Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Баткен: айланма жолдун качан курулары арсар


Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолу. 12-январь, 2014-жыл.
Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолу. 12-январь, 2014-жыл.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин бул кызматта алгачкы иш сапары Баткенден башталды.

Өкмөт башчысы Зардалыда жарылуудан жараат алган балдардан кабар алды. Чек арада жайгашкан Ак-Сай айылындагы курулушу токтоп турган айланма жолго барып, Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынын эли менен да жолукту.

Өкмөт башчы менен жолугууга кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл округунун бир топ айылдарынын эли катышты. Жолугушуу кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусуна себепчи болгон Көк-Таш-Ак-Сай жолунун курулушунун тагдырынан башталды. Жыйынга катышкандардын дээрлик баары бул жолдун курулушунун андан аркы тагдырына кызыкты. Алардын бири Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев:

- Бизге ушул Көк-Таш-Ак-Сай жолунун курулушун бүтүрүп бериңиздер. Элдин баары эле ушул сунушту айтып, күтүп жатышат. Жол эле курулса бир топ маселелерибиз чечилип, тажик айылдарын аралоодогу жаңжалдар да кыскармак. Лейлек району менен Баткен районунун жарымы анклав болуп калуу коркунучунан да арылат эле, - деп элдин мүдөөсүн билдирди.

Өкмөт башчысы менен жолугушууга келгендердин дээрлик баары эле чек араны тактоо, жол, суу маселесин тездетип чечүүнү айтып жатышты. 3 күндөн бери Баткенде иш-сапары менен жүргөн коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Көк-Таш-Ак-Сай айланма жолунда талаш жараткан 70 сотых жер Ак-Сай айыл округуна таандык экени тууралуу далилдүү документтер барын, бул иш боюнча жакында соттук кароо жүрөрүн маалымдады:

- Көк-Таш-Ак-Сай жолунун курулушу жүрүп жаткан аймактагы талаш жараткан 70 сотых жер биздин аймак экенин далилдеген документтерибиз бар. Кезегинде биздин айыл округунан жерди бөлүп берүү жөнүндө токтом да чыккан. Бул жерди иштеткен кишинин балдары Тажикстандын жарандары экен. Азыр эки тараптуу сүйлөшүү да жакшы эле жүрүп жатат. Кошуналар да бул аймактагы чырлардын кыскарышына кызыкдар.

Аймактагы чек ара боюнча кыргыз-тажик эки тараптуу жумушчу тобунун иши тынымсыз уланууда. Өтүп бараткан жумада Тажикстандын Кожент шаарында, андан мурда Баткен шаарында да өткөн. Элдин сунуш-талаптарын уккан өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кошуна өлкөлөр менен ар бир маселени сүйлөшүү жолу менен чечкен оң дейт. Аталган жолдун курулушу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр оң натыйжа бергидей болуп калганын, бирок жол курулушу качан жанданарын так айта албасына токтолду:

- Жергиликтүүлөр коопсуздук, чек ара маселелерин башкы көйгөй катары айтып жатышат. Биз аларды түшүнөбүз. Бул багытта иштер жүрүүдө. Албетте чек ара маселесин бир жактуу, шашылыш чечип койгонго болбойт. Эки тараптуу чечилет. Биз Тажикстан менен көз карашыбыз такыр дал келбей калгандай деңгээлде эмеспиз. Бардык маселелерди сүйлөшүп, макулдашуу жолу менен чечсек болот. Азыр эки тараптуу жумушчу топ жакшы сүйлөшүүдө. Бирок жолдун курулушу кайсыл күнү башталарын так айтуу кыйын.

Өкмөт башчысы Баткен облусуна болгон бир күндүк сапары учурунда приоритет катары бир топ маселелер, анын ичинде инфраструктра, суу чарбасы жаатында жакшы жылыштар болорун белгиледи.
XS
SM
MD
LG