Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:10

Мээримдин тагдыры жүздөгөн кыргыз келиндериникине окшош. Үй-бүлөдө күйөөсүнөн токмок жеп, кайненесинен басынган келин акыры Ысык-Көл Коомдук өнүктүрүү бирикмесинин борборуна башкалка издеп келүүгө аргасыз болгон.

Мээрим Каракол шаарында ашпозчунун окуусун бүткөндө эле аны ала качып кетет. Ала качкан жерден кетем дегенде болочок кайненеси "нанды аттап көр, кетип калсаң каргайм" деп коркутканынан калып калган экен. Акыры баягы "башка салганды көрөм" деп, үй-бүлө күтүп, жолдошу менен эки жылдай жашайт.

Мээримдин жубайы кичүүсү болгондуктан үйдү карап, кайненеси менен чогуу туруп калышат. Үй-бүлөдө ар кандай болот эмеспи. Кээде тыйын тартыш болуп, тамак-аш жетпегенде үйдөгү апанын пенсиясына жашап калган учурлар да болгон экен.

"Чырдын башы мына ушул тыйындан чыга баштады" дейт Мээрим. Кайненеси кааласа пенсиясынан берсе, көңүлү жокто бербей койгону да болгон экен. Бара-бара келинге асылышып, такыр жүдөткөндө айласыздан бул борборго экинчи жолу келүүгө туура келиптир.

"Мен бул борборго жолдошум зомбулук көрсөткөндөн улам келдим", - дейт ал.

Жолдошунун колу тийгени аз келгенсип, кайненеси ар кандай сөздөр менен маскаралачу дейт Мээрим.

- Кайненем каргап, сен "баламдын башын айлантып келдиң, жөн келген жоксуң" дечү. Күйөөм да ичип келип, сабайт. Кайненем да бир жолу урган учуру болгон, бирок мен карыган киши деп эч кимге деле айткан эмесмин.

Мээримдин айтымында, бир жактан кайын сиңдилери да чатак салып кетишчү.

- Кайын синдилерим да келип, аралашкан учурлары да болгон. "Сен апабызды карабайсың, керек болсо ажыраштырып алабыз" дешкен. Мага болушкан бир дагы күн болгон жок. "Эмне үчүн менин жубайыма ушинтип айтасың" деген учурлар да болгон жок.

Мээримдин жолдошу айрыкча ичип келгенде кызыл камчылыгы бар экен. Көгала койдой сабап, кан чыкканча токмоктогонун айтып отурду. Андай болгон күндө да кайненем бир да жолу ооруканага кайрылууга уруксат бербей, үйдөн чыгарбай койгон дейт.

- Башым жарылып, азыр так бар. Башым жарылганда кайненем да, күйөөм да караган жок. Өзүнөн өзү айыкты. Бычак менен сайганда калган тактарым бар, чокойдун түрүн көрдүм, көсө менен да таяк жегем.

Акыры кимдир бирөөлөр Мээримге ушул Коомду өнүктүрүү борбору тууралуу айтышат. Эки баласы менен келип, эсин жыйган Мээрим эми балдарын бакчага берип, өзү ашпозчулук өнөрүн аркалагысы келет.

- Бул жакты мен айылдан угуп, ушул жакка экинчи жолу келип жатам. Ушул борборго ыраазычылыгымды айтам, бул жер болбосо мен эки балам менен көчөдө калмакмын.

2005-жылы уюштурулган Ысык-Көл Коомдук өнүктүрүү бирикмеси аялдар саламаттыгын чыңдоо боюнча ар кандай окууларды өткөрөт. Ошону менен катар зомбулукка кабылган келиндерди көп кезиктирип, акыры атайын иликтөө жүргүзүп, "учурда 20 күндүк баш калкалоочу жай ачканбыз", - дейт борбордун башчысы Махабат Токтомушева:

- Биз акысыз медициналык жардам көрсөткөндүктөн психологиялык жактан жана зордук-зомбулукка кабылган көп айымдар катталган. 2011-жылдын апрель айынан баштап, ушул жылга чейин 60тан ашуун аялга жана 90дон ашуун балага жардам көрсөттүк.

Махабат Токтомушеванын айтымында, бул борборго келчүлөр али да көп болот. Тилекке каршы кыргыз коомунда кыз-келинге зомбулук жакын арада жоюлбайт көрүнөт.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG