Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Баткен: айланма жолдун айласы табылдыбы?


Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолунун курулушу январь айынан бери токтоп турат. 2014-жыл.

Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолунун курулушу январь айынан бери токтоп турат. 2014-жыл.

Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүсү аяктады. Анда Баткендеги Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык айланма жолунун курулушун жандантуу боюнча протоколго кол коюлду.

2-июлда Бишкекте башталган сүйлөшүүгө эки өлкөнүн вице-премьерлери Абдырахман Маматалиев менен Муродали Алимардон баштаган делегация катышты. Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы чек араларды делимитациялоо, Баткендеги Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык айланма жолунун курулушун жандантуу, 7-майдагы кагылышуу учурунда зыянга учураган кыргыз жарандарынын мүлкүн калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүрдү. Жолугушуу жыйынтыгын жемиштүү деп баалаган коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык айланма жолунун курулушун 10-июлдан тарта жандантуу баштаган бир нече маселе боюнча протоколго кол коюлду:

- Бул маселе боюнча талкуулап биз бирдей чечимге келдик. Жолдун курулушу 10-июлда баштоо боюнча протоколго кол коюлду. Ошол эле мезгилде жол курулуп бүткөн соң аны пайдалануунун тартибин аныктоо боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдайлы деп чечтик. Ал келишим боюнча иштер 7-июлдан тарта башталат. Муну менен катар буга чейин кол коюлуп, бирок ишке ашпай келген Лейлек районундагы Максат-Кулунду жолундагы көпүрөнүн курулушун да 10-июлда баштоого макулдаштык.

Маматалиев кошумчалагандай, Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык күзгө чейин куруп бүтүү мерчемделүүдө.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай келген Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр декабрда башталган. Бирок тажик тарап жолдун курулушуна каршы чыгып, быйыл 11-январда эки өлкө чек арачылары ортосунда ок атышуу болгон. Андан кийин да эки ортодо бул жолго байланышкан чыр-чатак токтобой келди. "Жарым жылдан бери ар кыл жаңжалга себеп болуп келген жолдун курулушу боюнча толук мунаса таптык" деген Маматалиев Кыргызстан пландаган вариант жактырылганын белгиледи. Башкача айтканда, тажик тарап жол курулчу аймакка киргизген аскерлерин чыгарып кетүү милдетин алды.

Бирок жергиликтүү тургундар мындай убадалар бир канча жолу берилип, бирок ишке ашпай калганы үчүн бул протоколдун аткарылышынан күмөн санап турушат. Алардын бири Ак-Cай айылынын тургуну Зайнидин Думанаев:

- Бул жолду куруп баштайбыз дегенине 6 айдын жүзү болду. Алты айдан бери эле эртең баштайбыз, бүрсүгүнү баштайбыз деп убада берип келатышат. Бирок курулуштан дайын жок. Улам-улам куру убада бергени үчүн эл биздин бийлик өкүлдөрүнүн сөзүнө ишенбей калды.

Чындыгында эле май айында Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн өкмөттүк деңгээлдеги кыргыз-тажик сүйлөшүүсүндө макулдашылып, курулуш жанданаары айтылган. Бирок андан бери да иш жылган жок. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү болсо ал учурда тактай турган суроолор болгонун, эми болсо маселе толугу менен чечилгенин билдиришүүдө.

Мындан сырткары Ворух анклавынын тургундарына кыргыз айылдарын айланып өтүп, Тажикстандын аймагы менен туташтырчу жол куруу боюнча макулдашуу болгон. Вице-премьердин айтымында, бул жолду кыргыз өкмөтү курат. Келишимдин негизинде ал жолду тажик жарандары пайдаланып турмакчы:

- Ал биздин аймак, биздин жол болот. Салынып бүткөн соң биздин баланска өткөрүлөт. Келишимдин негизинде тажик жарандары пайдаланып турат.

Муну менен катар бул жолку жолугушууда 7-майдагы Баткендин Жака-Өрүк аймагындагы кагылышуу учурунда зыянга учураган кыргыз жарандарынын мүлкүн төлөп берүү боюнча сөз жүрдү. Вице-премьер Маматалиевдин маалымдашынча, тажик тарап 7 миллион сомдук компенсацияны жакынкы апталарда төлөп берүү убадасын берди.

Ал эми чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүү ушул айдын аягында Тажикстанда уланганы жатат. Кыргыз расмийлери бул жолку жолугушууда жол, көпүрө сыяктуу талаштуу маселелер чечилгени үчүн эми кийинки сүйлөшүүлөр шыр кетет деген ишеним билдирүүдө. Бирок Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов чек араны тактоо боюнча күнүмдүк жетишкендиктерге сүйүнбөй бул маселеге системалуу мамиле кылууга чакырууда:

- Бул маселеге системалуу мамиле кылуу керек. Бизде бул жаатта ырааттуулук жетишпей, мурда кабыл алынган чечим кийинкиге дал келбей жатат. Маселен, биздин министр барды, жолугушуу өткөрдү, маселе чечилди дебестен, 10 жыл алдыдагы келечекти карап, чечүү зарыл. Азыр талаш болуп жактан аймактарга мындан 10 жыл мурун жол салабыз дегенде эч кандай маселе жаралган эмес. Ошол учурда көп көңүл бура албай калганбыз. Азыр да кийин маселе чыкчу жерлерди азыртадан чечүүбүз зарыл болуп турат.

Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 971 чакырымга барабар, анын 471 чакырымы тактала элек. Акыркы кезде чек ара маселелерден улам чыр-чатактар маал-маалы менен катталып келет. Быйыл жыл башындагы чатактан соң Кыргызстан Тажикстандагы өз элчисин чакыртып алган эле. Кечээ болсо президент Алмазбек Атамбаев жаңы элчи катары Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы буга чейин да бул өлкөдө элчиликти аркалаган Мирослав Ниязовду дайындады. Жаңы элчи чек ара маселесин чечүүгө өзгөчө көңүл бураарын убада кылууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG