Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:04

Өлкө жетекчилеринин мамлекеттик тилди билүүсү керектиги - дүйнөлүк тажрыйба. Адатта калктын дээрлик басымдуу бөлүгү сүйлөгөн тилди билбеген саясатчы бийликке келе албайт.

Президент болгусу келген талапкер сөзсүз түрдө мамлекеттик тил боюнча сынактан өтөт. Быйыл Борбордук шайлоо комиссиясы бул иш-чараны сыналгыдан түз көргөзмөкчү.

Башында саясий атаандаштарды четтетүү максатында түзүлгөнү айтылган ушундай эреженин зарылчылыгы барбы? Деги мамлекеттик кызматкерлердин тил билүүсү тууралуу жагдай кандай чечилүүсү керек?

Кыргыз Республикасы эгемендик алганына 20 жыл болду. Калктын басымдуу бөлүгүн (70-75 %) түптүү улуттун өкүлдөрү түзөт. Өлкөдөгү өзбек, уйгур, түрк, орус тектүүлөрдүн деле кыйласы мамлекеттик тилди билишет.

“Ушундай жагдайда шайлоо алдында атайын комиссия түзө салып, президенттикке талапкерлерди мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы? Муну эл аралык тажрыйбанын негизинде жолго салса болбойт беле?”,- деген суроолор чыгууда.

Өлкө жетекчилеринин мамлекеттик тилди билүүсү керектиги - дүйнөлүк тажрыйба. Адатта калктын дээрлик басымдуу бөлүгү сүйлөгөн тилди билбеген саясатчы бийликке келе албайт. Андыктан муну атаандаштарды жыдытуу үчүн уюштурулган саясий оюн кылбай, эл аралык тажрыйбаларга карап чечүү керектиги айтылып келет.

Кыргызстанда мындай эрежени 2000-жылы Аскар Акаев киргизген. Мыйзамга ылайык, Мамлекеттик тил комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясына Сынак комиссиянын мүчөлөрүн сунуштайт. Алардын арасынан 12 адамды БШК тандап, өз токтому аркылуу бекитет. Шайлоо алдында дал ушул комиссия президенттикке талапкерлерди тил боюнча текшерип, өтпөгөнү жыдып кала берет.

Аталган комиссия курамына эл акыны Анатай Өмүрканов да кирди. Анын айтымында, убагында бул эрежени Аскар Акаев саясий атаандашы Феликс Куловго каршы киргизген болчу. Анда Куловдун аброю чоң эле. Азыр болсо “тил билиш керек” деген негизде гана бул эреже кармалып турат:

- Ал убакта Акаев Куловду кулатыш үчүн эле ойлоп тапкан нерсе болчу. Анан ошону менен эле келатат. Муну жой деген деле эч ким жок. Мындайдын кереги барбы же жокпу дегендер деле көрүнбөйт. Бирок “кыргыз тилин билсин” деген гана максатта калып калды. Биздин президентибиз болуп туруп кыргыз тилин, адабиятын, жалпы эле маданиятын билбеген киши, бир жери кемдей болгонсуйт...

Карлов университетинин саясий илимдер боюнча докторанты Марат Жаанбаев шайлоо алдында комиссия курай коюп, талапкерлерди алардын сынагынан өткөрүү туура эмес тажрыйба экенин айтты. Анткени кайсы бир комиссия мүчөсүнө кайсы бир талапкер жакпашы мүмкүн. Комиссия саясий куралга айланып кетүү коркунучу да бар.

Андыктан эл аралык тажрыйбаны колдонуп, англис тилинен берилчү TOEFL тестинин кыргызча үлгүсүн иштеп чыгып, бара-бара бардык эле мамлекеттик кызматкерлерге аны тапшырууну милдеттүү кылуу зарыл:

- Бул жерде мен эл аралык тажрыйбаны колдонууга үндөйт элем. Мисалы, англис тилдүү өлкөлөрдө, мамлекеттик органдарга сынак жарыялаганда же президенттикке талапкерлерге, жанагыдай стандарттык, бардык жарандар колдончу тестти пайдаланышат. Мисалы, англисчеде TOEFL деген тест бар. “Англис тилин тастыкташ үчүн стандартташтырылган тест” деп которулат. Менимче бара-бара жеке эле президенттикке талапкерлерди эмес, башка мамлекеттик кызматка сынакка катышып аткан ар бир жаранды ошондой тил сынагынан өткөрүшүбүз керек.

Бул шайлоодо деле комиссия кайсы бир талапкерди тил сынагынан кулатып коюусу мүмкүн. Андыктан эл аралык тажрыйбада президент болобу, башкарма болобу, ар бир мамлекеттик кызматкер тил боюнча жалпы стандарттык тесттен өткөнү оң. Бирок андай стандарттык тест Кыргызстанда иштелип чыккан эмес.

Манас Саматов
Жаңы түзүлгөн Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын баш катчысы Манас Саматов билдиргендей, аталган партия Кыргыз тил деңгээли сынагы (КТДС) аттуу TOEFL сымал тестирлөө системасын иштеп чыгууну пландоодо. Анын айтымында, эгемендикке 20 жыл болсо да ушундай маанилүү ишти мамлекет колго алган жок. Эми аны жаш адистер дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде иштеп чыгып, бийликке, коомчулукка сунуштамакчы:

- Буйруса бул ишти жасаш үчүн биздин билим, тажрыйба жетиштүү. Биздин партиядагы адистер муну изилдеп жүрүшөт. Англис тилде колдончу тесттин үлгүсүн биз кыргыз мамлекетинде колдонушубуз керек. Ошондо гана жалпы кыргыз тилине болгон мамиле түп тамырынан өзгөрөт. Биз биринчи ирет кыргыздар өз арабызда кыргыз тилине болгон мамилени өзгөртүп, мамлекеттик деңгээлде кыргыз тилин колдонуу маселесин адилеттүү түрдө, ыңгайлуу түрдө ушундай кылып сунуштасак, ошондо бул оңой эле сиңет...

Адистердин пикиринде, TOEFL сыяктуу тестирлөө үлгүсү иштелип чыгып, аны жалпы мамлекеттик эреже катары киргизген соң Мамлекеттик тил комиссиясы, президенттик шайлоо алдында куралчу Сынак комиссиясы деген сыяктуу жасалма органдарды дароо жойгон оң. Анткени көп учурда бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн гана түзүлгөн ушундай саясий долбоорлор, тескерисинче өлкөгө эле зыян алып келмекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG