Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

Шайлоодо жеңишке жетүүнүн "формуласы"


Шайлоодо “Республика” жана “Ата Журт” партиялары жаңы саясий технологияны колдонуу менен жеңишти камсыз кылышты.


Айтылган убадалар, алдамчы кыялдар...

Мыйзамга ылайык депутаттык мандаттар жеңип чыккан партиянын тизмеси боюнча таркатылат, бирок “Республика” жана “Ата Журт” партиялары шайлоо алдында тизмедеги кезегине карабастан ар бир талапкердин чогулткан добушуна жараша мандат берилерин убада кылышкан.

“Республика” партиясынын маалымат катчысы Кубат Болотканов 28-сентябрь күнү “Азаттыкка” берген маегинде талапкерге мандат алыш үчүн он эки миңден кем эмес шайлоочунун добушун топтоо милдети коюлгандыгын айткан:

- Партиялык тизме түзүлүп жатканда аймактардын кызыкчылыгы эске алынат. Мисалы, талапкер тизмеде экинчи же үчүнчү деле болушу мүмкүн. Бирок ал өзүнүн чөлкөмүндө же көрсөтүлгөн районунда татыктуу добуш ала албаган болсо, андай талапкерлер менен партия коштошот. Ошол эле учурда тизмеде сексенинчи же токсонунчу орунда туруп, бирок партияга талап кылынган добушту чогултуп бере алган талапкерге депутаттык мандат тапшырылат. Мына ошондо партияда бирөөнүн эсебинен бирөө парламентке келе албайт. Ар ким өзүнүн беделине жана шайлоо өнөктүгүндө иштеген маңдай терине жараша мандат алууга акылуу.

Мандат бөлүштүрүүдөгү бул усулдун демилгечилеринин айтымында, мындай шарт талапкерлердин шайлоочулар арасындагы чыныгы салмагын аныктоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле талапкерлердин тизменин ортосунда жана аягында экендигине карабастан бирдей чуркап иштешине кепилдик берет.

Парламенттик шайлоо аяктагандан кийин шайлоодон уткан беш партиянын тизмеси депутаттыкка талапкерлердин катар орду боюнча жарыяланды.

“Республика” партиясынын маалымат катчысы Кубат Болотканов бул жолу мандатты бөлүштүрүүдө мыйзамда каралган эреже гана жетекчиликке алынгандыгын кошумчалады:

- Азыр эми жалпы тизмедеги орундар боюнча эле мандат бөлүштүрүү жагы калып жатат. Анткени мыйзамдык эрежелерде тизмеде кимдер бекитилсе ошолор катары менен жылдырылат деген талап бар экен да. Ошондуктан биз арт жактагыларды сүйрөп келип тизменин алдына коюп коюш татаал экен. Бирок эми катар ордулары туура келсе, өз ара макулдашуулар аркылуу болсо анда ошол усулду ишке ашырса болчудай.

Жаңы технологиянын "жарыгы"

Талдоочулар аталган партиялар үгүт өнөктүгүн жемиштүү жүргүзүүдө талапкерлердин жеке кызыкчылык үчүн жан үрөй турган аракеттеринен ыктуу пайдаланышты деп эсептешет.

Саясат таануучу Кубан Абдымен партиянын талапкерлеринин арасында колдонулган мындай технологиянын жакшы жагы менен катар жаман жагы да бар экенин белгилейт:

- Канчалык тизмеге кирип, мандат алам деген талапкерлер көбүрөк добуш алуу үчүн күрөшсө, партиянын жалпы олжосу көбүрөк болот десек, алдын-ала иштелип чыккан механизм десек болчудай. Бирок мында жасалма жол менен добуштун санын көбөйтүп алууга кызыкдар талапкерлердин парламентке келишине жол ачылат. Натыйжада анын сапаттык курамынын деңгээли начар болуп калышы мүмкүн.

Талапкерлерге аймактарда алган добушуна жараша мандат бөлүштүргөн мындай технологияга шайлоо өнөктүгүнүн башында Борбордук шайлоо комиссиясы каршы экенин билдирген.

БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов жеңген партияларга берилүүчү мандат мыйзамдык эрежелердин негизинде гана бөлүштүрүлө тургандыгын белгиледи:

- Бул жөн эле тизменин четине чыгып калган талапкерлерди сооротуу жана алдоонун жакшы иштелип чыккан жолу. Ким көбүрөк топтойт деген маселени кабыргасынан коюу менен мандат алуу үчүн партиянын ичинде мелдеш уюштурулуп жаткандай көрүнүш. Мындай болбойт. Бизге тапшырган тизмелериндеги кезеги кайсы жерде турган болсо, ошого карата жеңген партиянын мандаты бөлүштүрүлүп берилет. Талапкерлер арызын жазып тизмеден чыгып кетиши мүмкүн. Бирок мында да башка катардагы талапкерге эмес, мандат тизмедеги кезеги боюнча андан кийинкисине берилет. Бул жерде партиянын мандатты каалаган талапкерине берүүгө укугу жок.

Буга карабастан “Ата Журт” партиясы көп добуш алган талапкерлерди тизмеде алдыга жылдыруу убадасы аткарыла тургандыгын белгиледи. Партия жетекчилигинин айтымында бул жөрөлгө мыйзамдык эрежелердин чегинде ишке ашырылат.

“Ата Журттун” мүчөсү Тимур Муратов маселе жакында партиянын саясий кеңешинде чечиле тургандыгына токтолду:

- Муну биз ийри отуруп, түз чечебиз. Себеби биздин партия тизмедеги талапкерлердин алган добуштарын жана шайлоочулардын тандоо укугун өтө баалайт. Ошондуктан мына ошол негизде мурда бекитилген шарттар боюнча өз ара макулдашып бир пикирге келебиз. Мында акыйкатсыздык болуп, айтылган сөздөр аткарылбай калат дегенден алысмын.

Мындан башка жеңүүчү партиялардын тизмелериндеги депутаттыка өткөн талапкерлердин тизмеси да өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул чара партиянын ички тартибине ылайык, аз добуш алып калгандардын өздөрүнүн арыздарынын негизинде жүргүзүлүшү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG