Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Кыргыз хоккейинин келечеги талкууланды


20-октябрда эл аралык Хоккей федерациясынын (IIHF) мүчөлөрү Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

20-октябрда Бишкекке эл аралык Хоккей федерациясынын өкүлү Адам Уэйн Силлит жана Азияда бул спортту өнүктүрүү боюнча башкы адис Гаральд Спрингфилд келишти. Алар спорт жетекчилери, жергиликтүү оюнчулар менен жолукту.

Эл аралык Хоккей федерациясы кыргызстандык машыктыруучуларды жана калыстарды атайын курстарга окутууга жардам беришерин Адам Силлит билдирди.

- Көп өлкөнү кыдырдым. Кыргызстанда хоккейге кызыккандар арбын экен. Бул абдан жакшы көрүнүш. Мындай демилгени эл аралык Хоккей федерациясы ар тараптан колдоого алат. Ошондуктан машыктыруучуларды жана калыстарды окутууга, алар үчүн курстарды уюштурууга жардам беребиз. Бул оюнду өнүктүрүү үчүн биргелешкен долбоор түзүү зарыл.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Умбет Кыдыралиев өлкөдө 80ден ашуун спорт түрү өнүгүп жатканын айтып, жаңыдан жанданып келаткан хоккейди өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдан колдоо керектигин белгиледи.

Азияда хоккейди өнүктүрүү боюнча башкы адис Гаральд Спрингфилд хоккей ойногонго зарыл болгон шаймандар менен камсыз кылууга аракет кыларын айтты.

- Азияда хоккей өнүгүү жолунда турат. Бишкектеги муз аянты учур талабына жооп берет экен. Биз өлкөдөгү хоккейдин абалын билүү, талдоого алуу үчүн гана келдик. Келечекте биргелешкен долбоорлор аркылуу бул оюнду Кыргызстанда өнүктүрүүгө негиз бар экен. Аз убакыттын ичинде Кыргызстандын хоккей федерациясынын аракети дурус.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төргасы Шейшенкул Бакировдун пикиринде, буга чейин хоккейге тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй келген. Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү деле жарытылуу жардам берүүгө убада кылбай, жөн гана сунуштарды угуп кетишти:

- Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү кыргызстандык машыктыруучуларды жана калыстарды окутуу боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти. Бишкекте эл аралык талаптарга ылайык муз аянтын курууга жардам берүүгө же инвестор табууга убада кылышкан жок. Эл аралык Хоккей федерациясынын өкүлдөрү Кыргызстанга спорттун бул түрүн эл арасында жайылтуу максатында келген. Бирок алардан жардам болобу же жокпу - аны мезгил көрсөтөөр...

Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов бул оюнду өнүктүрүү аракети көрүлүп жатканын айтып, декабрда Кыргызстан менен Түркиянын жолдоштук беттешүүлөрү болоорун “Азаттыкка” билдирди.

- Бизде хоккей спорту жаңыдан эле башталып жатат. Тилекке каршы бул спортту өнүктүрүү үчүн муз аянтчаларыбыз жокко эсе. Келечекте жеңиштерге жетишүү үчүн эл арасында бул спортту жайылтып, өнүктүрүү керек. Былтыр өлкө чемпионатына 6 команда катышса, быйыл 8 команда баш байге үчүн күч сынашууда.

Бишкектин “Арстан” командасынын чабуулчусу, 47 жаштагы спорт чебери Чынарбек Бейшенбеков Казакстанда өткөн 7-кышкы Азия оюндарынан кийин өлкөдө хоккейге кызыгуу кайрадан жандана баштаганын белгиледи:

- Мамлекет да хоккей спортуна көңүл буруусу зарыл. Жылдан жылга чеберчилик бир аз жогорулап баратат. Биздей ардагерлер жаштарга жол көрсөтүп, сабак болушубуз керек. Келечектүү жаштар да бар.

Кыргыз хоккейчилери эл аралык мелдештерге барып турса гана чеберчилик өсөрүн, таланттуу жаш балдар тандалып жатканын, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясында хоккей кафедрасын ачуу маселеси макулдашылганын федерациянын вице-президенти Бактыбек Иманалиев “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандык хоккейчилер алгач ирет 2012-жылы Индияда өтө турган Азия чакырыгы Кубогуна катышуу үчүн азыртадан камылга көрүп жатышканы кубанычтуу көрүнүш. Ал түгүл эл аралык Хоккей федерациясынын мүчөлөрү макулдугун беришсе, Кыргызстан дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойноп калышы да ыктымал.

Чынында Кыргызстандын жаратылыш шарты хоккей баштаган спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Каракол, Нарын шаарларында, Чаек, Миң-Куш, Ак-Түз, Алай айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. Быйыл Астана, Алматы шаарларында өткөн 7-Азиянын кышкы оюндарындагы ийгиликтерден кийин бул оюнга кызыгуу артты.

Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапония, Казакстанда гана хоккей өнүккөн. Аларга теңелүү кыйын. Кыргыз хоккейин өнүктүрүү мезгил талабы болуп, эл аралык Хоккей федерациясы көз кырын салса, ыңгайлуу жагдай түзүлгөнү турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG