Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Азыркы мугалим ким? Мугалимдин барктуу болушу үчүн билим керекпи же кийимби? Мугалимдин бедели менен жоопкерчилигин көтөрүү үчүн кандай реформа зарыл?

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын "мугалимдер жакшы кийинип, сырткы келбетин мыкты алып жүрүшү керек” деген парламенттеги билдирүүсү коомдо карама-каршы пикир жаратып, билим булагы болгон мугалимдердин кесиптик жана социалдык көйгөйлөрү көп экендигин ачыкка чыгарды.

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова, Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү саясат башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мусаева жана Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Барчын Мамытбекова катышты.

“Азаттык”: Жылдыз айым, сиздин ушул жумада мугалимдердин ички жана тышкы келбети тууралуу билдирүүңүз коомдо катуу талаш жаратты. Демек бул Кыргызстанда билим жана тарбия булагы болгон мугалимдин беделин жакшыртуу мамлекеттик чоң маселеге айлангандыгын тастыктады десек болобу? Анан парламентте мындай пикирди айтууга эмне негиз берди?

Окуучулар “сиздер кой, уй кайтарганы келдиңерби?” деп суроо бере башташты. Ансыз деле коомдо мугалимдердин орду басаңдап баратканда бизге абдан оор тийди.

Жылдыз Мусабекова: Бул маселе парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү министрлигинин 36 млн евролук жардамды, анын ичинде 6 млн евролук техникалык жардам алуу боюнча макулдашуусун талкуулоо учурунда мен эле эмес, бардык депутаттар тарабынан айтылып, билим берүүнүн сапатына көңүл бурулган эле. Анткени, акыркы он жылда Билим берүү министрлиги өтө көп насыяларды, гранттарды алыптыр. Бирок ошолордун эсебинен шаардык мугалимдерди мындай коёлу, айылдык мугалимдердин квалификациясы көтөрүлгөн эмес.

Ошондуктан мугалимдин укугун коргоп, милдетин күчөтүшүңөр керек, мектепти 15-20 жылдап туугандары менен менчиктеп алган директорлор, райондук билим берүү бөлүм башчыларын тескеш керек, алар өзүнүн айланасына начар мугалимдерди чогултуп, билими жок мугалимдер сабак берип жатышат деген ойлор айтылган. Ушундан улам мен мугалим коомдун күзгүсү болуш керек, мугалим ар тараптан маданияттуу болуш керек деген сөздү кыргыздын нукура сөзү менен айтып, коомдогу жаранын гана бетин ачтым.

“Азаттык”: Барчын айым, депутаттын билдирүүсүнөн кийин сиз дароо Фейсбуктагы баракчаңызга айылдагы мугалимдердин айлыгы менен жашоосун шаардагы жашоого салыштырууга болбойт деп билдирдиңиз. Айылдагы мугалимдерди мындай билдирүү таарынттыбы?

Мен мугалим коомдун күзгүсү болуш керек, мугалим ар тараптан маданияттуу болуш керек деген сөздү кыргыздын нукура сөзү менен айтып, коомдогу жаранын гана бетин ачтым.

Барчын Мамытбекова: Билдирүүнү окугандан кийин менде да, аны уккан мугалимдердин бардыгында кызаңдоо болду. Албетте, Жылдыздын ою туура, анткени коомдо көпчүлүк мугалимге карап түздөлүшөт. Бирок, аны айтардан мурун эмне үчүн билим берүү системасы ушундай абалга түштү, мугалимдердин коомдогу макамы эмне үчүн төмөндөдү, алардын социалдык абалы кандай деген маселени иликтөө зарыл эле.

Эгерде элдин маселесин чечет деген депутаттарыбыз жалпак тилге салдык деп эле кемсинткен сөздөрдү айта беришсе окуучулардын мугалимдерге карата мамилеси кандай болот? Мисалы, окуучулар “сиздер кой, уй кайтарганы келдиңерби?” деп суроо бере башташты. Ансыз деле коомдо мугалимдердин орду басаңдап баратканда бизге абдан оор тийди.

Анан кой да, уй да кайтарган адамдар деле Жылдыз экөөбүз сыяктуу адамдар, алардын укугун басмырлоо депутаттын деңгээлинде айтыла турган маселе эмес. Ал эми мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү үчүн эң ириде ата-энелердин жоопкерчилигин көтөргөн мыйзам зарыл. Анткени, ата-энелердин балдарынын тарбиясы үчүн жоопкерчиликти такыр унутуп коюшту. Мен ушуну мыйзам чегинде чечүүнү депутатка сунуш кылам.

“Азаттык”: Назгүл айым, чындыгын айтканда мугалимдер тууралуу мындай пикир эртеби, кечпи айтылмак. Себеби азыркы мугалимдер келечек муун алдында терең билимдин, мыкты жүрүш-туруш маданиятынын, сөзү менен иши айкалышкан бийик жарандык жоопкерчиликтин үлгүсү болбой калышты. Балдардын билими менен жөндөмүн өстүрүүгө умтулган мугалимдер азайып, чөнтөктүү, таасирдүү ата-эненин көзүн караган, билимин өркүндөтпөгөн агай-эжелер көбөйдү деп социалдык тармактарда жазып жатышат. Демек, министрлик мугалимдердин ички жана тышкы беделин көзөмөлдөө, жакшыртуу саясатын жүргүзбөй калдыбы?

Назгүл Мусаева: Чындыгында коомдогу эң көйгөлүү маселелердин бири мугалимдердин кадыр-баркынын төмөндөп кетиши болууда. Буга ата-энелердин мугалимдин укугун басмырлап сыйлабагандыгы негиз берүүдө. Эгер баласы ата-энесине келип мугалим жекирди десе, ата-энеси “мен ошол мугалимге барып көрсөтөм, сотко берем” деп айтышат. Аны көргөн бала мугалимге барып так ошондой мамиле жасайт.

Мындай көрүнүштөргө “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдын көп учурда иштебей, социалдык жактан коргоо, жер берүү деген жана башка милдеттердин аткарылбай жатышы түрткү берүүдө. Мугалимдин макамынын төмөн болгондугу үчүн мугалимдикке мектепте начар окуган, эптеп айлык алайын деген адамдар барып жатат.

Ал эми министрлик мугалимдердин квалификациялык сапатын таразалоочу категорияны кайра ишке киргизди. Андан тышкары 2015-жылда кабыл алынган мыйзам боюнча директор беш жылга гана шайланат. Ал эми бирдиктүү кийимдин формасын сунуш кылдык, бирок аны кийүүгө милдеттендире албайбыз. Анткени, ага айлыктары дагы шарт түзүп бербейт.

“Азаттык”: Демек, жыйынтыктап айтканда, мугалимдин билимин, беделин жана жоопкерчилигин көтөрүү үчүн алардын коомдогу макамына мамлекеттик баа берип, социалдык жактан колдоо жана коргоо зарылдыгы бышып жетилди. Ал үчүн бардык жерде билимдин үстөмдүгүн түзүү керек деген ойдо талкуубузду аяктайлы.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG