Линктер

Кыргызстанда театрларды башкарууну реформалоо боюнча жаңы жобо иштелип жатат. Учурда өкмөттүн токтому менен театрларда көркөм жетекчинин ордуна артыкчылык берүү бекитилди. Маданият министрлиги мындай өзгөртүү театрлардын репертуарынын жакшырышына шарт түзөт деп үмүттөнүүдө.

Маданият министрлигинин Искусствону өнүктүрүү жана кесипкөй окуу жайлар боюнча башкармалыгынын башчысы Дамира Алышбаеванын айтымында, ушул кезге чейин өлкө театрлары СССРден калган башкаруу түзүмү менен иштейт.

- Театр көркөм дүйнөнүн мекени болгондон кийин ошол жерде боло турган спектаклдердин көркөмдүк деңгээлине, ролдорду кайсы артисттер ойнош керектигине, анын жыйынтыгы кандай болоруна көркөм жетекчи жооп бериш керек. Мисалы, Кыргызстанда театр десе, анын директорун элестетебиз. Негизи театрдын жетекчиси ошол жердеги башкарууга гана жооп бериш керек.

Алышбаева бул демилге театрларды реформалоонун алгачкы кадамдарынын бири экенин айтып, театрга көркөм жетекчи болууну каалагандар өзүнүн эки жылдык программасын сунуштап, конкурстун негизинде тандалып алынарын белгиледи.

Улуттук театрдын мурдагы башкы режиссеру Шамил Дыйканбаев театр тармагында жасалып жаткан мындай өзгөрүү чыгармачылык абалды оңдоп, театрлардын ишин жакшыртат дегенден алыс:

- Көркөм жетекчиликке тааныш аркылуу мурункулар эле келип, эч нерсе өзгөрбөй калабы деген коркунуч бар. Анткени мен башкы режиссер болуп жүргөндө ал жерде бул кызматтагы кишинин эч кандай деле укугу жок болчу. Режиссер көркөм кеңештин жетекчиси болгону менен, өзүнүн чыгармачылык максаттарын ишке ашыра алчу эмес. Эгер бул жолу деле аты өзгөрүп, бирок заты өзгөрбөсө, анда эмне кереги бар?

"Абийир кечирбейт" пьесасынан бир көрүнүш

"Абийир кечирбейт" пьесасынан бир көрүнүш

Театр ишмерлер бирлигинин жетекчиси Жаныш Кулмамбетов мындай тажрыйба Европа өлкөлөрүндө жана Орусияда эчактан бери колдонулуп келерин белгилеп, мындай шарт театрларда чыныгы чыгармачылык маанай жаратат деген пикирде:

- Бул сунушту биздин Театр ишмерлер союзу мындан бир жарым жыл мурун киргизген. “Дүйнөлүк практика ушундай. Биз театрды бирден режиссерго байлап койдук. Андыктан учурда театрлардын көбүндө чыгармачылык абал жакшы эмес. Муну дүйнөлүк практикада кандай болсо, ошондой абалга жеткирели. Көркөм жетекчи андагы чыгармачылыкты өзүнө алсын. Ал эми театрдын администрациясы чыгармачылык үчүн кызмат кылсын”,-дегенбиз. Бизде, тескерисинче, чыгармачылык администрацияга кызмат кылат.

Кулманбетов эскиче башкаруунун айынан театр жетекчилерине ыңгайлуу артисттерге гана роль тийип, башкалары узак жылдар бою бош жүрүп, карып кеткенин кеп кылды. “Мисалы, учурунда таланттуу актриса Бакен Кыдыкеева чоңдорго жакпай калганы үчүн өзү иштеген театрда 15 жыл бир да роль ойной алган эмес”,-дейт Кулмамбетов.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык театрынын директору Темирлан Сманбеков театр көйгөйү андагы кайсы бир кызматты алып же кошуп койгондон чечилбей турганын, маселенин тамыры каражатка барып такаларын айтты:

- Албетте бул жакшы ниет менен башталган иш. Негизи театрдын жүзү - анын репертуары. Ошондуктан биздин министрлик театрга көркөм жетекчи кылсак балким чыгармачылыкка дагы көбүрөк көңүл бурулар бекен деген ой менен ушул кадамга барып жатат. Бирок көркөм жетекчини алмаштырдык, ал жалпы театрдын көркөмдүк жагын ойлосун дейли. Эгер өкмөттөн жаңы спектаклдерди коюуга каражат бөлүнсө жакшы. Эгер андай болбой калса, анда көркөм жетекчинин да, директордун да колунан эч нерсе келбей калат.

Буга чейин Маданият министрлиги Тарых жана маданият жылына карата эгемендиктин тарыхында биринчи жолу мамлекет тарабынан театрлар үчүн жаңы спектаклдерди коюуга 15 миллион сомдук атайын каражат бөлүнгөнүн кабарлаган.

Кыргызстанда мамлекеттин карамагында иштеген 18 театр бар.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG