Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Рахманкул хандын урпактары: Мекенибиз – Кыргызстан


Нурмухаммед Долунай небереси Маржан менен

Нурмухаммед Долунай небереси Маржан менен

Чоң-Алайдын Кызыл-Эшме айылын байырдаган айтылуу Рахманкул хандын тукумдарынын жашоосу жан оорутат.

Өткөн кылымдын 30-жылдарында саясий кырдаалга байланыштуу кыргыздын 300гө жакын түтүнү Рахманкул хандын башчылыгында Ооганстанга ооп кеткен.

1978-жылдагы Оогандагы согуш аларды Түркиядан башпаанек издөөгө мажбур кылган. Ата-мекенинен дээрлик бир кылымча алыста жүргөн бозгундар Кыргызстан эгемендик алгандан кайтып келе башташты.

Кызыл-Эшме айылы
Советтик системанын куугунтугуна кабылып, 300 түтүн кыргыз Ооган жергесине качкан мезгилде Нурмухаммед Долунай 3 жашта болчу. Өткөн кылымдын 30-жылдарын ал мындайча эскерет:

- Коммунисттин заманында “байларды өлтүрөт, андай кылат, мындай кылат” деп качышты. Оболу жанын ала качты, анан малын, дилин, балдарын алып качты. “Биз кул болбойбуз, азат жүрөбүз” деди. Айткандай ач да болдук, ток да болдук, эшикте да калдык, бир сындырым нан да сурап жедик, бирок кудаага шүгүр эч кимге кул болбодук.

Памирде отурукташып калган кыргыздарды тейит уруусунун бийи Рахманкул хан жетектеп турду. 1978-жылдагы Оогандагы тополоң аларды Түркиядан башпаанек издөөгө мажбур кылган:

- Ооганда, Кытайда, Иранда, Пакистанда жашадык. Пакистанда 4 жыл 6 ай туруп калдык. Ал жактан АКШнын Аляскасына кетмекчи болуп калганыбызда Пакистандагы Түрк консулу “кыргыздар түрк, биздин боордошубуз, Түркияга алып кетебиз” деп айтты. Ал жерде Оогандан качкан өзбеги, казагы, тажиги, лазы жана черкеси бар эле. Баары кыргыз аталып, 700 үйлүү Түркияга барышты. Ал жакта Ванды жердеп калдык.
Нурмухаммед Долунайдын жаңы паспорту
Ата-мекенинен дээрлик бир кылымча алыста калган кыргыздар Кыргызстан эгемендик алгандан баштап өздөрүнүн тарыхый мекенине кайта башташты.

Чоң-Алайдын Кызыл-Эшме айылына мындан 10 жыл мурун Түркиядан 2 түтүн келип турактап калды. Алардын бири Нурмухаммед Долунайдын үй-бүлөсү:

- Канча болсо болсун, бул менин ватаным, менин Ата-журтум. Азыр шарт жакшы болбогону менен бул жакка келип жашаганыма мен эки дүйнөдө тең өкүнбөйм. Кыргызстандан башка жакта хан болсоң да бөтөн эл – баары бир бөтөн элдик кылат.

Бала кезимде ата-энем “балам, тынччылык болсо, алты ата, жети пуштуң өткөн Ата-мекениңе барып тобо кыл, дуба кыл… Биздин арбагыбыз ыраазы болот” дешкен. Ошондон бери эңсеп жүрүп, мен ниетиме жеттим.


Кызыл-Эшме айылы
Кыргызстандын жарандыгын Долунай байбичеси экөө жакында эле алышты. Азыр 1500 сомдон пенсия алып турушат. Бирок мектепте окуп жаткан 2 небереси азырынча Түркиянын документи менен жүрөт. Аларга пособие да тийбейт. 7-классты бүтүрүп жаткан Маржан ага эч эле кайгырбайт. Ал бул жерден көп досторду тапканына сүйүнөт:

- Азыр 8-класска көчтүм. Жакшы окуп жатам. Бул жакта эч ким мени бөлбөйт. Көп досторду таап алгам. Кыргызстан мага абдан жагат. Мектеп, айыл, дегеле бул жакта жерлер кооз. Кыскасы мен абдан жакшы көрөм.

Ал эми мектепти аяктаган Нургүл Тамир кызы документтин жоктугунан жогорку окуу жайга тапшыра албай жатканын айтат. Алардын үй-бүлөсүнүн да Түркиядан келгенине 10 жыл болду:

- Мектепти 3 жыл мурун бүткөм. Паспорттун жоктугунан окууга тапшыра албай жатам. Өзүм мугалим болгум келди эле. Азыр Түркиянын документи менен тапшырууга болбойт экен. Биздин үйдөн бир гана атам менен апам документ алышкан.
Нургүл Тамир кызы
Кызыл-Эшмедеги бул эки үй-бүлөгө тең мамлекеттен жер берилбептир. Азыркы жашап аткан үйлөрүн карызга алып, аз-аздап төлөп кутулуп атышат.

“Эл журт бар экен, өлбөстүн тирилиги өтүп жатат” дейт Нурмухаммед Долунай:

- Элден айланайын. Эл эмне жесе биз да ошону жеп жатабыз, журт эмнени ичсе биз да ошону ичип жатабыз. Башында келгенде түзүк эле каралашты. Анан эми калган арабабызды өзүбүз тартабыз да.

Бул жердегилер Нурмухаммеддин кыргыз тилин унутпаганына таң калбай койбойт. 4-5 тилди эркин сүйлөп, бөтөн жерде муктаждык болбосо да, ал эне тилин эсинен чыгарбаптыр:

- Ооган тилинде жомок айтып, түркчө түш жоруйм. Мага керек болгон жерде сүйлөйм. Бирок өзүмдүн эне тилим турганда ал тилдерди сүйлөп эмне кылам?

Жети атабыз айтчу экен: “Тилиңерди унутпагыла, үрп-адатыңарды сактагыла, намысыңарды бек туткула!” деп. “Башкасынан да тилиңерди жоготпогула” деп көп эскерткен. “Көп топоз келатат, сарысы бар, карасы бар, кашкасы бар… Тилиңерди унутуп калсаңар ошол топоздун бирисиңер” деди…

Соңку маалыматтар боюнча 1990-жылдардын башынан тарта Кыргызстанга чет өлкөлөрдө жашаган 25 миңден ашуун, так эмес маалыматтарга караганда 30 миңден ашуун этникалык кыргыздар келген. Бирок алардын жарымы да азыркыга чейин өзүнүн тарыхый мекенинин атуулдугун ала элек.

2006-жылы кабыл алынган мамлекеттик “Кайрылман” программасынын алкагында Кыргызстанга келген этникалык кыргыздарга анча-мынча жеңилдиктер каралган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG