Линктер

Келерки жылдан тарта бийик тоолуу шартта иштеген адистер кошумча айлык акы ала баштайт. Өкмөттөн маалымдагандай, бул каражаттар бардык мугалим, дарыгелерге берилбестен, өз кесибинен тышкары кошумча жумушту айкалыштырып аткарып жаткандар гана алат.

Айрым депутаттар бул кошумчалар деле адистердин маянасына сезилерлик көмөк боло албайт десе, ошол эле учурда чек арага жакын айылдардын мугалимдери унутта калганын белгилешти.

Бийик тоолуу, алыскы жетүүгө кыйын аймактарда иштеген адамдарга колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан өзгөртүүлөр мугалим жана дарыгерлерге тиешелүү. Ага ылайык өз ишинен тышкары башка дагы милдетти аткарып жаткан адистер кошумча айлык акы алмакчы.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Жанар Акаевдин айтуусунда, тийиштүү коэффициенттер бийик тоо шартында иштегендер үчүн 2012-жылы жоюлуп калган.

- Биз аймактарда болгондо дарыгерлер, мугалимдер бизден аябай суранып, ушул маселени көтөрүүнү өтүндү. Натыйжада Эмгек кодексинин эки беренесине өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Ага ылайык мурда негизги иштеген жери боюнча эле айлык алса, азыр ашыкча жумушту аткарып жатканы үчүн дагы кошумча маяна ала башташат.

Каржы министрлиги жаңы өзгөртүүлөрдөн улам кошумча 29 млн. 700 миң сом издөөгө киришти. Келерки жылдан баштап каражаттар толук өлчөмдө төлөнүшү керек.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бул өзгөртүүлөрдөн 1882 кызматкер кошумча төлөмгө ээ болорун билдирди. Аталган министрликтин орун басары Зууракан Каденова мыйзамдагы өзгөртүүлөр 789 калктуу конушка тиешелүү экенин кошумчалайт.

- Бизде 1800 метр бийиктиктен жогору жайгашкан айылдардын саны 461ге жетет. Ошондой эле 272 алыскы конуш бар. Мындан башка 50дөн ашык бийик тоолуу жана алыскы конуш бар. Каражаттар 2017-жылдын республикалык бюджетине кирип жатат.

Мыйзам ишке ашабы?

Ал арада бийик тоолуу аймактарда иштеген кызматкерлер үчүн кошумча каражаты 2012-жылы жоюлганы менен, кээ бир аймактарга бул акча 2015-жылга чейин төлөнүп келгени маалым болду. Социалдык өнүгүү министрлиги кошумча айлыктар катачылыктардан улам берилгенин айтып, айрыкча аны Нарын облусунун кызматкерлери алып келишкенин айтат.

Тоолуу райондогу мугалим, дарыгерлерге жылына 29 млн. сом бөлүп жатабыз деген бул күлкү келтирерлик иш

Мындан улам мыйзамга кирип жаткан өзгөртүүлөрдөн улам аталган облустагы бийик тоолуу аймактардын кызматкерлери кошумча айлык албай калуу коркунучу бар экенин депутат Акылбек Жапаров айтып өттү.

- Азыр прокуратура атайын арыздардын негизинде мугалимдердин артынан түшүп жатат дегендерди уктум. Биз мурун төлөнүп кеткен акчаны кайра кайтарттырып бербешибиз керек. Ал үчүн бул мыйзамды биз кол коюлган күндөн баштап эмес, 2013-жылдан бери иштегидей кылып, прокуратуранын суроо-талабын дагы аткарып коюшубуз керек. Болбосо кайрадан нааразычылыктар чыгат.

Бирок депутаттар арасында ушул эле беренеге чек арага жакын жайгашкан айылдардын социалдык кызматкерлерин кошуу зарылдыгын демилгелегендер чыкты. Ал эми депутат Руслан Казакбаев жалпы кошулуп жаткан 29 миллион сомду эки миңге чукул кызматкерге бир жылга бөлүштүрө келгенде сезилерлик кошумча каражат эмес экенин белгилеп, өкмөт бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы кызматкерлерге айлыкты дагы көбөйтүү керектигин айтат.

- Эгерде 29 млн. сом дебей эле 1 млн. долларга чейин көтөрсөк бюджет кемип калбайт. Азыр жолдорду салууга, энергетика тармагына, маданий иш-чараларга канча деген гана акча бөлүнгөн жок. Андыктан тоолуу райондогу мугалим, дарыгерлерге жылына 29 млн. сом бөлүп жатабыз деген бул күлкү келтирерлик иш. Бул мыйзамдан кийин алардын айлыгы көп деле көтөрүлүп кетпейт.

Азыркы мыйзамга өзгөртүүлөр бардык бийик тоолуу жана алыскы аймактагы кызматкерлерге тиешелүү эмес. Долбоор өз жумушунан башка кошумча иштеп табуу үчүн башка жумуштарды айкалыштырып иштеп жаткандар үчүн гана даярдалууда. Каржы министрлиги мугалим жана дарыгерлердин айлыктарын жапырт көтөрүүгө казынанын тартыштыгы уруксат бербесин ачык айтат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG