Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

Кыргызстандын президенти болуу ниетин билдиргендердин саны кыркка жакындап калды. Өлкө парламенттик башкарууга өткөн соң президенттин мурдагы айрым бир укуктары алынгандан кийин деле мамлекет башчы болууга кандай кызыгуу болушу мүмкүн? "Азаттык" бул суроону саясат таануучу, профессор Айдар Көчкүновго узатты.

- Быйыл президенттик шайлоого адаттан тыш көп киши катышуу ниетин билдирип жатат. Акыркы маалыматтар боюнча эле мамлекет башчы болууну каалап, БШКга кайрылган адамдардын саны кыркка жакындап калды. Мунун башкы себеби эмнеде болушу мүмкүн?

- Биринчиден, албетте адамдардын президенттик шайлоого катышып атканы алардын мамлекеттик системага жана Кыргызстандагы мыйзамдарга болгон ишенимин көрсөтүп турат десек жаңылышпайбыз. Анткени Конституциялык нормаларда ар бир жаран Баш мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга туура келсе өз талапкерлигин ар кандай мамлекеттик органдарга, ошондой эле Кыргызстандагы эң жогорку мамлекеттик кызматка – президенттикке да койо алат. Мына ошол Конституциялык нормаларды иш жүзүндө текшерүү да болуп жатышы ыктымал.

Экинчиден, жакынкы күндөрү талапкерлердин саны элүү-алтымышка чейин чыгып кетиши мүмкүн. Бул бир чети кандайдыр бир деңгээлде акылга сыйбаган көрүнүш болуп атат. Себеби мамлекеттик эң жогорку кызмат биздин өлкөдө бирөө, ошол кызматка талапкерлердин саны күн артып көбөйүп баратат.

Бул жерде Кыргызстандын Конституциясында жана президентти шайлоо мыйзамдарында бир топ нормалар атайын каралбагандыгын айгинелейт. Себеби бул эң чоң мамлекеттик кызматка кандайдыр бир деңгээлде квалификациялык талаптар да коюлушу керек эле. Тил билгени, жашы, турган жери сыяктуу талаптар менен кошо мамлекеттик башкаруу системасында канча бир жыл иштеген, тажрыйбалуу деген сыяктуу талаптар болсо, балким бир топ адамдар ойлонуп калышмак, аларга мыйзамдуу түрдө тоскоолдуктар коюлмак.

Андай тоскоолдук болбогон соң албетте жогорудагы үч негизги талаптарга туура келген ар бир жаран өзүн мамлекеттик жогорку кызматка талапкер катары көрсөтүүгө акысы бар.

- Бүгүнкү күнгө чейин өзүн талапкерликке көрсөткөндөрдүн көпчүлүгү жумушсуз. Ошондой эле алардын арасында көптөн бери сыртта иштеп, жашап жүргөндөр да бар. Эмне үчүн баарыбыз эле президент болгубуз келет, эмне үчүн губернатор, аким же айыл өкмөт башчысы болгубуз келбейт?

- Кыргыздар баласына бата бергенде “президент бол” деп бата беришет. Башка кызматтар айтылбайт, же министр же президент болосуң дейбиз. Ушундан улам баары президент гана болгусу келет окшойт.

Бул эми жалпысынан айтылган сөз, бирок президенттик кызмат баарын кызыктырат, анткени президент болуп көп көйгөйлөрдү, өзгөчө өзүнүн жеке үй-бүлөлүк, турмуштук жана байлыкка болгон умтулуу проблемаларын чечүүгө абдан кыска жана эффективдүү жолу ачылат.

- Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү кооптуу деген пикирлер да коомчулукта арбын. Мисалы кечээ эле мурда мамлекет башчылыкка талапкерлигин коюп жүргөн Жеңишбек Назаралиев быйыл шайлоону токтото туруу өтүнүчү менен президентке кайрылды.

- Президенттик шайлоо эч качан жеңил өтпөйт. Дайыма эле бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда деле оор кырдаалда өтүп келатканын билебиз.

Быйыл деле оор кырдаал болушу мүмкүн. Себеби президенттик шайлоодо бир топ маселелер көрүнүп турат. Биринчиден, Конституцияны ишке ашырып кетүү, экинчиден, былтыркы окуялардан кийинки өлкөнүн өнүгүшү, саясаты, бүгүнкү күнү ички-тышкы саясатта, экономикалык өнүгүүдө абдан көп көйгөйлөр бар. Мына ушулар абдан курч мүнөзгө айланып кетүүсү мүмкүн, бул туура ойлор, туура пикирлер.

Ошондуктан быйылкы президенттик шайлоо өтө курч мүнөздө өтөт деген пикирлерге кошулам. Бирок ошону маданияттуу саясий жолго салуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоочулар өздөрү чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек.

- Талапкерлердин да жоопкерчилиги чоң болуш керек да?

- Албетте талапкерлердин жоопкерчилиги бул жерде чоң болот, 1-орунда турат. Себеби алар эл алдына чыгып, программалары менен тааныштырууда саясий чайкоочулукка алдырбай, жеңил-желпи ойлорду айтып, элдин башын айландырбай, болгон чындыкты айтып, өздөрүнүн дараметтерин маданияттуу мүнөздө көрсөтүүгө тийиш. Ошондо гана шайлоо өтө курч мүнөздө эмес, атаандаштык мүнөздө өтсө жакшы болот.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG