Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Кыргызстанда чет өлкөлөрдө отурукташып калган кыргыздарды түпкү Мекенине көчүрүү, каттоо жагын жеңилдетүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Буга байланыштуу мыйзам долбоорду парламенттик комитет караган. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, кайрылмандар жарандык алууда мамлекеттик жана консулдук төлөмдөрдөн бошотулат. Буга чейин “Кайрылман” программасы да ушундай максатта түзүлүп, бирок жакшы натыйжа бербегенин сындашкан. "Азаттык" ушундан улам бул маселе боюнча адис Салтанат Бараканованы кепке тартты.

- Кезинде сиз да Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинде иштеп, “Кайрылман” программасынан кабарыңыз бар. Бирок программа өз максатына жеткен жок деген сындар да айтылып келет. Ал азыр кандай иштеп жатат?

- “Кайрылман” программасынын биринчиси 2006-2008-жылдарга бекитилген. Ал ишке ашты. Жогорудагыдай сындар чындыкка жатпайт. Анткени ушул программанын негизинде “Кайрылман” деген макам бериле баштады. Өткөн жылдан баштап сырттан көчүп келген этникалык кыргыздар макам ала баштады. Бул макамдын негизинде көчүп келген кыргыздар жарандык алганга жеңилдиктерди алат. Макам менен бир жыл жүрсө болот жана Кыргызстан жарандары кандай укуктарга ээ болсо алар да ошондой укуктарга ээ.

- “Кайрылман” макамын алуунун өзү кыйынга турары да айтылат. Ал кандай негизде берилет?

- Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар ушундай кыйынчылыкка дуушар болуп жатат. Анткени Өзбекстандан келерде каттоодон чыкпай келип атышат. Анткени ал жактан каттоодон чыгарбай жатат. Мисалы, Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда эки келишим бар, көчүп келгендердин укугун коргоо жана жеңилдетилген түрдө атуулдук берүү боюнча. Ошондуктан алар менен маселе жок.

Өзбекстан менен да ушундай эле келишимдерди түзүүгө 2003-жылдан бери аракет кылып жатабыз, документтерди жөнөтүп. Алар такыр кол койбой жатат. Ошондуктан ал жактан келгендерди каттоодон чыгарбайт жана паспортторунун мөөнөтү өтүп, бул жерде 10-20 жыл жашаган этникалык кыргыздар бар. Ошол себептүү “Этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип жатабыз.

- Эл аралык уюмдар Кыргызстандын мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге иликтөө жүргүзгөн экен. Ага ылайык, 20 миңден ашуун адамдын паспорту жок деп айтылган. Ошолордун ичинде көчүп келген этникалык кыргыздар бар экендиги айтылган. Азыр депутаттар көтөрүп жаткан демилге ишке ашабы?

- Бул маселени депутаттар көтөрүп жатканы абдан жакшы. Мен депутаттарга абдан ыраазы болуп атам. Кечээ жакында эле бул маселе ЖКда көтөрүлдү. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинде депутат Өмүрбек Текебаевдин “КР жарандыгы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору комитетте жактырылды.

- Негизи эле көчүрүп келиш керекпи? Айрымдар башка өлкөлөрдө өздөрүнүн диаспораларын калтырууга кызыкдар экен. Бул ошол өлкөгө таасирлүү болгонго да жакшы деп айтып жүрүшөт?

- Буга мен эки жактуу макул болот элем. Мунун оң жагы да, терс жагы да бар. Оң жагы кыргыздар жашаган жердин ареолу кенен болсо ошончолук жакшы болот. Эгер жашаган өлкөдө турмушу жакшы болуп, тең укуктуулукка жетишкен өлкөдө жашап жатышса жакшы эле болот эле. Мисалы, Ооганстанды алалы, мен өзүм да барып келгем ал жакка. Алар кандай кайрылып жатышат, мен азыркыга чейин алар менен байланышып турам.

- Кыргызстанга келем дегендердин жалпы саны канча?

- Ооганстандан келүүнү каалагандар 1,5 миңдей, Түркиядан да келүүнү каалагандар бар.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG