Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:17

Паспорт алууну жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат. “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары: Дастан Бекешов – Жогорку Кеңештин депутаты, Дүйшөн Сатыбалдиев – Кыргызстан паспорт кызматынын жетекчиси, Бейшенбек Абдрасаков – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Үй куруучулар” партиясынын лидери.

“Азаттык”: Кыргызстанда паспорт алуу бардык документтериң даяр болсо анча деле кыйын эместиги белгилүү. Бирок “справкаларды алып кел, банкка барып акча төлө” дегендей "чуркатмайлар" абдан көп. Катардагы адамдар чындыгында кээ бирлери документтер даяр болсо алып атабыз дейт, кээ бирлер абдан көп тоскоолдуктарга учурап жатканын айтып жатышат. Ушул ишти жөнөкөйлөтүш үчүн Жогорку Кеңеш мыйзам даярдап жаткан экен. Ал мыйзам кабыл алынса, биздин жарандарга кандай жеңилдиктер берилет?

Бекешов: Бул мыйзамды парламент колдосо, президент кол койсо өтө көп проблемалар чечилет. Бюрократиялык процедура болбойт, бир эле бирдиктүү терезе деген принцип менен кетет. Арызды жазганда мамлекеттик каттоо кызматы аларды топтоп паспортту берет.

“Азаттык”: Дүйшөн мырза, ушул сунушталып жаткан долбоорду аткарууга биздин паспорт каттоо кызматы даярбы?

Дүйшөн Сатыбалдиев

Дүйшөн Сатыбалдиев

Сатыбалдиев: Бул жылдын 20-июнунда паспорт алуу тууралуу өкмөттүн токтомун кабыл алганбыз. Ошол токтомдун негизинде бир канча жеңилдиктер болду, 50-60 пайызга чейин.

“Азаттык”: Мен байкап көрсөм 10го жакын документ топтош керек экен. Азыр мыйзамда 5 документ топтосоң болду деп жатат. Силер ошончого кыскартканга даярсыңарбы?

Сатыбалдиев: Токтом 26-июнда кабыл алынды. Биз биринен тарта жөнөкөйлөтүлгөн шарттагы тизмелер менен берип атабыз. Ошол эле учурда кээ бир атуулдарыбыздын өздөрүнүн шалаакылыгынын айынан, документтерин жоготуп койгон учурларда кээ бир справкаларды сөзсүз түрдө алып келүү керек. Анткени жарандыктарын тактамайынча документ берүү мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Мен паспорт кызматынын сайтынан караганда 10 документтин тизмеси бар экен. Ал эми бул мыйзамда беш документ деп атат. Паспорт кызматында Соцфонддон, карточка №1, нике кагаз, аскердик билет, чет өлкөгө чыга турган болсо дагы бир кагаз керек деген беш кагазды жокко чыгарган экенсиздер.

Бекешов: Нике боюнча кагазды мамлекеттик каттоо кызматы бербей жатпайбы, ЗАГСтар азыр анын көзөмөлүндө болуп атат.

“Азаттык”: Ушул кагаздар азыр силердин сайтыңарда турабы?
Кыргызстандын паспорту менен дүйнөлүк аренадагы террорчулар колго түшүп атат. Арабдардын жарандары биздин паспорт менен жүрөт.

Сатыбалдиев: Ал ката болуп илинип тургандыр. Биз ашыкча арыздардын баарын алып салганбыз. 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алмаштыра турган болсоңуз, сиз сүрөтүңүздүн акысын төлөп, нике күбөлүктүн көчүрмөсү керек деп калтырдык. Бул маселе чоң талкуу болду. Себеби укуктук маселелерге келгенде, мисалы мүлктөрдү каттаганда укуктук коллизия чыгып калып атат.

“Азаттык”: Паспорт ушундай жеңил болуп, жаңы конуштарда да элдин баары паспорт алып, жакшы жашап калдыбы?

Абдрасаков: Бүгүнкү күндө бардыгы паспорт алды дегенден алыспыз. Бирок мурдагыга караганда жеңил болуп калды деп айтса болот. Анткени биз 89-жылы жер алганда, СССРдин убагында мыйзам бар болчу, үйдү салсаң да, чоң кирпичтен стандарттуу үй болмоюнча каттоого турчу эмес.

Каттоого турбагандан кийин биз паспорт ала алчу эмеспиз. Элдин көбү топурак менен кичинекей үй салчу, биз чуркап кат жазып атып президентке он жылдан кийин араң түшүндүрдүк. Он жылдан кийин президент Указ чыгарып берди, кандай үй болсо да каттоого алгыла деп. Ошондон кийин жеңилдеп, 100 пайыз элибиз паспорт алып, каттоого турушту.

“Азаттык”: Дүйшөн мырза, элди каттоодо айрыкча жаңы конуштарда көчөлөрдүн аттары коюлбай калган. Силер деле ушуга тушугуп атсаңар керек?

Дастан Бекешов

Дастан Бекешов

Сатыбалдиев: Сөзсүз түрдө. Жаңы конуштарда жашаган жарандарыбыздын үйлөрү бар, бирок үйлөрүнүн документтери жок. Бизде каттоо системасы бүгүнкүгө чейин калып атат, ал калгандан кийин бизде тизмеде тургандан кийин биз бирөөгө паспорт берүүдөн мурун бир үйгө каттап, ошол дарек боюнча паспорт беришибиз керек да. Натыйжасында жаран паспорт ала албай атат.

“Азаттык”: Жаңы мыйзамда каттоо маселесин чыгарып салуу сунушталып жатабы? Кантип биз адамдарды эсепке алабыз?

Сатыбалдиев: Ооба, сунушталып жатат. Паспорт бул – өздүк күбөлүк.

“Азаттык”: Паспорт кызматы каттоолорду алып салганга даярбы?

Бекешов: Мыйзам кабыл алынганда аны көрөбүз го. Бүгүнкү күндө бизде каттоо системасы бар, аны бир күндө алып салуу мүмкүн эмес. Бул мамлекетибиздин коопсуздугуна шек келтире турган маселе. Анткени биз жарандарыбыздын кайда экенин жоготуп алышыбыз мүмкүн. Каттоо маселесине бизде көп башка маселелер байланган. Мисалы, салык төлөмдөрү, коммуналдык төлөмдөр жана ушуга окшогон маселелерибиз паспортто каттоого коюлган жери менен байланышат.

Сатыбалдиев: Каттоо азырынча бизге керек. Бирок аны башка кагаз менен бериш керек. Паспортко байланыштуу болсо, анда биз үйү жокторго кантип паспорт беребиз? Бул туура эмес саясат.

“Азаттык”: Дареги жок деп адамга паспорт бербей койобузбу?
Жеке менчик фирмага берип койгон, аны кандайча бергенин элдин баары билет, бул жерде чоң бизнес кылышкан.

Бекешов: Паспорт берүү керек, биз каршы эмеспиз. Эгерде мыйзам кабыл алынса, аны аткарууга сөзсүз түрдө милдеттүү болобуз. Бирок ошол учурда мамлекетибиздин коопсуздугун, элибизди ойлоп эки жакты тең кыйнабай тургандай чечишибиз керек.

“Азаттык”: Каттоосу жок паспорт берүү мүмкүнбү?

Абдрасаков: Мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө жаңы конуштарда каттоосу жоктор кыйналып жүрүшөт. Каттооң жок болгондон кийин сен киши катарынан чыгып каласың, балаңды бала бакчага алып баралбайсың, өзүң ооруканага жата албайсың. Социалдык жактар бар, өкмөттөн көп балалуулар, майыптар жардам ала албай калат. Бул аябай чоң маселе. Муну дароо чечип коюу туура эмес болуп калат.

Бүт кыргызстандыктарга бир эле мыйзам болсо анда да туура келбей калат. Мисалы, бизде тоолуу аймактарда коэффициент бар, Кыргызстанда эле жашайт деп койсо, андайды ала албай калат. Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын айрымдары Бишкекке кирсе, ошол эле жанындагылар Аламүдүн, Сокулук районуна кирип калат.

Бишкектиктерге социалдык жардам берет, ал эми аркы көчөдөгү Чүй облусуна киргендер аны ала албайт. Бизде 50 миң жер тилкеси берилген жаңы конушта, аялы менен күйөөсүн эсептесек 100 миң киши, 2-3төн бала болгондо 18 жаштан жогору 250 миң киши бар. Шайлоо убагында болгону 60 миң гана киши катышат, ары жакта 200 миңдей киши катышпай калып атат. Шайлоо эртең бүтөт, андан кийин да жашоо керек да. Ошондо өтө оор абал түзүлөт. Кыргызстанда паспорт боюнча маселе өтө оор.

Бейшенбек Абдрасаков

Бейшенбек Абдрасаков

“Азаттык”: СССРдин убагында төрөлгөнбүз, паспортту татаалдыгы жок эле алчубуз. Азыркы кезде өзгөчө элеттиктер айылдан районго паспорт алам деп келет, сүрөткө начар түшүп калыптырсың деп кайра жөнөтөт. Ушуларды адистештирип, жолго койгонго болбойбу?

Сатыбалдиев: Биз кечээ Ош менен Жалал-Абад шаарында өкмөттүн жетекчилиги, ПРООН жана Орусиянын жардамы менен калкты тейлөө борборлорун ачып келдик. Азыр эки жерде – Ош шаары менен Жалал-Абад шаарында. Мисалы, Ош шаарында беш жерде паспорттук бөлүмдөр болсо, ошону бир жерге топтоп, автоматташтырылган система менен бирдиктүү терезе принцибинде кабыл алып, электрондук толтуруу боюнча версиясын бул жакка жөнөтүп, бул жактан даяр паспортту ал жакка жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк ачылат. Жакында Бишкек шаарында да ачылат. Ошентип отуруп электрондук система менен иштөө маселеси бүт региондорго тарамакчы.

“Азаттык”: Каттооң өзгөргөн сайын ID картаңды алмаштыруу керек деген да маселе бар. Муну чечүү жолу каралганбы?

Бекешов: ID карта калат го, бирок ошол жердеги көп графаны өзгөртүш керек. Каттоо боюнча өзүнчө документ бериш керек.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү өзүнүн жаранына паспортту тоскоолдуксуз берүүгө милдеттүү. Муну кантип ишке ашырабыз?

Абдрасаков: Өкмөт паспортту ар бир атуулга бекер бериш керек.

“Азаттык”: Өтө ылдам жасаш үчүн азыр кеминде 100 евро алат. Бул акча кайда кетип атат?
Каттооң жок болгондон кийин сен киши катарынан чыгып каласың, балаңды бала бакчага алып баралбайсың, өзүң ооруканага жата албайсың.

Сатыбалдиев: Бул өкмөттүн казынасына жана паспортту даярдаган фирмага кетет. 5-6 жыл мурун ошол фирма менен өкмөттүн ортосунда келишим түзүлгөн экен, ошонун негизинде иштеп келип атат. Буга чейин паспортту даярдоо жеке менчик фирма “Интелинксте” болуп келатпайбы, эгерде бул мамлекеттин карамагына өткөндө ал арзанга түшмөк.

“Азаттык”: Бир менчик фирманын колуна бүт Кыргызстандын жарандары жөнүндөгү маалыматтар түшчү. Бул улуттук коопсуздукка терс таасирин тийгизген маселе катары да айтылып келатат.

Сатыбалдиев: Туура айтасыз, жеке менчик фирмага берип койгон, аны кандайча бергенин элдин баары билет, бул жерде чоң бизнес кылышкан. Ар бир жаранга паспортту жасап сатышкан, андан тышкары мөөнөтүн жылдырып коюп тез бүтүрүп беребиз деп дагы 300-500 доллардан алган. Азыркы күнү мунун баарын тартипке чакырыш керек. Биздин жаран болгондон кийин ал бекер алышы керек. Азыр да паспортту жаңыртабыз деп атпайбы, жаңырткан сайын бизнес болуп, беш жыл сайын элдин чөнтөгүнөн буларга акча түшө берет.

Бекешов: Акчаны да башка компаниялар жасап атат, эмнеге паспаортту башкалар жасаса болбойт? Биз шаймандарды алышыбыз керек, ал өтө кымбат.

Абдрасаков: Кыргызстандын паспорту менен дүйнөлүк аренадагы террорчулар колго түшүп атат. Арабдардын жарандары биздин паспорт менен жүрөт. Бул эмнеден кабар берет? Биздин паспорт дүйнө жүзүнө аралап кеткен, сатып атышат.

“Азаттык”: Паспортту берүүнү жеңилдетсек, ушул маселе күчөп кетпейби?

Сатыбалдиев: Ал нерсени сөзсүз эске алыш керек. Жарандарга оор болбош үчүн эң керектүү, такталган, тастыкталган документтерди кабыл алып, паспорт беребиз.

“Азаттык”: Ошто, Жалал-Абадда ачылган жаңы мыйзамда айтылгандай бирдиктүү терезеден Соцфонддун акча төлөөсү да ошол жерден чечиле турган болобу?

Сатыбалдиев: Ооба, сүрөткө да ошол жерден түшөт, компьютерге киргизилет.

“Азаттык”: Бул көптөгөн акчаны талап кылса керек. Азыр бизде каражат жетиштүүбү?

Сатыбалдиев: Буга Орусиянын өкмөтү менен ПРООН чоң көмөк көрсөттү, ошолордун жардамы менен маселе чечилип атат.

“Азаттык”: Өлкөдө паспорт калкка жетиштүүбү?

Сатыбалдиев: Калкка паспорт жетиштүү.

“Азаттык”: Паспорту жок канча жаран жүрөт?

Сатыбалдиев: Аны айтууга мүмкүн эмес, аны эсептеш өтө кыйын. Күнүгө жарандарыбыз паспортторун жоготуп алат, албай жүргөндөрү да бар.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG