Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

“Бүтүн Кыргызстандын” беш пайыз чатагы


"Бүтүн Кыргызстандын" шайлоо алдындагы жарнагы, Бишкек.
"Бүтүн Кыргызстандын" шайлоо алдындагы жарнагы, Бишкек.

БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясы беш пайыздык чектен өтө электигин, кошумча тизме менен шайлагандардын добушу эсептелгенден кийин гана бул маселе чечилээрин билдирди. Аталган партия 145 миңден ашуун добуш топтоп, беш пайыздык чектен ашканын айтууда. Партия жетекчилиги болсо аларга карата бут тосуулар болуп атканын билдиришүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо алдында беш пайыздык чектен өтүү үчүн 142 миңге чукул добуш алуу керектигин айтып аткан. Жалпы шайлоочулардын саны 2 миллион 850 миң экени айтылган. Бирок негизги тизме боюнча добуштар эсептелип бүткөн соң, БШК кошумча тизме деген бар экенин айтып, ал тизме боюнча дагы 200 миңге чукул адамдын добушу эсептелиши керектигин, демек беш пайыздык чек автоматтык түрдө 150 миңге чукулдарын билдирип чыкты. Кошумча тизме чыккандан кийин шайлоочулардын саны 3 миллиондон ашып кетти.

Кошумча тизме каяктан чыкты?


А.Сариев
10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 145 миң 455 добуш алган. Мындай көрсөткүч менен бул партия мурда белгиленген беш пайыздык чектен өтсө да, кошумча тизме пайда болгондон кийинки беш пайыздык тосмодон өтө албай турат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, беш пайыздык тосмонун жогорулашын мындайча түшүндүрдү:

- Мындай да, жанагы 2 миллион 850 миңден эсептесеңер, беш пайыздык тосмо 142 миңдей болот. Бирок ал көрсөткүч өзгөрдү да. Айтпадымбы жана кошумча тизме деген бар. 2 млн. 850 миң деген азайып, 2 млн. 809 миң болуп калды. Анткени чыккандар, киргендер болот. Анан кийин баарын кошкондон кийин3 миллион болду. Ошондуктан көрсөткүчтөр 3 миллиондон алынат. Баардык тизмеге кирген боюнча.

Негизги жана кошумча тизме деген түшүнүк бар. Көрсөткүчтөр ошол эки тизменин маалыматынан алынат. Ошондуктан азыркы күндө беш пайыздык тосмо 150 миңдей болушу керек. Мунун эч кандай шектүүлүгү жок.

"Бүтүн Кыргызстан" сотко кайрылат

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун айтымында, кошумча тизмедегилердин саны 200 миңге чыгып
А.Мадумаров
кетиши мүмкүн эмес болчу. Анын пикиринде, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы күчтүү президенттик башкарууну алып келерин айтып аткандыктан, азыркы бийлик атайылап бут тосууда. Бирок партия бардык мыйзамдуу жолдор менен парламентке келүүгө күрөшөт:

- Шайлоочулар бизге айтышкан, “биз добушубузду сиздерге беребиз, бирок аларды сактап калуу боюнча аракетиңиздерди кыласыздарбы” деп. Биз убада бергенбиз аларга. Ар бир шайлоочунун добушу биз үчүн өтө кымбат. Ушул сааттан баштап баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарыбызды колдонуп, ар бир шайлоочунун добушу үчүн күрөшкө чыгабыз.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчилеринин айтымында, алардын тарапкерлери нааразычылык иретинде митинг-пикеттерди өткөрүүнү пландашууда. А.Мадумаров билдиргендей, алардын шайлоочулары бардык мыйзамдуу жолдор менен баш мыйзамдагы укуктарын коргоого акылуу. Андыктан партия жетекчилери массалык нааразычылыктар болуп кетсе жооп бербесин айтышууда.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун ырасташынча, жалпысынан бул жолку шайлоо мурдагыларга караганда таза, калыс өттү. Административдик ресурстар колдонулган жок. Бирок БШКнын эң соңунда беш пайыздык чекти 150 миңге чыгарып жибергени көптөгөн суроолорду жаратты. Кошумча тизмеден кийин беш пайыздык тосмо өзгөрө турган болгон соң БШК ал чекти 142 миң деп айтпашы керек болчу:
Т.Акун

- Менимче, мурда кандай жарыяланган болсо, ошондой болуш керек эле. Бирок кийин кошумча тизме кошулгандан кийин, анда мурда айтпаш керек болчу. Менин позициям ушундай.

БШК жетекчисинин айтымында, эми парламентке канча партия келе турганы кошумча тизмедеги 200 миң адамдын добушу саналгандан кийин анык болмокчу. Азырынча беш пайыздык жаңы чектен “Ата Журт”, КСДП, “Ар-намыс”, “Республика”, “Ата Мекен” партиялары өткөн боюнча турат. 145 миңден ашуун добуш топтогон “Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШК жарыялаган жаңы беш пайыздык тосмону бут тосуу катары баалап, аны жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылмакчы. Ал эми “Бүтүн Кыргызстандын” тарапкерлери бүгүн Ошто, Баткенде, Нарында нааразычылык акцияларын уюштурушту.

Тасмада: "Бүтүн Кыргызстан" тарапкерлеринин Оштогу акциясы

XS
SM
MD
LG