Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Таласта бүтпөгөн театр талаш жаратты


Таластагы театр
Таластагы театр

Таласта 2008-жылы башталган музыкалык-драма театрдын курулушун Жерүйдүн акчасы менен бүтүрүү демилгеси шаардык кеңештин депутаттарын экиге бөлдү.

Каражатты кендин эсебинен бөлүүнү шаардык кеңештин айрым депутаттары сунуштап чыккан. Бул демилге облус жетекчисинен чыкканын Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев 18-апрелдеги фракция жыйынында билдирип, өкмөт башчыдан ага чара көрүүнү өтүндү.

Башталып бүтпөгөн курулуш

Талас шаарындагы Айтматов көчөсүндө жайгашкан Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык-драма театрынын курулушу мындан тогуз жыл мурда башталган. Каражат тартыш деген негизде объект бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет. Жерүйдөн түшкөн акча менен курулушту жандантуу демилгесин көтөрүп чыккандардын бири шаардык кеңештин депутаты Айбек Сүйүнтбеков:

Талас театрына СССРдин Эл артисти Капар Медетбековдун ысымы ыйгарылган. Театрдын Талас шаарындагы администрациясында илинген көрнөк.
Талас театрына СССРдин Эл артисти Капар Медетбековдун ысымы ыйгарылган. Театрдын Талас шаарындагы администрациясында илинген көрнөк.

- Сметасын санаса 43 миллион сом керек экен. Бирок быйылкы жылдын бюджетине бул каражат кирбептир. Анан айрым депутаттар театрды өнүгүү фондунун каражатына бүтүрүү боюнча маселе көтөргөнбүз.

КСДП фракциясына мүчө депутаттын жогорудагыдай сунушун шаардык кеңештин айрым депутаттары колдогон жок. Анын себебин "Республика -Ата Журт" фракциясынын өкүлү Аскар Шабданов төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Драмтеатр республикалык бюджеттен каржыланат. 43 миллион сом фонддун уставында жазылгандай, Талас шаарынын инфраструктурасына жумшалса болмок деген ойдобуз. Сөздүн кыскасы, бул ишти мен мыйзамсыз деп ойлойм. Менин пикиримде, бул жерде коррупциялык схемалар бар.

Театрдан мурда жол керекпи?

Кыргызстандагы алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турган Жерүйдү иштетүү тууралуу лицензия аукциондун негизинде 2015-жылы 100 миллион долларга сатылган. Анын эсебинен 170 миллион сом кенге жакын Бекмолдо айылына, 170 миллион Талас районуна, дагы 170 миллион сом Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, жана Талас шаары үчүн берилген болчу. Мына ошол үч район, бир шаарга бөлүнгөн каражаттын жумшалышын облустук өнүктүрүү фонду тескемей болгон.

Фонддун эксперти Турдубек Ибраимов буларга токтолду.

- Фонд 2016-жылдын ноябрь айынан баштап иштеп баштады. Анын администратору губернатор. Бүгүнкү күндө биз айыл өкмөттөр жазып келген долбоордун негизинде 56 миллион сомду үч районго бөлүштүрдүк. Талас шаары азыр долбоор менен кайрыла элек. Келген долбоорлорду тогуз мүчөдөн турган башкармалыктын кароосуна коёбуз. Анан байкоочу кеңешке сунуштайт. Алар карап чыгып, жактырылса, порталга берүү боюнча жарыя беребиз. Калган процедураны айыл өкмөттөрү чечет.

Анткен менен 18-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өкмөттүн облустагы өкүлү Даир Кенекеев драмтеатрга каражат бөлдүрүү үчүн Талас шаардык кеңешинин депутаттарын мажбурлап жатканын айтып чыкты:

- Өкмөттүн Таластагы өкүлү КСДПнын депутаттары менен кошо Талас шаарында 10 жылдан бери бүтпөй келаткан драмтеатрга 43 миллион сом бөлүү керек деп башка депутаттарды мажбурлап жатыптыр. Ал имарат капиталдык салымдар беренесинде ушунча жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып келет. Бишкектен келген акча менен бүтөт. Кенекеев "театрга каражат бөлүүгө макул болосуңар, болбосо шаарга эч нерсе бербей коёбуз" деп жатыптыр. Негизи Жерүйдөн түшкөн акча Талас шаарынын жергиликтүү маанидеги маселесин чечиши керек. Мен бул боюнча премьерге да "Жерүйдүн акчасы менен республиканын жыртыгын бүтүрүп салайын деп жатасыңарбы?" деп суроо бердим. Эмне үчүн 170 миллион сомду үч район элдин санына карап туруп өнүктүрүү фонду менен өзүнчө иштешпейт? Эмне үчүн төрт администрациялык аймак губернатордун колуна тийип калган? Өкмөттүн токтому менен бекитилген жобонун негизинде долбоорго акчаны которууда колду ыйгарым укуктуу өкүл коёт экен.

Даир Кенекеев
Даир Кенекеев

Эл өкүлүнүн бул пикирин өкмөттүн облустагы өкүлү Даир Кенекеев четке кагууда:

- Муну сунуш катары шаардык кеңештин айрым депутаттары эле айтып чыккан. Тарых жана маданият жылында драмтеатрды бүтүрүп алалы деген. Талас облусунун өнүктүрүү фондуна түшкөн каражатты бөлүштүрүү мыйзам чегинде өкмөттүн токтому менен бекитилген. Анда байкоочу кеңеш бар. Алар чечмейинче түшкөн долбоорлор үчүн бир да тыйын чыкпайт. Ошондуктан губернатор кийлигишип атат дегенге таң калып турам.

Өкмөттүн өкүлү билдиргендей, 2008-жылы курулуп баштаган драмтеатрдын долбоору 208 миллион сомго эсептелген. Кенекеев кошумчалагандай, 43 миллион сом бөлүнсө эле курулуш бүтмөк.

Таластагы музыкалык-драма театрдын курулушу 2008-жылы өкмөттүн демилгеси менен башталган. Ага СССРдин Эл артисти Капар Медетбековдун ысымы ыйгарылган болчу. Учурда театрдын администрациясы Талас шаарында жайгашкан. Ал эми актерлор шаарга жакын Көк-Ой айылында ижарага алынган имаратта репетиция кылышат. Облуста 80дей театр кызматкери эмгектенет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG