Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Кыргызстан Ворухка түз жол салып берет


Кыргызстан -- Ворух тажик анклавына кире бериш. Баткен, 23-январь, 2014.
Кыргызстан -- Ворух тажик анклавына кире бериш. Баткен, 23-январь, 2014.

Баткендин ичиндеги Ворух тажик анклавына кыргыз айылдарын аралабай өтчү жаңы жол курула турган болду.

Мындай чечим чек арадагы айланма жолодорду куруу боюнча жумушчу топтун соңку жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, жыл башында кыргыз-тажик чек арачыларынын куралдуу кагылышына себепчи болгон Ак-Сай - Көк-Таш - Тамдык- Кишемиш жолун курулушу да эки жума ичинде кайра жанданмай болду.

Жолдон чыккан жоболоң

Соңку учурда кыргыз-тажик чегиндеги кырдаалдын курчушуна алып келген айланма жолдун курулушу 12-13-май күндөрү Душанбеде өткөн эки тараптуу комиссиянын жыйынында макулдашылып, маселе жергиликтүү деңгээлде эки жума ичинде чечилүүгө тийиштиги белгиленген. Мындан улам жергиликтүү деңгээлде да жол куруу, жайыт пайдалануу боюнча макулдашуулар болгон. Ага ылайык, Ак-Сай – Көк-Таш –Тамдык – Кишемиш жолуна удаа эле Ак-Сай айылын аралабай өтө турган Исфара - Ворух жолу да курулуп, тажик жарандары мурдакыдай эле мал-жандыктарын кыргыз жайлоолоруна чыгара берээри макулдашылган.

Облустагы өкмөт өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчуев эми токтоп калган айланма жолдун курулушу эки жума ичинде кайра жанданып калаарын айтат:

- Өкмөттөр аралык келишимди ишке ашыруу үчүн жергилктүү деңгээлде талкууларды өткөрдүк. Азыр жолдор кесилишкен жерде коопсуздук шарттары боюнча сунушубузду иштеп жатабыз. Ага эки жумалык мөөнөт берилген. Иштеп бүткөн соң аны кошуналарга сунуштайбыз. Исфара - Ворух жолунун да биздин аймактан өткөн бөлүгүн куруп беребиз.

Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимов бул макулдашуулар ишке ашып, жол курулушу бүтүп калса чек арадагы чырлар дээрлик кыскарат деген пикирде:

- Аймак калкынын талабы ушул болуп жатпайбы. Кошуналар бири-биринин айылын аралап өтүүдө канча жаңжал чыгып кетип жатат. Бул жолдун курулушу чек арадагы маселелерди толук чечип койбойт. Бирок көпчүлүк жаңжалдардын алдын алып, тирешүүлөр азаярына ишенем.

Акимдин орун басары Ворухка жол салып берүү маселеси ошол тегеректеги кыргыз айылдарынын калкы менен да макулдашылганын, эл жолду Кыргызстан өзү куруп, көзөмөл толугу менен Кыргызстанда калсын деген талаптарды койгонун кошумчалады.

Түйшөлткөн түпөйүл ойлор


Бирок жаңы макулдашууга жараша Ворух анклавына кыргыз айылын айланып өтчү жол салынышы жергиликтүү калкты түпөйүл ойго да салууда. Ошондуктан аксайлык активист аксакал Зайнидин Дубанаев бул жолду курганда чек араларда кийин маселе жаралбай тургандай кылып бекем макулдашуу менен бекитиш керек деген пикирде:

- Эл макулдашып, ушул вариантты туура көргөнбүз. Тажик тарапка Ак-Сайдын Бакай деген конушун айланып өтчү аймактан жол курула турган болду. Бирок ошол жол да улам кеңейип кетпей тургандай кылып, жолдун наркы четин да карап чыгыш керек. Антпесе кошуналар чек арадан улам жыла бермейи бар да...

Кыргыз-тажик чек арасындагы бул аймакта чек ара али күнчө тактала элек. Чырмалышкан чек араны тараптар кантип тактаары да арсар. Бир кыргыз айылына баруу үчүн тажик айылын, же тескерисинче тажик айылына баруу үчүн кыргыз айылын аралап өтүүгө туура келет. Аралап өтүүдө кээде кошуналар бири-бирине жаман сөздөрдү айтып, таш атып ийген учурлар, мал-жанына кол салуулар да болуп кетет. Мына ушундай чатактар ырбап отуруп, чоң чатакка алып келген учурлар да жок эмес.

Мындай чыр-чатактардын алдын алуу үчүн Кыргызстан айланма жолдун курулушун баштап, бирок ал жыл башында чек арачылардын кагылышуусуна алып келген. Ошентип тажик тарапатын каршылыгынан улам жол куруу токтоп калган болчу. Эми Кыргызстан Тажикстандын Ворух эксклавына да кыргыз айылына кирбей өтчү түз жол куруп берүү менен маселени чечкени жатат. Бирок ал жолдун кыргыз аймагынан өткөн бөлүгү Кыргызстандын эсебинде жана көзөмөлүндө болот. Мындан келди кошуналар бул жолду жөн гана пайдаланып, болгону азыркыдай Ак-Сайды аралабай, айланып гана өтүп калат. Башкача айтканда эч кандай тилке берилбейт жана Ворух анклав бойдон кала берет.

XS
SM
MD
LG