Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Мектепке бөлүнгөн акчаны жол "жеди"


Боз үйдө окуган балдар. Кара-Суу районундагы Кожокелен айылы. 2016-жыл
Боз үйдө окуган балдар. Кара-Суу районундагы Кожокелен айылы. 2016-жыл

Өкмөт мектептерди курууга бөлгөн каражаттын көп бөлүгүн Балыкчы-Корумду жолуна сарптап жибергени белгилүү болду.

Каржы министрлиги жол курууга акча табылбай, мектептерге деген каражат Көчмөндөр оюндарына тушташ жолду бүтүрүүгө жумшалып кеткенин моюнга алды. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев мектептердин курулушуна жумшала турганы акчанын жол курууга сарпталышын сынга алды.

Каржы табылбай калгандагы айла-амал

Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна мектептерди курууга каралган акчадан чыгымдалып кеткенин ырастады.

Балыкчы-Корумду жолу
Балыкчы-Корумду жолу

Былтыр өкмөт Жерүй алтын кенин сатуудан түшкөн 100 миллион долларга өлкө боюнча жүз жаңы мектеп куруп, дагы жүз мектепти оңдоону убада кылган. Балыкчы-Корумду жолуна 2 миллиард 750 сом керектелген.

Бирок өкмөт бул акчаны таба албай, мектептердин курулушуна бөлүнгөн 1 миллиард 200 миллион сомду жол курууга сарптаган. Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев кеткен каражат кайра ордуна коюлат деп ишендирди:

- Каражат башында бюджетте каралган эмес болчу. Анткени жол куруунун каржы булактары так аныкталган эмес. Бирок курулушка тез арада акча керек болуп калгандыктан биз мектептерди курууга бөлүнгөн каражаттан алып турдук. Жерүйдү сатуудан түшкөн ал акча кайра ордуна коюлат. Ал башка жактарга жумшалбайт. Биз акчаны мектептердин курулушуна эле беребиз.

Өкмөттүн жоопкерсиздиги

Анткен менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев мектептердин курулушуна деп бөлүнгөн акчанын башка максатка сарпталышын өкмөттүн жоопкерсиздиги катары баалады. Анын айтымында, жаңы мектептер курулбай, канчалаган окуучулар оор абалда билим алып жаткан жагдайды эске салды. Бакыт Төрөбаев өкмөт жол курууга башка булактардын каражат тапса болмок деген оюн ортого салды:

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

- Мектептерди курууга каралган акчаны алып, аны кайра жол курууга жумшап жиберген туура эмес. Мындай болбошу керек эле. Азыр бизге канча деген мектептер жетишпей, балдар кыйналып билим алууда. Канчалаган бай, ири мамлекеттик компаниялар бар. Мына ошол эле “Мегаком”, “Темир жолдору”, “Манас аба майданы” сыяктуу ишканалардан каражат алып, жолдун курулушун бүтүрсө болот эле го. Менин эсебим боюнча, аталган мамлекеттик ишканаларда 29 миллиард сомдон ашуун каражат жүгүртүлөт. Өкмөт ошол жактан акча алып, мектептердин акчасына тийишпей эле койсо болбойт беле. Эми аны кайсы каржы булагынын эсебинен жабасыңар?

Буга чейин Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө байланыштуу Балыкчы-Корумду жолун тез арада бүтүрүү тапшырмасы коюлган. Бирок кийин президент Атамбаев акча табыла электе эле өкмөттүн аталган жол курулушун баштап жибергенин сынга алган жайы бар. Өкмөт “Мегаком” мобилдик операторун сатуудан түшкөн акчага жол курулушун жүргүзүүнү пландаштырып, бирок ал сатылбай калганын жүйө келтирген. Буга чейин өкмөт Жерүй алтын кенин сатуудан түшкөн акчага өлкө боюнча муктаж болгон аймактарда жаңы мектептердин курулушу башталганын кабарлаган болчу. Бирок азыр ал мектептердин канчасы башталып, канчасынын курулушу токтоп турганы белгисиз.

Мындай болбошу керек эле. Азыр бизге канча деген мектептер жетишпей, балдар кыйналып билим алууда.
Бакыт Төрөбаев

Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мектептердин курулушуна каралган акчанын жолго жумшалып кеткени туурасында кабары жоктугун билдирди:

- Мектептердин курулушун мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги жүргүзөт. Биз болгону алардан мына ошол мектептердин канчасынын курулушу башталды деп гана сурап турабыз. Буга чейин биз аймактардан жаңы мектеп куруу же оңдоого муктаждыгы бар мектептер боюнча тиешелүү маалыматтарды чогултуп берген элек. Анан эми билим берүү тармагындагы мектептерди курууга каралган каражат жол курууга бөлүнүп жатат дегенди биринчи жолу сизден угуп жатабыз.

Буга чейин Каржы министрлиги Балыкчы-Корумду жолун курууга республикалык бюджеттин “капиталдык салымдар” беренесинин кошумча булактарынан бир миллиард сом таап чыкканын жарыялаган. Бирок өкмөт ал акча былтыр Жерүй алтын кенин сатуудан түшүп, мектептердин курулушуна бөлүнгөн каражат экенин эмнегедир эскерткен эмес.

XS
SM
MD
LG