Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Айрым талапкерлер жана ЖМКлар эскертүү алды


Президенттик шайлоону утурлай үгүт иштерин эртелеп баштаган талапкерлерге жана маалымат каражаттарына БШК эскертүү берди.

Мыйзамга ылайык, үгүт ишин жүргүзүүгө 25-сентябрдан тарта гана уруксат берилет. Ал эми талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясы расмий каттоого алганга чейин чектөө жоктугун белгилешүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымов айрым талапкерлердин жана маалымат каражаттарынын үгүт ишин эртелеп баштаганы мыйзамга каршы келерин айтып, аларга эскертүү берилгенин тастыктады.

-“Мен президент болуп калсам мындай-тигиндей иштерди жасайт элем” деп, үгүт ишине тиешелүү, үгүткө окшогон, эрежелерге туура келбеген сөздөрдү айтышкан. Аларга биз эскертүү бердик. Алар муну туура түшүнүү менен кабыл алышты.

Ошондой эле кээ бир жалпыга мааалымдоо каражаттары да үгүт материалдарын чыгарганга жетишип калыптыр. Аларга да мындай иштерди жасоо эрте экендигин эскертип жатабыз.


Бирок Ашымов кайсы талапкерлерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына эскертүү берилгенин ачыктаган жок.

“Биз али талапкер эмеспиз”

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты, өзүн-өзү президенттике көрсөткөн Акылбек Жапаров жакында өткөргөн маалымат жыйынында өлкөнүн экономикалык абалына баасын берген.

Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты катары эл менен жолугушууларды өткөрүүгө милдеттүү экендигин айтууда.

- Мен Жогорку Кеңештеги Бюджет жана экономика комитетинин төрагасымын. 1-сентябрга чейин бардык жерди кыдырып, жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет боюнча талкууларды өткөрө алам. Бул мага укук берет.

Ал эми президенттикке аттанган генерал Өмүрбек Суваналиев талапкерлер мыйзам бузуп жатышат деген дооматты четке кагууда. Анын айтымында, талапкерлер 30 миң кол чогултуп жана мамтил комиссиясынынын сынагынан өткөндөн кийин гана БШК аларды толук кандуу талапкер катары каттайт. “Ошондон кийин үгүт жүргүзүүгө мыйзам чек коёт” дейт Суваналиев.

- Азыр биз талапкер эмеспиз. Биз катышууга ниетин билдирген адамбыз. Лингвистикалык комиссиядан сынак тапшырып, 30 миң кол чогулткандан кийин гана талапкер катары жогорудагы мыйзам бизге тиешелүү болот. Азыр катышууга ниетибизди ачыктап, кол топтоп жатабыз. Учурда Кыргызстанда каттодон өткөн бир да талапкер жок.

Талапкердин жүзүн эл билиши керек

4-августта “Де-факто” гезити президенттикке катышууну каалаган айрым талапкерлердин маектерин жарыялаган. Гезит редактору Чолпон Орозобекова бул үгүт иши эместигин, тек гана айрым талапкерлердин жүзүн ачып берүү максаты экенин белгиледи.

-“Мен президент болом. Кыргызстанды мен гана бутка тургуза алам” деген адамдардын армиясы пайда болду. Биз ошону көрсөткүбүз келип, беш-алты талапкерди гезитке чыгардык. Мисалы, алардын бири “Кыргызстанды мен гана бутуна тургуза алам” десе, дагы бири “Мен Кыргызстандын бактысына жаралгам” дейт. Ушундай адамдардын жүзүн ачып берүүгө аракет кылдык.

Чолпон Орозобекова
Мындан сырткары Орозобекова коомдук саясий турмушка байланыштуу талапкерлердин да ойлорун угуу зарылчылыгы пайда болорун кошумчалады.

- Бир жагынан Кыргызстанда саналуу гана саясатчылар бар. Коомдогу саясий окуяларга жана көрүнүштөргө карата ошолордун пикирин билип, маек алганга зарылчылык пайда болот. Ошонун баарын эле үгүт деп айтканга болбойт.

Мыйзамга ылайык, талапкерлер үчүн үгүт иши 25-сентябрда башталып, 29-октябрда аякташы керек.

Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо да кээ бир партиялар үгүт ишин эртелеп баштап, көчө-көйгө көрнөк-жарнактарын илишкени жана эл менен эртелей жолугушууларды өткөргөнү маалым.

XS
SM
MD
LG