлмөдө үч небереси жаны тынбай ойноп жатышты.

- Неберелериңиз бар экен, сыртта мал-жан, чарбачылык дегендей, сабакка качан даярданасыз деги?

- Айылда жумуш көп, бирок ар дайым даярданыш керек, анткени балдар чукулап сурап турат да. Пенсия курагында болсом да, биринчи жолу сабакка барчудай болом. Неберелерим ойной беришет, алардын ызы-чуусуна көнүп калгам.

- Эл агартуунун отличниги турбайсызбы, канча айлык аласыз?

- Беш миң сом, - деп күнөөлүдөй жооп кайтарды.

- Мугалимдер нааразы болуп чыгып жатат, сиз да жумуш таштайт белеңиз?

- Чынында мугалимдерге убал, айлык абдан аз. Бирок мен сабак таштабайт элем, анткени балдар күтөт, биз аларга баардык жакшы нерсенин башатын үйрөтөбүз. Ошол үчүнбү, ага уятым жол бербейт

Нурила эжени Чүйдөн Өзгөрүштүн мен деген жигиттеринин бири ала качып келген экен. Отуз жашында өмүрлүк жарынан айрылып, бирок беш баласын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойтуптур.

- Ата-энем жакшы тарбия берди, барчылыкта өстүм. Чылкый орустар турган жерден келип, адегенде көнбөй кыйналганды айтпа! Бирок, тагдырга баш ийет экенсиң, балдардын атасы жаш каза болуп калды, чиедей балдарымдын окуусу, кийими, башкасынын бүт баары мойнума илинди. Анын үстүндө ал кезде партиялык тартип катаал эле. Ошонун баарына чыдадым, кайын журтум да туш-туштан колдоп турду.

Здравствуй, мой Өзгөрүш!

2004-жылы Нурила эже балдарым чоңойду, мага эми жетет деп, киндик каны тамган Чүйгө баса бербейби. Жеңил-желпи иш таап алып иштеп жүрсө, артынан жанын койбой айылдыктар чабарман жиберет. Айылда орус тил мугалими жок, жаңы бүткөндөр келбей качышат да, эмнеге чаптырмак эле?

- Эми өзүм үчүн жашайын, анын үстүнө студент болгон балдарымдын жанында болоюн деп төркүндөрүмө кетип калгам. Бирок кайра-кайра чакыртышып, тынбай телефон чалышып, же жөн эле каттаган кишилерден айттырып жатышты. Адегенде болгон жокмун. Бирок бир күнү отуруп ойлодум да, “бу өзгөрүштүктөр эми орусча билбей калышабы?” депчи. Ошол ой жайыма койбоду окшойт, кой дедим да, кайра баягы шамал жорткон Өзгөрүшкө кайтып келип алдым балдар үчүн. Бу мугалимдик мен үчүн көрсө кесип эмес, кудай буюрган тагдыр ойшобойбу.

Айылдыктар Нурила эжейдин жанын койбой, орусчага керек нерсенин баарынан жардам сурай беришет. Эмне долбоор келбесин, убактысын бөлүп которуп берет экен. Сыртта иштеп кайтып келгендердин арасында Нурила эжей болгон үчүн орус тилден кыйналган жокпуз дешип алкашканы. Эже болсо эми жаны тынбай Орусиянын элчилигине чейин жете барып, мектепке заманбап техника койгусу келет. Ушунун баарына жетишкенине таң бересиң. Бир жагынан эшик-ээликтин түйшүгү, мал деген бар, ал эми жеке ишиң дечи, бирок сабакка сөз жок үлгүрүш керек. Айтору, бир киши атанын да, апанын да, кожоюндун да, анан, албетте, мугалимдин да түйшүгүн көтөрүп жүрбөйбү. Арабызда али да Айтматовдун ургаачы Дүйшөндөрү бар тура, мына дүйнөнү ошондой адамдар кармап турса керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG